Сапар Исаков өкмөттүн аткаминерлерин кантип жазалады?

Беш министр жана өкмөттүн бир нече кызматкерлери 12-мартта сапатсыз иш үчүн премьер-министр Сапар Исаковдон санкцияларды алышты:

Отставкага кетти:

• Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиев;

Момуналиев өзү кызматтан кетип жатканын эл аралык документтерди даярдоодо кетирилген катачылыктар менен түшүндүрдү.

Бошотулгандар:

• Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов;

• Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Максатбек Есеналиев;

• Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкулов.

Алар Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдеги «чала даярдоолордун» айынан бошотулган.

Катуу сөгүш уккандар:

• Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев;

• Экономика министри Артем Новиков;

• Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева;

• Айыл чарба министри Нурбек Мурашев;

• Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов;

• Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов;

• Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев.

Министрлер менен аткаминерлер «2017-жылга карата мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун бюджети боюнча жетишээрлик эмес иш алып барышканы» үчүн санкцияларды алышты.

Сөгүш уккандар:

• Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын статс-катчысы Абдухалык Шамшиев;

• Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев.

Эскертүү алгандар:

• Юстиция министри Уран Ахметов;

• Маданият министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов;

• Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Азамат Эркебаев;

• Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун статс-катчысы Илияз Ташбаев.

Өкмөт башчысы юстиция министри менен аткаминерлерге «антикоррупциялык стратегия саясатын аткаруу боюнча сапатсыз маалымат көрсөтүлгөнү жана аткаруучулук тартиби төмөн болгону» үчүн эскертүү жана сөгүштөрдү жарыялады.