Депутат Кытайдын Компартиясынан КСДП 1 млн сом алганын билдирди

КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков Кытайдын Коммунисттик партиясы анын партиясына жардамга 1 млн сом бөлүп, бул акчанын коротулганы боюнча отчет берүүнү өтүнгөнүн билдирди. КСДПнын саясий кеңеши бул маалыматты четке кагып, акча социал-демократтарга гана эмес, Жогорку Кеңешке да бөлүнгөнүн билдирди.

Момбеков Кытайдын Компартиясы тарабынын жардамы жөнүндө «Азаттык» үналгысынын эфиринде билдирди. Ал 1 млн сом социал демократтарга бөлүнгөнүн жана акча кеңсени жабдуулоого ошондой эле, «Медиа Форумдун» имаратындагы штабды оңдоп-түзөөгө кеткенин айтты.

«Эми кандай жардамдар келип, ал кандай жумшалып жатканы тууралуу курултайда отчет берилсе керек. Бул партиянын жетекчилери жооп бере турган суроо», — деди ал.

Момбековдун айткан сөздөрүн КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов четке какты. Ал түшүндүргөндөй, чынында эле Кытайдын Компартиясы тарабынан техникалык жардам бөлүнгөнүн, бирок аны КСДП эмес Жогорку Кеңеш алган.

«Мен силер чалгандан кийин эмне үчүн баланста жоктугун тактадым. Көрсө, катчылык экен. Алар баары "алдык, алдык" дешкен. Биз да алганбыз деп эсептегенбиз. Жардам Жогорку Кеңештин алкагында алынган, ошого ал биздин баланста жок. Жардамды парламент, анын ичинде КСДП фракциясы алыптыр», — деп билдирди Ниязов.

Момбеков: Акча КСДП үчүн болчу

Бирок Момбеков акча социал-демократтарга гана бөлүнгөн деп көшөрүүдө — ал «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Кытайдын компартиясы КСДПга түзмө-түз жардам бергенин айтты.

«Бул жерде Жогорку Кеңештин кандай тиешеси бар? Бул жерде партия партияга бөлүп атат, партия партияга жардам берип жатат. Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстандын социал-демократтар партиясына техникалык жардам көрсөтүүдө», — деди Момбеков.

Момбеков жардам тагыраак качан алынганын жана ал кандай экени ага  белгисиздигин кошумчалады.

«Мен саясий кеңештин эмес, мен КСДПнын катардагы эле мүчөсүмүн. Мен бул жөнүндө фракциянын жыйынында уккам, мен уккан нерсемди айтып жатам. Ал эми акча кандай жол менен алынганын, грант, юань, сом же доллар мененби ага тийиштүү адамдар жооп беришсин, таагыраак айтканда КСДПнын жетекчилери», — деди депутат.

Анын фракциялаш кесиптештери Дастан Бекешев менен Аида Касымалиева бөлүнгөн каражат жөнүндө аларга эч нерсе белгисиз экенин айтышты. Материалды чыгараар алдында фракциянын лидери Иса Өмүркулов менен байланышка чыгууга мүмкүн болбоду.

Парламент: Кытай акчаны жабдыктарга бөлгөн

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу «Клоопко» парламент Кытайдын Компартиясынан эч кандай жардам албаганын, бирок 2017-жылдын күз айларында Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 1 млн сом түрүндө жардам бөлүнгөнүн айтты.

«Балким бул жерде кеп 2017-жылдын күз айларында Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги техникалык грант түрүндө бир миллион сомго жакын өлчөмдө жардам көрсөткөнү жөнүндө болуп жатса керек. Парламенттик аппараттын жумушу үчүн керектүү муздаткычтар жана башкалар. Алар өздөрү сатып беришкен», — деди Нуракун уулу.

Кытайдын элчилигинен «Клооптун» журналисттерине маалымат алуу үчүн сурам калтырууну өтүнүшүп, суроолор жетекчиликке берилип, эгерде ал кааласа жооп берет деп айтышты.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, саясий партияларга чет жактан өз ишмердигине каржылоо алууга тыюу салынат.