Бала кезде короодо короз тебиштирип жаткан теңтуштарыма көзүм түшүп калчу. Азыр эми эс тартып, үй-бүлөлүү болгонумда короз уруштуруу — бул чоңдордун да эрмеги экенин билдим. Айрымдар үчүн бул өнөр негизги киреше булагына айланып, анын арты менен үй-бүлөсүн да багып жатышыптыр.
Короз багуу, анын түйшүктөрү жана жыргалы тууралуу «Клооптун» кабарчысы Арафат Бекиева баяндайт.
Ноокат районунда короз баккандарды «парваз» деп аташат экен. Бул өнөр туурасында кененирээк маалымат алуу үчүн парваздарды көпкө чейин издедим. Көпчүлүгү сыр кылып, айрымдар «бул жабык бизнеске аралашпай эле койбойсуңарбы» деп жатышты. Соңунда Ноокаттын Кара-Таш айылынын тургуну Мавлян Маликов макулдук берип, анын үйүнө жөнөдүм.
Ош шаарынан Кара-Ташка жетиш үчүн 40 чакырымдай жол жүрүүгө туура келет. «Ал короздорун үйүнүн ичинде багат, мешке кактап отурат» деп айтышкан эле, корозчунукуна же алардын тили менен айтканда парваздыкына барганда мындан башка да көптөгөн кызыктуу жагдайларга күбө болдум.
***
Мейиз менен багылган короздор
Жашы 40тан өтүп калган Мавлян аке тебишке чыкчу короздору үчүн короосуна чакан бастырма курган. Ондой асыл тукум корозду ал ошол жерде кармайт. Аларды Өзбекстандан алып келиптир. Ал эми өзбек эли канаттуулардын тукумун Түркия жана Кореядан алышат дейт ал.
Ар бир короздун өзүнө таандык урушуу жөндөмү, мүнөзү болот. Мындан улам парваз ар бир корозго өзгөчөлүктөрүнө жараша ысым ыйгарып коюптур. Мисалы Түркиядан 600-700 долларга алынган эки асыл тукум корозунун бирин «Чакмак», дагы бирин «Чагылган» деп атап алган.
Короздору кызыл-күрөң түстө, буттары узун, салмактары болжолдуу 4-5 кг. Парваздар корозунун бой узундугун көз өлчөм менен ченешет.
Урушка түшө турган, асыл тукум короздорду багуу машакат, кадимки жылкы кармагандай түйшүгү бар. Маселен, короздун жеми загара (жүгөрү уну), жер жаңгак, сарымсак, грек жаңгагы жана мейизден турат. Булардын баарын аралаштырып, бир күндө эки маал берет. Андан тышкары ушул жемге кошуп эрте менен сууга бышкан жумуртка, кечкисин кадимки шишкебек берет.
«Сууга бышкан жумуртканы бир корозго бирден жегизебиз. Ал эми шишкебекке туз кошулбайт, ал ар күнү кечинде гана берилет. Мейиз — витамин, ал эми жер жаңгак корозду семиртпей жакшы кармайт. Семиз короз уруша албай калат...», — деп сүйлөп жаткан Мавлян акенин сөзүнө кошулган апасы «мейиздин эң тазасын короздоруна берет, мен мейиз жебей калдым» деп күлдүрдү.
10 короздун бир жумалык азыгы:
35 даана жумуртка
3 кг сулп эт
1 кг мейиз
1 кг жер жаңгак
10 кг жүгөрү
Корозду кадимки жылкы сыңары суутуу керек. Парваз эки баскычтан турган суутуу иштерин оюнга бир апта калганда күчөтө баштайт.
Биринчи баскычта ар күнү короздорду короого алып чыгып, бир саатка жакын чуркатат. Токтоп калбашы үчүн Мавлян акенин уулдары короздордун артынан улам кууп турушат. Ар 15 мүнөт сайын короздун денесине суу бүркүп, кайра чуркатууну улантышат.
Биз күбө болгон күнү да корозду үйүнүн ичине алып кирип, ысык мешке жакын отургузду. Бул денеси, түгү суу болгон корозду ысыкка кактоо процесси. Сыягы, жылуулук табы жагат окшойт, короз ордунан жылган жок. Эми короз ушул абалда 1-1,5 саатка чейин турушу керек болот.
Суутуунун экинчи баскычында короздордун машыгуусу башталат. Парваз өзүнүн эле короздорунан экөөнү кармап, тумшуктарын скотч менен байлады. Анан бакка алып барып бири-бири менен уруштурмакка аракет кыла баштады. Бул жол менен эки короздун урушка дарамети байкалат. Тыңыраагы алдыда боло турган таймашка алып баруу үчүн тандалат.
Жүздөгөн киши көргөн эки короздун тебиши
Ар бир таймашка корозду жеткирүү — чоң жоопкерчилик. Маселен, аны машинада алып барышат. Аны автомобилдин ичинде эркин койбой, бир адам бекем кармап кетиши керек. Антпесе короз салмагы бутуна түшүп, чарчап калат. А короз тебишке чарчабай жетиши керек.
Мавлян акенин короздору Кызыл-Кыя шаарында, Ноокаттын өзүндө жана Ошто болуучу беттештерге катышыптыр. Бул ирет да Оштогу короз урушка жөнөдүк, таймаш үчүн Мавлян аке салмагы 5,5 кг болгон «Чагылган» аттуу корозун тандаган.
Ош шаарынын Шейит-Дөбө айыл аймагына эки тарабы унааларга толгон көчө менен бараттык. Бул жерде чоң бир майрам болуп жаткандай сезим калтырды. Мында ар шейшемби жана жекшемби күндөрү 300дөй киши короз урушту көрүш үчүн чогулат.
Короздордун рингинде же короз тебиштирген жайда тер, тамеки, тоок жыты мурунду толтурат. Чакан бир имараттын ичине 200дөй киши кысыла отурушуптур. Өзүмөн башка бир да аял кишини көргөн жокмун. Аңгыча эки-үч киши мага келип, «аял кишилер кумар оюндарына келгени туура эмес» деп кууп чыгарайын деген кезде Мавлян аке «бул карындашым болот» деп арачалап калды.
Жүздөгөн кишини топтой алган короз уруштар көбүнчө жашыруун өткөрүлөт. Мунун себеби ири суммадагы акча ойнотулганында го деп ойлодум.
Адатта корозго атаандашты салмагына эмес, боюна карап тандашат. Бойдун узундугу көз өлчөм менен эле белгиленет. Андан соң эки тарап байгени келишип, ортого акча коюшу керек.
Мавлян аке да башкалар сыяктуу эле корозуна атаандаш издөөгө аракет кылып, бирок бул күнү «Чагылганга» атаандаш чыкпай калды.
«“Чагылганым” байгелерди утуп, таанылып баратыптыр, атаандаш чыкпады. Эми ушундай боло берсе, анда кийинки оюндарга корозумду башка түскө боёп келет окшойм», — дейт парваз.
Акырында досу корозун тебиштирмей болуп, Мавлян аке, күйөрмандар «көңүлдөн чыгарып» акча кошо башташты. Бул маалда саат кечки беш болуп калган эле. Эки тарап байгени келишип алгандан кийин, беттеш башталып, оюн 2-3 саатка созулду. Тебиш учурунда короздордун оозуна, канатынын астына суу чачып жатышты. Куду бокстагы мушкерлердей.
Бири-бири менен урушкусу келбей калганда ортодо жүргөн балдар тап берип, кайра тебиштирип... Биз күткөн жеңиш жана «көңүлдөн чыгарылган» суммадагы байге караңгы кирип калган маалда келди.
Беттештен уткан корозду асманга бирөө көкөлөтө ыргытып жиберди. Аны коштой айланасындагылар секирип жатышты. Кыйкырык-сүрөөн, ура-алаган үндөр. Бул футбол аянтындагы жеңиш эмоцияларынан ашса ашат, кем калбайт эле. Мавлян аке жеңишти көрө берип көнө түшкөнбү, кыйкырган жок. Жүзү жаркып, куттуктоочулар менен жеңгендер кучакташа башташты.
Бул жерде дагы бир байкаган нерсем — бул короз урушту көргөнү келген күйөрмандар болду. Алар короз тебишти жөн эле көрүп олтурбастан, өз ара мелдешип тыңыраак деп эсептеген корозго акча сайып, пайда табаарын байкадым.
Оштогу, Ноокаттагы оюндарда раунд болбойт, ал эми Кызыл-Кыя, Төбө-Коргондо он мүнөттөн 13 раунд бар экенин айтышты. Эч бири жеңбесе, тең чыгуу деп эсептелет, эки тарап сүйлөшүп, тең чыгуу менен бүтүрсө да болот.
Короздор үчүн эң оор жаракат бул — көзү көр болуп же тумшугу сынып калганы. Кээде катуу тепки жеп, өлүм тапкан учурлар болот экен. Жеңил жаракат алганда корозду бапестеп жатып 10-15 күндө айыктырууга болот. Жаракаты оорураак болсо, анда 1,5-2 ай дегенде оюнга жарап калат.
«Балдарым корозчу болбосун»
Мавлян аке короздорду үч жылга чейин урушка чыгарат. Андан кийин алдан тайган канаттууну сатат экен. «Элүү миң сомго алган корозду союп жегенге көзүм кыйбайт», — дейт ал.
Парваз учурда асыл тукум короздордун жөжөсүн сатып, кошумча киреше табат. Бир жөжөнүн баасы — 5-10 миң сомдун аралыгында. Ал жакында бирөөгө бастырткан элүүдөй жөжөнүн келишин күтүп жатыптыр.
«Эсимде, алгачкы жеңишимде бир килем, үндүк утуп алгам. Үндүктү союп жегенбиз. Учурда жылкы, машина коюлган беттештер бар. Тең келээр атаандаш чыкпай калса, корозуң менен куру кол кайткан күндөр деле кездешет. Биздин эң чоң байгебиз 100 миң сом болуп турат. Бул эң бийик көрсөткүч эмес, оштук корозчу бир жигит 400 миң сом жана бир жылкы утуп алган. Ошол корозун 200 миңге сатпай койгонун билем», — деп эскерди парваз.
Бирок, ал кээде мээнети күйүп кетээрин жашырган жок. Жеңилген учурда короздорумду карагым келбей калат деп жылмайган ал балдарынын парваз болушун каалабасын ачыктады.
«Балдарыма үй-жай салып койдум, менин башка эле өнөрүмү үйрөнө беришсин. Мага окшоп корозго кызыгып кетишпесе экен дейм. Короз багып, урушка салып жүргөнүмө он жылдай болуп калды. Короз тебиштирүү өнөр эмес, бул кумар оюну экенин билем, — дейт Мавлян аке. — Чоң аталарым “парваз” болушкан, каныма сиңген бул адатымды калтыра албай, намаз окуган сайын ойнобойм дейм. Бирок кызыгып алсаң таштоо кыйын экен».
Көңүл буруңуз! Видео жаныбарларга карата катаал мамиле тартылган кадрларды камтыйт.