Сүрөт: Өмүрбек Текебаев абактагы жарым жылда кандай өзгөрдү?

Cолдо — Өмүрбек Текебаев 2017-жылы жайында өзүнүн үстүнөн болуп жаткан сот учурунда. Оңдо — Текебаев 2017-жылдын декабрында абакта.

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов абактагы өзүнүн жактоого алган адамынын сүрөтүн жарыялады — анда саясатчы камакта отурган айларда канчалык өзгөрүп кеткенин көрүнүп турат.

Афиджанов Текебаевдин сүрөтүн президентке, өкмөткө жана парламентке тез арада саясатчыга медициналык жардам көрсөтүү талабы менен кайрылуу жарыялаган. Кайрылууда саясатчыда гипертония жана «жүрөк оорусу» диагнозу бар экени, ал эми Текебаев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №47 түзөтүү абагында «сапаттуу медициналык тейлөөгө шарттар түзүлбөгөнү» айтылат.

«Ушул жагдайлардын баары Текебаевдин ден соолугуна терс таасир берип, ал эбегейсиз моралдык-психологиялык жана физикалык чыңалууга тушукту», — деп айтылат кайрылуунун текстинде.

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан (МЖАК) кайрылууга Текебаевдин абалы «туруктуу» деп жооп беришти. «Ал врачтардын кароосунда жана дары-дармектерди ичип жатат», — деп билдиришти МЖАКтан.

Оппозициячыл лидер жана депутат Өмүрбек Текебаевди 2017-жылдын 26-февралында Бишкектин «Манас» аэропортунан кармашкан. Буга чейин ага «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Август айында Текебаев мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Текебаев менен кошо сот ошондой эле мөөнөткө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновду да абакка кескен. Кийинчерээк сот мунапыс боюнча соттолгондордун жаза өтөө мөөнөтүн 4,5 жылга чейин кыскарткан.

Текебаев менен Чотоновду орусиялык ишкер Леонид Маевскийден «Мегаком» байланыш операторун башкаруугу шарт түзүп берүү үчүн 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылышкан. Маевскийдин айтымында, буга байланыштуу келишим Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп турган кезде 2010-жылы болгон жана ал андан кийин парламенттин депутаты болуп калган.Тергөөнүн версиясына ылайык, Чотонов бул иште ортомчулук кылган.

Эки саясатчы тең өкүмдү «саясий жүйөөлүү» деп эсептешип, даттанышкан. Бирок Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырып, натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан.