Мухаммедкалый Абылгазиев. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым министрликтер менен башкармалыктарда мамлекеттик кызматкерлердин штатын 10 пайызга кыскартуу токтомун чыгарды. Бул мамбюджеттен жылына 200 млн сомду үнөмдөп калууга шарт түзөт. Кандай кыскартуулар пландалып атканын түшүндүрөбүз.

Бийлик бюджеттин чыгымдарын азайтуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик түзүмдөрүн оптималдаштырып, 1531 кызматкер менен техникалык жана тейлөөчү 36 персоналды кыскартууну пландоодо.

Мындан тышкары, Мамлекеттик каттоо кызматын да (МКК) өзгөрүүлөр күтөт — андагы 869 адам иштеген департамент жылдын аягына чейин өзүн-өзү каржылоого өтүшү керек.

Ошентип өкмөт мамлекеттик бюджеттен акча үнөмдөөнү көздөөдө — алдын ала эсептер боюнча бул жылына 223,1 млн сомду түзөт. Ал эми МККдагы кайра өзгөртүүлөрдү эске алуу менен — 406,5 млн сом.

Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Куванычбек Шадыбеков кыскартуулар бир айдын ичинде башталаарын «Клооптун» кабарчысына айтты. Ал кыскартуулардын жардамы менен бийлик «башкаруунун ашыкча звенолорун» жоюуну көздөп атканын түшүндүрдү.

«Элестетип көрөлү, башкармалыкта начальниги, начальниктин орун басары, бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары, сектордун жетекчиси бар, тактап айтканда 10-12 адамга төрт-беш начальник болушу мүмкүн. Биз звенолор бирин-бири кайталаганы маанисиз экенин айтып жатабыз», — деди Шадыбеков.

Кайсы министрликтер менен ведомстволордо кызматкерлер кыскартылат?

Кыскартуулардын эң эле көбү Айыл чарба министрлигинде (9516 кызматкер) болот, андан кийин эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (198 кызматкер) жана Өкмөткө караштуу айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде (140 кызматкер) орун алат.

Ведомстволордогу кыскартуулардын көпчүлүгү алардын бөлүмдөрүндө болот. Мисалы, Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратында эч кандай кыскартуулар болбойт, бирок бөлүмдөрүнөн 516 адам бошотулат. Азыр министрликте (анын бардык бөлүмдөрүн кошуп) 5 миңден ашуун кызматкер эмгектенет.

Эмгек министрлигинде борбордук аппараттан болгону 11 кызматкер кыскартылат, ал эми калган 187 адам ведомствонун аймактык бөлүмдөрүнөн бошотулат.

Кыскартуулардын толук тизмесин шилтеме аркылуу көчүрүп алганга болот.

Өкмөт андан ары эмне кылмакчы?

Шадыбеков министрликтер май айынан июлга дейре өз карамагындагы мекемелерди талдап чыгып, өкмөттүн алдында отчёт бериши керектигин  «Клооптун» журналистине түшүндүрдү.

«Элестетип коёлу, бул Билим берүү министрлигинин системасындагы түзүмдөр: жогорку окуу жайлар, мектептер — ал жактан абал кандай экени талданышы керек», — деди өкмөттүк аппараттын башчысынын орун басары.

Шадыбековдун айтымында, бул андан көп мамкызматкеркди кыскартуу үчүн эмес, мекемелердин кызматкерлери канчалык натыйжалуу иштеп атканын аныктоо үчүн керек.

Бийлик кыскаруулар жөнүндө качан айтып чыккан?

Мамлекеттик түзүмдөрдү оптимизациялоо жөнүндө 2017-жылы Кыргызстандын президенти болуп турган кезде Алмазбек Атамбаев да айткан. Ал муну өкмөттүн «Жаңы доорго — кырк кадам» программасына кошкон.

«Өлкөнүн стратегиялык максаттарына мамлекеттик органдардын баш ийүүсүнүн түзүмү оптималдаштырылат, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн аппараттары, анын ичинде чарбалык функцияларды аткаргандары кыскартылат», — деп айтылат программада.

Программанын авторлорунун пикири боюнча, кыскартуулар мамлекеттик түзүмдөрдүн ишин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Мамлекеттик ведомстволорду оптимизациялоо боюнча ишти премьер-министрлик кызматта отурганда Сапар Исаков баштаган. 2018-жылдын башында ал аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик кызматкерлердин санын 10 пайызга кыскартууну токтом кылган.

Исаковдун өкмөтү отставкага кеткенден кийин жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишти улантты.