«Ачуу чындык». КСДПнын эл өкүлдөрү Атамбаев менен эмне жөнүндө сүйлөшүштү?

Жакында эле Кыргызстандын социал-демократиялык партиясын жетектей баштаган экс-президент Алмазбек Атамбаев аталган фракциянын парламенттеги депутаттары менен жолугушту. Эл өкүлдөрү жолугушууда кеп партиянын ички маселелери менен азыркы жана мурдагы президенттердин ортосундагы келишпестиктер жөнүндө болгонун айтып беришти.

Атамбаев менен КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн биринчи жолугушуусу 16-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева жолугушуу КСДПнын штабы жайгашкан «Медиа Форумдун» имараты оңдолуп жаткандыгы үчүн резиденцияда өткөнүн айтты.

Экс-президент менен жолугушууга КСДП фракциясына кирген жалпы парламентарийлердин ичинен 19 депутат барган.

Партиянын ички иштери

Фракциянын лидери Иса Өмүркулов билдиргендей, жолугушууда партиянын мындан аркы ички иштери талкууланган.

«Кеп партиянын ички иштери, биздин пландар жана жумуштар жөнүндө болду», — деди Өмүркулов.

Ал Атамбаев партиянын курулушуна жана КСДПнын катарындагы биримдик маселесине өзгөчө көңүл бурганын айтып берди. Өмүркуловдун айтымында, экс-президент табигый жол менен боло турган КСДПнын курамында «өз ара тазалануу» жана партиянын курамын жаңыртуу жөнүндө билдирген.

«Алмазбек Атамбаев бир да жеке маселе көтөргөн жок, кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарын ишарат кылган жок, кайсы бир жеке өтүнүчүн айткан жок. Кептин бардыгы бир гана мамлекеттин кызыкчылыгынын айланасында жана партиялык иш жөнүндө болду», — деди ал.

КСДПнын басма сөз катчысы «Клооптун» кабарчысына курган маегинде жолугушууда кезектеги партиянын ички иштери талкууланганын айтты. «Партия 2020-жылга даярданып, шайлоого аттанып, калктын ишенимине татышы керек», — деди ал.

«Ачуу чындык»

Депутат Рыскелди Момбеков эл өкүлдөрү Атамбаевге анын саясий чечимдери жөнүндө «ачуу чындыкты» айтышканын билдирди.

«Анын жакынкы чөйрөсүндөгүлөр боюнча, саясаттагы кокус адамдар тууралуу, анын мурдагы жана келечектеги саясий аракеттери жөнүндө чындыкты айттык. […] Биз өз учурунда анын айрым дайындоолоруна нааразы болгонубузду билдирдик», — деди Момбеков.

Анын айтымында, Атамбаев президент болуп турган кезде фракциянын депутаттары менен дээрлик 2,5 жыл жолугушкан эмес. Момбеков билдиргендей, бул убакыт аралыгында фракцияда «көптөгөн нерселер болуп кеткен».

«Биз мамилени калыптандырууга аракет кылдык. Ал көп нерсени укту. Абдан көп ачуу чындык айтылды. Ал аны угууга аргасыз болду. Жалпысынан эки тарапты тең канааттандырган кызыктуу жумуш боюнча жолугушуу болду», — деди ал.

Анын кесиптеши Элвира Сурабалдиева өзүнүн твиттеринде «жөн гана партиянын учурдагы лидери менен кезектеги жолугушуу» өттү, бирок ал «конструктивдүүрөөк жана эмоционалдуу» болду деп жазган.

«[Жогорку Кеңеште] жабык фракцияларда, эстешимче, талкуу байма-бай болуп турат. Ошондой жыйындарда ачык сүйлөп көнүп калышкан ошол эле жүздөр бүгүн да сүйлөштү. Бирок партиянын лидери менен бул жолугушуу конструктивдүүрөөк болду, чындыгында көбүнесе эмоционалдуураак да болду», — деп жазган ал.

Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы келишпестиктер

Депутат Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, жолугушууда партиянын ички жумуштарынан тышкары, учурдагы жана мурдагы президенттердин ортосундагы келишпестиктер да талкууланган.

«Мамлекеттин келечеги талкууланды. Партиянын маселелери боюнча фракциянын келечеги, саясий кеңештин, төрага орун басарын шайлоо тайкууланды. [Атамбаевдин Жээнбеков менен келишпестиги жөнүндө] да сөз болду», — деди ал.

Рыскелди Момбековдун айтымында, Атамбаев учурдагы президенттин кадр саясатында айрым катачылыктар бар экенин айткан.

«[Атамбаев] эл алдында анын жоопкерчилиги чоң экенин айтты. Анткени Сооронбай Шариповичтин [Жээнбековдун] талапкерлигин ал өзү сунуштап, негизинен Бакиевдин учурундагыдай үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болбостугу жөнүндө көптөгөн убадаларды берген. Буга кабатырланып жаткандыгын айтты», — деди Момбеков.

Президенттердин араздашуусу

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишин «натыйжасыз» деп атап, сынга алган. Ошондой эле, ал соттор, прокуратура, финпол, атайын органдар жана ички иштер органдары өз милдеттерин «толук кандуу» аткарышпай, өздөрү «коррупцяга батып» калышкан деп билдирген.

Алмазбек Атамбаев 31-августта КСДПнын съездинде Жээнбековдун айткандарына нааразылыгын билдирген. Мурдагы президенттин айтымында, Жээнбековго бул сөздөрдү «астыртан салып» коюшкан.

«Атамбаевдин учурунда акыркы үч жылда бийлик коррупция менен күрөшкөн жок деп айтылып жатат… жада калса, бүгүнкү чуулгандуу коррупциялык иштерди Атамбаев баштаган», — деп билдирген ал.

Соңку жарым жылда жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында Атамбаевдин тушунда дайындалган күч органдарынын дээрлик бардык жетекчилери алмашты. Кызматынан Коопсуздук кеңештин катчысы кетти, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев кошулуп, анын дээрлик бардык жетекчилери алмашты. Мындан тышкары, президент ээлеген кызматынан башкы прокурор Индира Жолдубаеваны да кетирген.

Авторлошу: Эмил Султаналиев