УКМК Кулматовго айып такты

Кубанычбек Кулматов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бажы кызматынын мурдагы төрагасы жана Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго айып угузду. Аткаминерди Бишкек ЖЭБде жаңыртуу ишин аткарган Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантынан 2 млн доллар мыйзамсыз пайдаланылгандыгы үчүн айыпташууда.

УКМКнын тергөөчүлөрү Кулматовго 18-майда эле айып тагышкан, бирок бул боюнча маалыматты үч күн өткөндөн кийин гана таратышты. Ошондой эле, Кулматовду экинчи ирет суракка 21-майда чакырышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде Бишкек ЖЭБде жаңыртуу ишин жүргүзгөн Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантынан 2 млн долларды мыйзамсыз пайдаланган.

Каражат Кыргызстандын аймактарында эки мектепти курууга багытталган, бирок Кулматов, тергөөнүн версиясы боюнча, акчаны Бишкектен алыс эмес жердеги Калыс-Ордо конушунда мектеп курууга жумшаган.

«К.Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен», — деп билдирди УКМК.

Кийинчерээк мектептин курулушун аягына чыгаруу үчүн бюджеттен 100 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн, бирок макулдашууларга ылайык, окуу жай гранттын эсебинен гана курулушу керек болчу.

УКМК жеке жалданма компаниялардын биринин жетекчисин кармап, учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта.

УКМКнын кызматкерлери аткаминердин, мэриянын кызмат адамдарынын жана «Альто Групп» компаниясынын жетекчилеринин үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кулматов өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларга саясий куугунтук жүрүп атканын билдирди.

«Менин жеке пикирим — бул саясий иш. Силер Жогорку Кеңеште, шаар мэриясында мага карата эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп атасыңар», - деди ал.

Кулматов кайсыл зыян келтирүү жөнүндө сөз болуп атканын түшүнбөгөнүн айтты.

«2015-2016-жылдары биз "Калыс-Ордо" конушунда мектеп курганбыз. Бүгүн каражай максатсыз пайдаланылган деп айтышууда. Мэрия бул акчаны көргөн эмес. ТВЕА мектепти өз эсебинен курган. […] Биз техникалык көзөмөл жүргүзүп, коммуникация өткөргөнбүз. Мэрия болгону ушул эле ишти кылган. Калган ишти компания өзү аткарган», — деди Кулматов.

УКМКда Кулматовдон эч жакка кетпөө боюнча кол каты алынды.

TBEAнын гранты

Кытайдын ТВЕА компаниясы «Бишкек ЖЭБди жаңыртуу» долбоору боюнча Кыргызстанга 20 млн доллар грант бөлгөн. Жаңыртуунун өзү 386 млн доллар кытай насыянын эсебинен жүргүзүлгөн.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, гранттык каражаттан 2 млн доллар Калыс-Ордо конушунда мектептин курулушуна сарпталган. Ошондой эле, гранттык каражаттын акчалары Кара-Кече Жылуулук электр станциясындагы (ЖЭС) курулушка техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга, «Датка-Кемин» электр чубалгаларын тейлөөгө, Бишкек ЖЭБдин персоналын окутууга жана жаңы эки трансформаторду сатып алууга жумшалган.

Бирок мамлекеттик өнөр жай комитетинин аткаминерлери ырасташкандай, кытай компаниясы грантты кай жакка жумшоо керектигин өзү чечип, сатып алуулардын баасын шарттуу аныктаган. Грант каражаттары кандай сарпталганы жөнүндө деталдуу документтер жок.

Коомчулук 2018-жылдын январынын аягында Бишкек ЖЭБде болгон авариядан кийин жылуулук борборун жаңыртууга кеткен чыгымдын сарпталышын иликтей баштаган депутаттык комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыктарына байланыштуу ТВЕА менен Бишкек ЖЭБдин айланасындагы жагдайга дыкат көңүл бура баштаган.