Мамэкотехинспекция Кемероводогу каргашанын шартында Бишкекте 20 соода түйүнүн текшермекчи

«БишкекПарк» Соода борбору/Иллюстративдик сүрөт

Мамэкотехинспекция Бишкектин борборундагы 20дан ашуун соода түйүнүн пландан тышкаркы текшерүү үчүн Экономика министрлигинин макулдугун күтүүдө. Текшерүүгө Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрттөн улам бери эле дегенде 64 адамдын каза тапканы себеп болгон.

Мамэкотехинспекцияга караштуу Өрт коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Таалай Өмүрзаков «Клоопко» билдиргендей, алар 20дан ашык соода борборун текшерүүнү пландап коюшкан, бирок азыр экономика министрлигинин уруксатын күтүп атышат.

«Биз аларга текшерүү күнүнүн уруксаты жөнүндө сурам жөнөтүп койгонбуз. Тизмеде бир гана Бишкектин 20дан ашуун соода борбору бар», — деди Өмүрзаков.

Анын айтымында, «Ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү жөнүндө» мыйзам үч жылдан ашык эмес мөөнөт мурда эксплуатацияга берилген соода борборлорун текшерүүгө уруксат бербейт.

Өмүрзаков кошумчалагандай, адистер текшерүү маалында автоматтык түрдө өрт чыгууларды аныктоо, белги берүү системаларына, мындан тышкары, өрт өчүргүч аппараттарынын бар жогуна жана алардын жарактуулугуна көңүл бурушат.

«Ошондой эле, суу түтүктүн абалын, суу бургучтарды, насостордун бар жогун жана эвакуациялык жолдорду, электр зымдарын, эвакуация пландарынын бар же жогун текшеребиз», — деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, эгерде текшерүү маалында эреже бузуулар аныкталса, анда администрацияга аларды жоюуга 30 күндүк убакыт берилет.

«Отуз күндөн кийин биз дагы бир жолу текшерүү жүргүзөбүз. Эгерде ал учурда биздин талаптар аткарылбагынын байкасак анда биз 1000 сомдон 50 миң сомго чейин штраф жазып беребиз», — деди Өмүрзаков.

Өрт коопсуздук башкармалыгынын башчысынын айтымында, эгерде экономика министрлиги Мамэкотехинспекциянын сурамына уруксат берсе, анда Бишкектин соода борборлору 1-апрелден тарта текшериле баштайт.

Экономика министрлигинин адиси Улан Сопукеев мекемеге Мамэкотехинспекциядан текшерүү жүргүзүүгө кандайдыр бир сурам келбегинин айтты. Ал мекемеге сурам түшүп калса аны министрлик мыйзам чегинде карай турганын кошумчалады.

Мамэкотехинспекция 2017-жылы Бишкекте 20 соода-оюн-зоок борборлорун текшерип, өрт коопсуздугуна жооптууларга 80 миң сом штраф салган.

Бишкектин соода борборлорунда өрт коопсуздугүн текшерүү маселеси 25-мартта Кемероводо чыккан өрттөн кийин пайда болду. Өрт «Зимняя вишня» соода борборунун жогорку кабаттарынан чыгып кеткен.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 64 адам набыт болгон. Башында 9 бала курман болгону айтылган, бирок набыт болгондордун туугандары өрттөн улам 41 өспүрүм каза тапкан деп ырасташууда.