Парламент башында Абылгазиев турган жаңы өкмөттүн курамын жактырды

Мухаммедкалый Абылгазиевдин жаңы өкмөтү. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаттары Мухаммедкалый Абылгазиев жетектей турган өкмөттүн жаңы курамы үчүн добуш берди. Буга чейин бир күн мурда эл өкүлдөрү Сапар Исаковдун министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотумун билдиришип, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирген.

Жаңы өкмөттүн программасы үчүн 115 депутат добуш берип, эч ким каршы чыккан жок. Ал эми өкмөттүн түзүмү үчүн 114 депутат «макул» деп добуш берип, анын ичинен бир эле депутат каршы добуш берди.

Эл өкүлдөрү өкмөт башчылык кызматка жалгыз талапкерди бекитишти. Ал көпчүлүк коалициясы чыгарган Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев парламентте билдиргендей, программаны даярдоо үчүн «анын убактысы аз болгон».

«Чынын айтканда, биз кечээ эле эксперттер менен программаны иштеп чыктык», — деди ал.

Абылгазиевдин айтымында, анын өкмөтүнүн прораммасы «биримдикке жана эл менен бийликтин ишенимине» багытталат.

«Эгерде өлкөдө биримдик болсо — прогресс да болот. Эл эркин жана адилеттүү шайлоо учурунда президент кылып Сооронбай Жээнбековду шайлады. Биз эл үмүтүн актоо үчүн иштейбиз. Биз элдин үмүтүн акташ үчүн иштөөгө убада беребиз», — деди ал.

Абылгазиев жаңы өкмөт жарандардын жашоо шартын жакшыртуунун үстүндө иштөөнү убада кылды.

«Биз жарандардын социалдык шартын, саламаттык сактоонун сапатын, айыл чарбасын жана айылдарда инфраструктураны жакшыртуунун үстүндө иштебйиз. Бул багытта биз президенттин үстүбүздөгу жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган президенттин чечимин колдойбуз», — деди ал.

Абылгазиевдин айтымында, өкмөт бийлик менен бизнестин ортосунда конструктивдүү диалогдун үстүндө иштеп, инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзөт.

Мындан тышкары, ал буга чейин Сапар Исаковдн өкмөтү ишке ашыра баштаган «Таза Коом» программасын жүзөгө ашырууну улантаарын билдирди.

«Урматтуу депутаттар, эгерде силер мени шайласаңар, бул өлкөнүн өнүгүшүнө алып барат. Мен жоопкерчилик алууга даярмын», — деди ал.

Депутаттардын сын-пикирлери

Депутаттары өкмөттүн курамын дээрлик бир күн талкуулашты. Алар министрлик кызматка сунушталып аткан айрым талапкерлерге нааразы болушту.

КСДПнын депутат Рыскелди Момбеков ага өкмөттүн курамы менен талапкерлердин жаш курактарына нааразы экенин билдирди.

«Эркелеп келген өкмөт эртелеп кетет экен да. Эми келе элек өкмөттүн бере элек чайын мактабайын. Балдардын өкмөтү бат эле кетти, чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келиптир. Жаңы өкмөт деп жакшы сөз айтайын десем жалаң эле б/у өкмөт кетиптир», — деди КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков.

Депутаттар өкмөттүн жаңы курамын талкуулап атышат. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Бирок Абылгазиев өкмөткө тажрыйбасы бар адамдар келди деп жооп берди.

Бир нече депутаттар министрлер кабинетин кыскартуу керектигин айтып чыгышты.

«Биз зыянга учуратып оптималдаштырбообуз керек. Жаңы багыттарды ачыш керек болсо, жаңы ведомстволорду ачуу керектелет. [...] Кыскартуу үчүн тийиштүү документтер керектелет. Саны кыскартуу тарабына кайра каралып чыгат деп ойлойм», — деди Абылгазиев.

КСДПнын дагы бир депутаты Евгения Строкова билдиргендей, өкмөттүн жаңы курамы анчейин жакшы деле компромисс эмес.

«Мен жаңы өкмөттүн курамына суктануудан алысмын. [...] Шибегени самынга эмес эле, шибегени өлүм жазасына тарткан баш кескичке алмашуу болду», — деди ал.

Жаңы өкмөт

Жаңы өкмөттө бардык вице-премьер-министрлер, ошондой эле, экономика министри, ички иштер министри, өзгөчө кырдаалдар министри жана саламаттык сактоо министри алмашат.

Мындан тышкары, байланыш жана маалымат технологиялар, коргоо иштери боюнча, улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттердин башчылары алмашат.

• премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

• биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

• вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

• вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

• вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

• өкмөттүк аппараттын жетекчиси – Мурат Мукамбетов;

• экономика министри – Олег Панкратов;

• финансы министри – Адылбек Касымалиев (ордунда калат);

• айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев (ордунда калат);

• транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов (ордунда калат);

• билим берүү жана илим министри - Гүлмира Кудайбердиева (ордунда калат);

• юстиция министри – Айнур Абдылдаева (ордунда калат);

• тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (ордунда калат);

• ички иштер министри - Кашкар Жунушалиев;

• өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;

• маданият маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов (ордунда калат);

• саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

• эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова (ордунда калат);

• өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Улан Рыскулов (ордунда калат);

• маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы - Бакыт Шаршембиев;

• коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Эрлис Тердикбаев;

• улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы - Идрис Кадыркулов.

Исаковдун өкмөтү депутаттардын 101и анын өкмөттөр кабинетине ишеним көрсөтпөө вотуму үчүн добуш беришкенден кийин отставкага кеткен. Бир нече сааттан кийин президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отставкага кетиши боюнча жарлыкка кол койгон.

Ошондон кийин парламенттик көпчүлүк коалициясы кеңейтилип, ага «Республика Ата-Журт» фракциясы кошулган. Депутаттардын альянстагы саны 65тен 93кө чейин көбөйгөн.