«Ата Мекен» жана «Республика — Ата-Журт» Башкы прокуратуранын ишин «канааттандыраарлык эмес» деп атады

Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева

«Ата Мекен» жана «Республика — Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары Башкы прокуратуранын ишин кезеги менен «канааттандыраарлык эмес» деп аташты. Башкы прокурор Индира Жолдубаева депутаттар менен жолугушка келбей, анын ордуна депуттардын алдында анын орун басары Бөкөнбай Казаков отчет берди.

Маалымат саат 15:30да жаңыртылды

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаттары башкы прокуратуранын отчетун укпастан аны «канааттандыраарлык эмес» деп таанышты.  Алар отчетту башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаковдон угуудан баш тартышты.

Отчетту талкуулоо үчүн фракциянын жыйынына Жолдубаева өзү келбей койгону алардын кыжырын келтирген.

«Ал биздин фракциянын жыйынына келбей койгону ал жөн гана биздин фракцияны тоготпой жатканын билдирет», — деп билдирди депутат Талант Мамытов.

Ушул эле күнү башка «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары да башкы прокуратуранын отчетун «канааттандыраарлык эмес» деп атап, башкы көзөмөл органынын коррупциялык иштерин иликтөөсүн текшерген депутаттык комиссия түзүүнү талап кылышкан.

Башкы прокурордун орун басары эл өкүлдөрүнө Жолдубаева депуттар менен жолугушууга ооруп жаткандыгы үчүн келбей калганын түшүндүргөн.

«[...] Анын отчету жылына бир жолу угулат. Президент Коопсуздук кеңештин жыйынында так түшүндүрдү, сынга алды, башкы  прокуратура жана башка органдар коррупция менен күрөш натыйжасыз болуп жатканын айтты. Ал отчет берүүгө келбей койгону таптакыр туура эмес», — деп билдирди Бахадыр Сулейманов.

Аны «Ата Мекендеги» фракциялаш депутаты Наталья Никитенко колдоп, Жолдубаеванын чынында эле ооруп жатканы жөнүндө медициналык аныктама талап кылды.

«Кантип биз ансыз Башкы прокуратуранын отчетун карайбыз? Ага ошол эле саясий иштер боюнча да суроолор көп. Себеп дегенде айрым иштерди башкы прокурор катары Жолдубаева өзү козгогон. Ал өз каалосу боюнча келбей кое албайт», — деди Никитенко.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков башкы көзөмөл орган президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде айткан сындарына макул экенин билдирди.

«Президенттин сыны факт боюнча деле негиздүү болгон. Ошондон кийин биз кемчиликтерди жоюу боюнча масштабдык иштерди баштадык. Көптөгөн кыскартылган иштер жандантылып, сотко жөнөтүлдү», — деди Казаков.

Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында күч түзүмдөрүн сынга алган. Ал мамлекеттик органдар «негизсиз текшерүүлөрдү» жүргүзүп, ал эми прокуратура бул проццести көзөмөлдөбөстөн өзү да «эсепсиз» текшерүүлөрдү уюштуруп жатат деп билдирген.