Кыргызстан алгачкы жолу футбол боюнча Азия чемпиондугуна өттү

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы өз тарыхында эң чоң ийгиликке жетишип, команда алгачкы жолу Азия чемпиондугуна өттү — бул континентте курамалар арасындагы эң маанилүү турнир.

Кыргызстан буга Азия чемпионатынын тандоо баскычындагы жылдырылган матчта Мянма курамасын жеңгенине ылайык жетишти.

Александр Крестининдин командасы атаандаштарын 5:1 эсебинде жеңип, өзүнө Бириккен Араб Эмитаттарында өтө турган Азия Кубогу-2019 чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгүн кепилдей алды.

Кыргызстандын курамасы өзүнүн чейрек кылымдык тарыхында мынчалык ийгиликтерге жетише элек болчу.

Башында Мянмага каршы матч 2017-жылдын сентябрында Бишкекте өтүшү керек болчу, бирок ал Мянманын батышындагы жаңжалдын шартында жана Кыргызстандын бийлигинин оюн учурунда терракт чыгышы мүмкүндүгүнө байланыштуу кооптонууларынан улам жылдырылган.

Натыйжада Кыргызстандын курамасы өз тарыхындагы эң маанилүү жеңишине Кореянын Инчхон шаарындагы бейтарап талаада жетишти.

Матчтын эң башында Кыргызстан абдан чоң психологиялык артыкчылыкка ээ болду — матчтын 5-мүнөтүндө эле команда Ислам Шамшиев менен Антон Землянухиндин голдорунан кийин эсепти 2:0 менен ачыпа алды.

Землянухин 63-мүнөттө кезектеги голун киргизип, өз атын кыргыз футболунун тарыхына жаза алды.

Андан соң 11 мүнөттөн кийин Виталий Люкс эсепти 4:0гө чейин жеткирип, Кыргызстандын жеңиши убакыттын гана иши болуп калды.

Жеңилденип калган футболисттер Мянмадан келген атаандаштарына 83-мүнөттө престиж голун киргизүүгө мүмкүндүк беришти, бирок матч аяктап калган кезде Бекжан Сагынбаев эсепти 5:1ге чейин жеткиргенге үлгүрдү.

Үч жыл тандоо

Кыргызстан өз тарыхындагы Азия чемпионатына карай жолу абдан узак болду: команда турнирге карай биринчи матчын 2015-жылдын июнунда эле өткөргөн, анда тандоо баскычынын экинчи айлампасында Бангладештин курамасын утулуу ызасына жыккан.

Ал баскыч 2018-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндары менен айкалышкан, ал эми ага Кыргызстан катыша алган эмес. Бирок тайпадагы 3-орунга ылайык, курама Азия чемпионатына финалдык тайпаларды тандоо баскычына түз эле өтүп кеткен.

Мянмадан тышкары, Кыргызстандын тайпалаш атаандаштары Индия менен Макао болгон.

Команда макаолук аутсайдерлер менен өткөн матчтарда упайларын жоготкон эмес, бирок Индияга каршы коноктук таймашта 0:1 эсебинде утулуп калып, Мянма курамасына каршы биринчи матчта жеңиштен кол жууп калган. Ал кезде 2017-жылдын октябрында Кыргызстан кошумча берилген убакытта өзүнө гол киргиздирип, матч 2:2 эсеби менен жыйынтыкталган.

Кореянын Инчхон шаарындагы матч негизинен тайпадагы 2-орундун жана ошол эле кезде Азия чемпионатына экинчи жолдомонун тагдырын чечкен таймаш болуп калды.

Күчтүүлөрдүн 24ү

Ал эми Азия чемпионатынын өзү 2019-жылы 5-январдан тарта 1-февралга дейре Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Европа чемпионаты сымал эле бул турнир да кеңейтилген — эми анда 16 кураманын ордуна 24 курама катышат.

Кыргызстан турнирге өтүп кеткен 21-курама болуп калды — үч орундун тагдыры тандоо айлампасынын жыйынтыктоочу турунда чечилет.

Кыргызстанга Бириккен Ара Эмираттарында Азия футболунун дөөлөрү менен салгылашка чыгууга туура келет. Турнирге өткөн курамалардын арасында Азиянын көп жолку чемпиондору — Жапониянын, Сауд Арабиясынын, Ирандын жана Түштүк Кореянын курамалары, мындан тышкары, учурдагы чемпиондор Австралиянын курамасы да бар.

Кыргызстандан тышкары, борбор Азиялык курамалардан турнирге Өзбекстандын жана Түркмөнстандын командалары да өтүүгө үлгүрүшкөн.

Кыргызстан 2019-жылдагы Азия чемпионатына азырынча жалгыз дебютант.