Күндүн цитатасы: Бишкек мэри Албек Ибраимов эл ичинде кантип жүрөөрүн айтты

Бишкек мэри Албек Ибраимов «иштер кандай жүрүп атканын» билиш үчүн калаанын көчөлөрүндө кантип жашырынып жүрөөрүн айтты. Бул тууралуу ал 19-апрелде Ош базарында жабыркаган ишкерлер менен жолугушууда билдирди.

Ибраимовдун айтымында, ал таанылып калбашы үчүн дубана сыяктуу эски кийимчен жана чапталма сакал менен шаарга чыгат.