Сапар Исаков 2017-жылдын сентябрында Токмок шаарында мектеп окуучулары менен сүрөткө түшүүдө. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын августунда, өз кызматтарын ээлеп отурган аткаминерлерди эске албаганда, жаңы жети министр менен биргеликте өкмөттү жетектей баштаган. Сегиз ай өткөндөн кийин Исаковдун командасы дээрлик толугу менен өзгөрдү. Өзү менен кошо министрлер кабинетине келгендердин ичинен болгону эки гана адам калды.

«Жаш жана күч-кубаттуулар». Бардыгы кандай башталган?

40 жаштагы Сапар Исаков өткөн жылдын августунда ар бир депутат Кыргызстанды өнүктүрүү пландары жөнүндө суроо берүүгө аракет кылышкан парламенттин узакка созулган жыйынынан кийин премьер-министр болуп калган.

КСДП фракциясы ошондо өз талапкерин мактоого алган. Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, жогору жакта Исаков менен анын командасын «жакшы иштеше турган» «жаш жана күч-кубаттуу» адамдар деп аташкан. Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов Исаковдун программасын «аткарууга мүмкүн, бирок кыйын» — эгерде ал 70-80 пайызга аткарылса анда бул да жакшы деп айткан.

Исаков депутаттардын алдында сүйлөп жатып, анын программасы «өлкөнүн бардык көйгөйлөрүн чечет» деп убада кылып, өз командасынын мүчөлөрүн, негизинен экономика министрлигине талапкер болуп жаткан 30 жаштагы Артем Новиковду коргоого алган. Депутаттардын өкмөт мүчөлөрүнүн жаш курактарына жана өлкөнү башкаруу тажрыйбасына байланыштуу күмөн санашкан.

Натыйжада депутаттар 12 сааттан кийин парламентте жаңы өкмөттүн курамын жана премьер-министрди жактырышкан. Исаковдун министрлер кабинети үчүн 97 эл өкүлү добуш берген, ал эми 6 адам каршы болгон.

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн 2017-жылдын августундагы алгачкы жумушчу жыйыны. Анын жанында (солдон оңго) вице-премьерлер Дүйшөнбек Зилалиев, Толкунбек Абдыгулов, Чолпон Султанбекова жана Темир Жумакадырова. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Ошентип Исаковдун өкмөтүндө мурдагы өкмөттө эски кадрлардын арасында иштеген жаш министрлерден турган блок түзүлгөн. Алар: премьер-министрди кошуп 8 жаңы аткаминер жана мурдагылардан 14 адам.

Исаковдун өкмөтүнүн жаңы министрлери:

• Премьер-министр — Сапар Исаков;

• Биринчи вице-премьер-министр — Толкунбек Абдыгулов;

• Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр — Дүйшөнбек   Зилалиев;

• Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр — Темир Жумакадыров;

• Экономика министри — Артем Новиков;

• Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы — Улан Рыскулов;

• Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы — Нурбек Абасканов;

• Өкмөттүк аппараттын жетекчиси — Нурханбек Момуналиев;

Мурдагы өкмөттүн «эски» кадрлары:

• Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр — Чолпон Султанбекова;

• Финансы министри — Адылбек Касымалиев;

• Айыл чарба министри — Нурбек Мурашев;

• Жол транспорт министри — Жамшитбек Калилов;

• Билим берүү жана илим министри — Гүлмира Кудайбердиева;

• Юстиция министри — Уран Ахметов;

• Тышкы иштер министри — Эрлан Абдылдаев;

• Ички иштер министри — Улан Исраилов;

• Өзгөчө кырдаалдар министри — Кубатбек Боронов;

• Маданият, маалымат жана туризм министри — Түгөлбай Казаков;

• Саламаттык сактоо министри — Талантбек Батыралиев;

• Эмгек жана социалдык өнүгүү министри — Таалайкүл Исакунова;

• Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Мирбек Касымкулов;

• Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Абдил Сегизбаев.

Исаков «Азыркы учур» басылмасына курган маегинде мындай курамды «абдан тажрыйбалуу байке-эжелерден жана жаш адамдардан» турган «туура симбиоз» деп атаган.

«Жаштардын кубаты улуу жолдоштордун тажрыйбасы менен бирге айкалышып, бизге кандайдыр бир өнүгүү түрткүсүн берет», — деп айткан ал.

Сапар Исаков 2017-жылдын сентябрында кыргыз спортчулары менен селфи кылууда. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Жаңыртылган команда эми кандай абалда?

Бирок акыркы 8 ай ичинде ар кандай себептерден улам өкмөттөн Исаковдун командасындагы беш адам өз кызматтарынан кетишкен.

7-октябрь: Өкмөт түзүлгөндөн кийин бир айдан ашуун убакыт өткөн соң вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза таап, кийинчерээк анын ордуна өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев келген.

17-ноябрь: Чехиянын Liglass Trading компаниясына байланыштуу чуунун, президенттик шайлоо боюнча бир жаксыз билдирүүлөрдөн жана башка айыптоолордун шартында өкмөттөн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кеткен. Анын ордуна Финансы рыногун көзөмөлдө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Санжар Муканбетов келген.

21-декабрь: Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов өзүнүнүн Улуттук банктагы мурдагы төрагалык ордуна барган. Ал эми вице-премьерлик кызматка анын ордуна Аскарбек Шадиев келген.

3-март: Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Нурбек Абасканов ээлеген кызматынан кеткен. Анткени кызматтык иликтөө МТБМКга караштуу Мамлекеттик байланыш агенттик (МБА) Абаскановдун фирмасына лицензия бергенин аныктаган. Бул кызматка анын орун басары Медер Курманбеков келген.

12 марта: Президенттик аппараттын жетекчис Нурханбек Момуналиев «эл аралык документтерди даярдоодо кетирилген катачылыктар» үчүн отставкага кеткен.

Натыйжада Сапар Исаковдун баштапкы командасындагылардын ичинен эки жолу сөгүш алган Артем Новиков жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов калган.

Мурдагы өкмөттөгү «тажрыйбалуу байке-эжелердин» арасынан Маданият министри Түгөлбай Казаковду эске албаганда дээрлик бардыгы өз кызматтарын сактап калышкан. Түгөлбай Казаков жерге берилген мумия чырынын айынан кызматтан кеткен, ал эми анын ордуна министрлик орунга КТРКнын мурдагы директору Султан Жумагулов келген.

Өкмөттүн 13-марттагы кеңешмеси. Исаковдун  жанында Толкунбек Абдыгулов менен Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келишкен вице-премьерлер Аскарбек Шадиев жана Санжар Муканбетов. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Коммуникациялар боюнча эксперт Азим Азимов «Контекст» көрсөтүүсүнүн январдагы чыгарылышында Исаковдун командасын «өкмөттөгү чоочун дене» деп атаган. Азимов Исаковдун тарапкерлеринде «мыкты билим жана алдыңкы дүйнө тааным» бар экенин, бирок алардын аткаруу бийлигинде тажрыйбасы жок экенин айткан.

Исаковдун он кеңешчиси

Исаковдун командасына ал ким менен келгинин гана эмес, өз премьерлиги маалында дайындалган кеңешчилерин да кошсо болот — бул жалпы айтканда 10 киши: төртөө расмий дайындалып, маяна алышат, ал эми алтоосу коомдук башталыштарда иштешет.

Кеңешчилердин толук тизмеси мындай:

Штаттык кеңешчилер:

• Талант Султанов

• Мурад Омоев

• Гүлнура Төралиева

• Калыкбек Султанов

Коомдук башталыштагы кеңешчилер:

• Бермет Турсункулова

• Эсенкул Момункулов

• Назик Бейшеналы

• Юлия Калиниченко

• Алексей Коротеев

• Татту Мамбеталиева

10 кеңешчинин дээрлик бардыгы абройлуу окуу жайларды бүтүрүшкөн коомдук ишмерлер. Көпчүлүгү жаш курагы менен өзгөчөлөнөт, мисалы, танспорт министри Калыкбек Султанов менен кардиохирург Алексей Коротеевди кошпогондо алардын орто жашы — 40та.

Жалпы жонунан коомдук кеңешчилерди дайындоо оң жагынан эле кабыл алынган. Премьер-министр алардын акысын төлөбөстөн чечимдерди натыйжалуу кабыл алыш үчүн аталган кеңешчилер аналиктиктердин ролун аткарып беришет.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына боюнча, дайындалгандан бери кеңешчилердин бири дагы өз кызматынан баш тарткан эмес.