Бир кадр менен: Кыргызстан-Индия футбол матчынын бийиктиктен көрүнүшү

Кыргызстан менен Индиянын футбол курамалары 27-мартта Бишкек шаарында жолугушту. Сүрөт: Сэм Бараталиев

Азия Кубогу-2019га тандоо баскычындагы Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Индия менен болгон жыйынтыктоочу оюну кыргызстандыктар үчүн 2:1 эсебинде жеңиш менен аяктады. Тандоо турунун жыйынтыгы боюнча, эки команда тең бирдей чемпионаттын финалдык баскычына чыгышты.

Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыгуу — бул Кыргызстандын курамасы үчүн тарыхый окуя. Буга чейин кыргызстандыктар бир да жолу Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө чейин жете албай келишкен.