Табып Зайналиевдин мыйзамсыз клиникасы орун алган үй.

Адамдарды альтернативалык медицинанын жардамы менен «даарылаган» табып Хашим Зайналиев өз ишин Бишкекте улантып жатат. Укук коргоо органдары ал өз клиникасын жаап, Кыргызстандан кеткен деп эсептейт, бирок бул андай эмес. «Клооптун» кабарчысы Айдай Эркебаева табыптын клиникасына барып, анын иши жөнүндө билип келди.

Бул эмне үчүн маанилүү? Хашим Зайналиев лицензиясы жок эле адамдарды даарылоого аракет кылып атат. 2016-жылы күзүндө Зайналиев бейтаптарынын биринин көкүрөгүн наркозу жок кесүүгө аракет жасап, натыйжада оорулуу каза тапкан. Ошондон кийин Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) менен ИИМ клиниканы жабууга аракет кылышкан, бирок бул аракет оңунан чыккан эмес. 2017-жылдын жай мезгилдеринин аягында Зайналиев клиникасын өзү жаап, Кыргызстандан кеткени белгилүү болгон. Бирок маалым болгондой бул узакка созулган эмес.

Айдай Эркебаева баяндайт.

Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн бирине ар он беш мүнөттө машиналар келип токтоп, үйгө табып Хашим Зайналиевдин бейтаптары кирип чыгып турушат. Ал өзү үйдүн короосунда отуруп алып, алардын бири менен маектешет, ал эми жаңыдан эле келген аял табып качан бошоорун чыдамкайлык менен күтөт.

Үйгө кирчү эшик ачык, бирок Зайналиев журналисттер келгенин билип калаары менен чымыр денелүү чоң адам биз үйдөн кууп чыгып, дарбазаны бекитип алды.

Бул Зайналиев мурдагы жылы адамдарды «даарылап» жүргөн ошол эле үй — укук коргоо органдарынын пикиринде, бул клиника 2017-жылы жайында эле жабылган.

Коңшу үйдөгү тургундун айтымында, Зайналиев бул жерде болжолдуу эки же үч жыл мурда иштей баштаган. Ал клиника мурдагы жылы чындыгында эле жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыгынан улам жабылганын, бирок бир нече айдан кийин ал кайра ачылганын айтты.

«Кээде бул жерге адамдар аз эле келет, ал эми кээде анын үйү бейтаптарга толуп калат. Мурдагы жылы чуу көтөрүлүп, кошуналар сууну бууп, электр зымдарын кесип салуу менен коркутуп клиниканы жабууну талап кылышкан. Бирок бир нече айдан кийин клиника кайрадан ачылган», — деп кошумчалады ал.

Бир маалда табыптын клиникасына машина келип токтоп, андан орто жаштагы эркек киши чыкты. Биз менен маектешүүдө ал атын атабай, Зайналиевде анын жакын адамы даарыланып атканын айтты.

«Силер билесиңер, учурдагы медицина — бул мафия, жалаң химия. Азыр элдин бардыгы чөп-чар менен дарыланат — мунун бардыгы табигый, зыяны жок. Даарылоонун жыйынтыктарын мен көрүп атам, менин тааныштарым ага байма-бай кайрылып турушат. Кагаздар кагаз менен дечи, ал эми практика — бул таптакыр башка нерсе. [...] Менин кызым аныкында даарыланган. Эгерде мага мындай нерсени эки жыл мурда айтышса мен ишенбейт болчумун, бирок жыйынтыгы байкалат», — деп айтат ал.

Анын айтымында, Зайналиев адамдарды рактан, жүрөк ооруларынан жана сарыктан айыктырат. «Учурдагы медицина баш тартып койгон адамдарды ал кабыл алат», — дейт ал.

«Клооп» 15-майда Зайналиев өз ишин улантып атканын жазган. Өзүн бейтаптын тууганы болом деп тааныштырган биздин журналистти табып өз клиникасына кабылдоого чакырган.

Материал жарыкка чыккандан кийин Зайналиев ага фэйсбуктагы тайпалардын биринде комментарий калтырган:

«Ооба, бул мен Зайналиев Хашим. Төмөндөгүнү билдирем: Эгерде менин клиникамды жаап салышса, анда мен адамдарды үйдөн даарылоону улантам, ал эми эгерде түрмөгө отургузушса да ал жактан адамдарды даарылайм, түрмөдөн чыккандан кийин, иншалла, элдер өздөрү мен иштешим үчүн клиника уюштурушат. Менин ишимди улуу Аллахтан башка эч ким токтото албайт. Ким каалап жатса аракет кылып көргүлө...», — деп жазган Зайналиев.

Зайналиевдин комментарийи. Материалды чыгараар алдында табып аны өчүрүп салган

Зайналиев «Клооптун» журналисттерине интервью берүүдөн баш тартты, ал эми анын жардамчысы телефон аркылуу сүйлөшүүдө журналисттерди «чындыкты айтпаган эл душмандары» деп атады.