Парламент Жолдубаеванын отставкасын колдоду

Индира Жолдубаева

Парламенттин депутаттары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отставкага кетиши үчүн добуш беришти. Буга чейин бир күн мурда президент Сооронбай Жээнбеков парламентке Жолдубаеванын башкы прокурорлук кызматтан алууну сунуштаган.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отставкасы үчүн эки депутат каршы добуш берип, калган 105и макул деп добуш беришти.

Жолдубаева кызматтан бошотуу боюнча маселени депутаттардын өз алдынча кароосуна уруксат берген арыз жазган.

Президенттик аппаратттын жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев парламенттин жыйынында билдиргендей, прокуратура органдары кетирген эреже бузуулар «ишенимдин кетишине» алып келген. Анын айтымында, прокуратура органдары коррупциялык эреже бузууларга жол берип, кылмыш иштерин козгоодо тандалма аракеттерди колдонушкан.

«Президенттин дарегине жарандардан Башкы прокуратуранын аракеттери менен аракетсизигине каршы арыздар түшүүүдө. Бүгүн прокуратура органдары статистика органдарына айланып, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктары бузулушу үчүн шарттарды түзүп жатат. Бул башкы прокурордун канааттандыраарлык эмес иши жөнүндө, президенттин тапшырмалары аткарылбай жатканынан жана координациянын жокутугунан кабар берет», — деди ал.

30дан ашуун депутат башкы прокурордун отставкасына себептүү пикирлерин айтууну чечишти. Алардын айрымдары билдиришкендей, отсавкага кетирүү — бул абдан эле жумшак жаза, анткени Башкы прокуратура кылмыш иштерин мыйзамсыз козгоп, адамдардын тагдырын талкалаган. Эркин депутат Жанар Акаевдин айтымында, оставкадан кийин аткаминерлерди жазалоо да керек.

«Өнүгүүдөн» Исхак Масалиев билдиргендей, тарыхта биринчи жолу башкы прокурор мындай жол менен отставкага кетирилип жатат.

«Негизи мен бул чечимди колдойм, бирок мен 10 жылда жабылган кылмыш иштерин кайра текшерип чыгууну, мындан тышкары, прокуратура органдарынын функцияларын тагыраак карап чыгууну сунуштайм», — деди ал.

«Бир Бол» партиясынан Мыктыбек Абдылдаев билдиргендей, прокуратура органдарынан иликтөө функциясын алып салышкандан кийин, алардын кылаарга иши жок болуп, статистиканы жакшырта башташкан.

«Башкы прокурорду тыңыраак иштеткиле. Прокуратура органдарынын функцияларын карап чыгыш керек. Эбегейсиз кысымга чыдаган адамдар бар, ага чыдабагандары да бар», — деп билдирди ал.

Анын фракциядагы кесиптеши Акылбек Жапаров президенттин чечимин колдоду.

«Мен президенттин Коопсуздук кеңеште айткандарын келтиргим келет: 56 кылмыш иши мыйзамсыз козголуп, ошол адамдардын талкаланган тагдырларына эч ким жооп берген жок. Мен бул кылмыш иштерин козгогон ошол прокурорлордун бардыгы башкы прокурорду кошуп, кызматтарынан бошотулушу керек жана алардын мыйзам алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү түрдө карап чыгуу зарыл», — деп билдирди ал.

Президенттин сунуштамасы

Президент Жолдубаеваны бошотуу жөнүндө сунуштамасын «башкы прокурор өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албай койгону менен» жана антикоррупциялык саясат боюнча иштин жыйынтыгы жоктугу менен негиздеген.

Буга чейин депутаттар Жолдубаеваны парламентке жылдык отчет берүү үчүн келбей койгондугуна байланыштуу сынга алган. Жолдубаеванын орун басары билдиргендей, ал ооруп калгандыгына байланыштуу келген эмес.

Натыйжада парламенттин «Республика — Ата-Журт» жана «Ата Мекен» фракциялары башкы прокурордун отчетун канааттандыраарлык эмес деп таанышкан.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары башкы көзөмөл органынын коррупциялык иштерин иликтөөсүн текшерген депутаттык комиссия түзүүнү талап кылышкан.

Жолдубаеваны отставкага кетирүү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларын негизги кызматтардан бошотуунун шартында болду, мисалы, Жээнбеков 7-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевди, ал эми 4-апрелде Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевди УКМКнын төрага орун басарлык кызматынан алган.

Жолдубаева башкы прокурорлук кызматка 2015-жылдын январында дайындалган. Анын учурунда прокуратура Атамбаевдин ар-намыс жана кадыр-баркын коргоп, «Азаттык» жана «Заноза» басылмаларына каршы арыз берген.  

Мындан тышкары, Жолдубаеванын учурунда башкы прокуратура мурдагы президенттикке талапкер жана «Республика — Ата-Журт» партиясынын экс-лидери Өмүрбек Бабановго мындан тышкары, Жолдубаевага чейин башкы прокурорлук кызматты аркалаган Саляновага каршы кылмыш иштерин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: