Кыргыз парламентарийлери пара алуу үчүн соттолгон «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну талап кылышты, анткени анын ишинде «жаңы жагдайлар» пайда болгон. Эмне белгилүү?

Урматту окурмандар, биз макалада кетирилген ката үчун кечирим сурайбыз. Биз сотко «Супара» этно-комплексинин ээси Табылды Эгембердиев менен анын аялы Жаңыл Турганбаева чакырылган эмес деп жазганбыз. Бирок басма сөз жыйында күбө катары Турганбаева гана чакырылбаганын айтышкан.

Жогорку сот 2017-жылы ноябрда Өмүрбек Текебаевди 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол кезде Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары болуп турган Текебаев акчаны алгандан кийин Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бериши керек болчу. Текебаевди орусиялык ишкер менен Маевскийдин Кыргызстандагы ишенимдүү адамы Алексей Модин тааныштырган.

Саясатчы мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга кесилген. Бирок мунапыс колдонулгандан кийин Текебаевдин абак мөөнөтү төрт жарым жылга чейин кыскартылган.

Парламенттин төрт депутаты 15-майда Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну талап кылышты, анткени анда оппозиционердин «күнөөсү жок экенин далилдеген жаңы жагдайлар пайда болгон».

Бул эмне болгон жагдайлар?

Маевский жана «Хаятт» отели

Маевский сотто көрсөтмө берип жатып 2010-жылдын августунда Кыргызстанга келген маалда «Хаятт» отелинде жашаганын билдирген.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко билдиргендей, Текебаев менен жолугушушу ыктымал делген Маевский ал кезде Кыргызстанда болушу мүмкүн эмес болчу.

«Мейманкана фамилиясы окшош таптакыр башка адам "Хаяттта" конгон деген маалыматтарды берди. [...] Маевский чек арадан өткөн эмес», —  деди Никитенко.

Иш бөлмөдөгү жолугушуу

Тергөө эксперименти учурунда Модин Текебаев менен Маевский жолугушу ыктымал болгон иш бөлмөнү көрсөткөн. Иш бөлмө 2010-жылы Убактылуу өкмөт иштеп аткан имаратта жайгашкан.

Никитенконун айтымында, «Ата Мекен» партиясында бул иш бөлмөнү Текебаев эмес, ал кезде Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев ээлеп турганы боюнча документ пайда болгон.

«Сурамга президенттин иш башкармалыгынан 306-иш бөлмөнү [Модин көрсөткөн] Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары ээлеген деген жооп келди. Бул расмий маалымат, ал тастыкталган», — деп билдирди депутат.

«Супара» этно-комплексиндеги жолугушуу

Маевский сотто Текебаев менен эң эле маанилүү жолугушуу 2010-жылы 13-майда Бишкектен алыс эмес жерде орун алган «Супара» этно-комплексинде болгонун айтып берген.

Бирок Никитенко Маевский менен Модин Текебаев менен этно-комплексте жолугушушу мүмкүн эмес экенин билдирди, анткени саясатчы ал кезде конституциялык кеңешмеде болгон.

«Модин менен Маевский жолугушуу саат алтыдан баштап кечки саат тогузга чейин "Хаятт" мейманканасында болгонун бир нече жолу айтышкан. Андан кийин Текебаев саат 5:30дан тарта кечки саат 9га чейин кеңешмеде болгону белгилүү болоору менен маалыматтар эмнегедир өзгөрүп кеткен — жолугушуу түштөн кийин "Супара" этнокомплексинде болгон», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Анын айтымында, сот 2010-жылы 13-майда Текебаев этно-комплекске барбаганын далилдеп бере алчу «Супаранын» ээси учурда маркум Табылды Эгембердиевдин аялы Жаңыл Турганбаеваны чакырган эмес.

Андан сырткары, 2017-жылы 26-сентябрда сот ошол күнү Модиндин телефону кай жакта болгонун түшүнүү үчүн «Нур телеком» мобилдик операторуна сурам жөнөткөн, бирок жоопту күтпөстөн эле өкүм чыгарып койгон.

«Нур Телеком» компаниясы толук жоопту 6-октябрда жөнөткөн, ал жерде 2010-жылы 13-майда Модиндин телефону Бишкектин борборунда болгону айтылган.

«Бул маалыматтарды Жогорку сотко өткөрүп берүүлөрү керек эле, бирок Бишкек шаардык соту маалыматты жашырып койгон», — деди Никитенко.

Чечүүчү жолугушуунун уюштуруучусу

Тергөнүн версиясы боюнча, ал кезде Өзгөчө кырдаалдар министри болгон Дүйшөнкул Чотонов 13-майда Текебаев менен Маевскийдин жолугушуусун уюштурган. Бирок «Кыргыз Аэронавигациянын» маалыматы боюнча, Чотонов 13-май күнү эртең мененки саат 11:21де Ошко учуп кеткен.

«Ошто Чотоновду күтүп жатышкан. Ал Ошто ал кезде татаал кырдаалды жөнгө салуу боюнча маселе менен бир нече күн жүргөн. Ал бир эле учурда Ошто жүрүп кантип кандайдыр бир жеке жолугушууну уюштуруп беремек эле?» — деп кошумчалады Никитенко.

Миллион доллар

Маевский менен Модин Кыргызстанга миллион долларды эки бөлүп алып келишкенин билдиришкен. «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин айтымында, бул аткезчилик болуп эсептелет жана бул факт боюнча Маевскийдин үстүнөн кылмыш иши козголушу керек болчу.

Депутаттардын пикири боюнча, эгерде Текебаевди күнөөлүү деп табышса, анда Маевский да Модин менен кошо кылмышка катышкан адамдар катары жазага тартылышы керек болчу.

Депутаттар Текебаевдин иши кайра каралышы жөнүндө Башкы прокуратурага арыз беришет.