Ош шаарындагы эски базарда темир усталардын катары бар. Алардын бири — 25 жылдан бери бычак жасап эмгектенип келаткан Бахрам Аширов. Бул өнөр ага ата-бабасынан калган.

Бахрам Аширов Ош шаарындагы Шейит-Дөбө аймагында жайгашкан темир базарда иштейт. Ошол жерде өзүнүн устаканасы бар. Ал бычактын 30дай түрүн жасап сатып, тиричилик кылып келатканына 25 жылдан ашты.

«Тапкан пайдабыз мээнетке жараша. Кээде 100 сом менен калган күндөр деле болот. Чет өлкөлүктөр келгенде ишибиз жакшы жүрүшүп калат», — дейт уста.

Аширов бычак жасоо өнөрүнө 15 жашынан тарта аралашкан. Быйыл темир уста 40тын кырын ашып отурат. Ал бала кезинде дарыгер болгусу келгенин жашырган жок.

«Атамдын жашы 90го таяды. Ага жардамдашып жүрүп, мен устачылыкты уланттым, улуу агаларым башка кесипти тандап кетти. Бул өнөрдү атаман үйрөнгөм, атам өз — атасынан, ал эми чоң атамдын аталары да ушул өнөрдү аркалашкан экен. Аны улантуу үчүн дарыгер болуу кыялыман баш тарткам», — дейт ал.

Уста бир бычакты 2-3 күндө толук жасап бүтөт. Анткени, түйшүгү көп. Мындан сырткары, бычакты жасоодо негизги талап — сапаттуу металл тандоо.

«Бычактарды атайын кесилген темирден да жасаса болот, бирок ал көпкө чыдабайт. Мен ата-бабамдан калган ыкма менен мизин болоттон, ал эми сабын теке, кийик же топоздун мүйүздөрүнөн жасайм. Кол мээнетим менен кооздоп, бычактын сабына буюртмага карай алтын же күмүш жалатам. Өз колум менен жасалган бычактарга чет жактан талап көп түшөт», — дейт ал сыймыктануу менен.

Аширов болотту ээритип, ширетип, калыпка салат. Ошол себептүү анын эң арзан бычагы 800 сом, эң кымбаты 5-6 миң сомго чейин жетет. Бул баа бычакка пайдаланылган материалдан көз каранды.

Жыл сайын бычак жасоо ыкмаларын жаңылаганга аракет кылганы менен усулун бүтүндөй өзгөртпөйт. Анткени, анын өзүнө таандык ыкмасы билинип турушу зарыл. Маселен, Ашировдун белгиси — бул бычактагы Ош деген жазуу жана жети жылдызча.

«Бычакты жасоо түйшүктүү болсо да, аны жасоодон кыйналып, таштайм деген күндөрүм болгон эмес. Жасаган бычактарымды сатып алгандар колдонуп, мага келип рахмат айтса ырахат алам. Суроо-талап көп болсо, жакшы сөздөрдү угуп турсаң чарчабай, кайра жасагым келет», — дейт ал.

Бахрам Аширов эки уул, үч кызды тарбиялап жатат. Эң улуу эркек баласы 19да, кичүүсү 14 жашта.

«Мен шакирт албайм, өзүмдүн балдарыма гана үйрөтөм. Эки баламдын эч болбосо бирөөсү ушул кесипти аркалап кетсе дейм. Себеби бул мурасты муундан-муунга калтыруубуз абзел. Уулдарымдын кимиси жакшы өздөштүрсө, анда ошонусу менин жолумду жолдосо керек», — дейт ал.

Бычак уста Ош шаардык мэриясынын бир канча сый барактарына татыган. Аширов буга чейинки уюштурулган Көчмөндөр оюнуна бычактарын алып барып, көргөзмөгө катышкан. Ал быйыл да Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган Оюндарга барууну жана өз эмгектерин көргөзмөгө алып чыгууну пландап жатат.

Сүрөттөрдүн автору: Айзирек Дарманбай кызы