«Электр станциялар» ишканасы: Бишкек ЖЭБин 386 млн долларга жаңыртуу — «адекваттуу»

ЖЭБдин Электр станциялар ишканасы. Сүрөт: «Акчабар»

«Электр станциялар» ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) 386 млн долларга жаңыртуунун суммасын түшүндүрдү. Ишканадагылар Бишкек жылуулук борборун жаңыртуунун өлчөмү 386 млн долларды түзгөнүн «адекваттуу» деп аташты.

«Электр станциялар» ишканасы 15-март күнү кечинде станцияны жаңыртууга сартпталган 386-млн доллардын эсебин түшүндүрдү.

«Бишкек ЖЭБнин 1 кВт жаңы блокторуна 1287 долларга турган. Дүйнөлүк практикада ЖЭБ курууда 1 кВттын баасы 1200 доллардан 2000 долларга чейин жетет. Ал эми "РусГидро" 1 кВтты 1600 доллардан 2300 долларга чейин баалайт», — деп айтылат маалыматта.

Ишканада Бишкек ЖЭБин жаңыртуунун баасы 386 млн долларды түзгөнүн «адекваттуу» деп аташты.

Ишкананын маалыматында жаңыртуу аягына чыкканын жана ал «штаттан тышкары кырдаалдар жана үзгүлтүктөр болбостон ийгиликтүү» жүргүзүлгөнүн белгилешүүдө.

«ЖЭБдин отказандарында жогорку темепературада эксплуатациялоо үчүн видеокамералардын баасы 386 млн доллар турат. Өнөр жайда пайдалануу үчүн аттиштердин топтому 386 млн доллар турат. Долбоор бүтүндөй 386 млн доллар турат», — деп айтылат «Электр станциялар» ишканасынын маалыматында.  

Ишканадан 2018-жылдын 26-январында болгон авария болуп, шаардыктар ысык суусуз жана жылуусуз калышканы үчүн «өздөрүнөн жоопкерчиликти алышпасын» кошумчалашты.

15-март күнү эртең менен Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу станцияны жаңыртуу 250-260 млн турган деп билдирген. Ошондой эле, ал өзүндө станцияга керектүү шаймандар жогорулатылган баада сатылып алынганы тууралуу далилдер бар экенин кошумчалаган.

«90 пайызы жогорулатылган. […] Коңшу өлкөлөрдө курулуп жаткан станцияларга салыштырмалуу арзан болушу керек болчу деп ойлойм», — деген Өмүркул уулу.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда жарым-жартылай калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

Өкмөт күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрүүнү убада кылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директор Алмаз Жусупбековду кармаган.


ТЕМА БОЮНЧА: