Адам укуктары боюнча БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Эндрю Гилмор Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин айтууда. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши менен абал жакшыраарына үмүттөнөт.

Адам укуктары боюнча БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Эндрю Гилмор «Клоопко» курган маегинде укук коргоочулардын ишендирүүлөрүнө таянып, Кыргызстандын бийлиги жарандык сектордун ишине көбүрөөк тоскоолдук кылып, ЖМК үчүн сөз эркиндигин чектей баштаганын кабарлады.

Адам укуктары боюнча БУУнун башчысынын администрациясы Жээнбеков бул абалды жакшыртууга жардам берет деп үмүт кылат.

«Биз ал [Жээнбеков] жалган маалымат үчүн ЖМКга карата өз дооматтарын чакыртып алганына бөтөнчө кубанып турабыз жана бул алгачкы чаралардын бири экенине, андан сырткары, мунун артынан абалды жеңилдетүү үчүн башка чаралар көрүлөөрүнө үмүттөнөбүз», — деди ал.

Ошондой эле, Гилмор эл аралык соттордун чечимдери эми кыргыз сотторунукуна караганда төмөн туруп калган Конституцияда пайда болгон акыркы өзгөртүүлөргө капа болгонун белгиледи.

Ошол эле учурда БУУнун башкы катчысынын жардамчысы бул нерседен чоң көйгөй көргөн жок — анын пикиринде, бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы милдеттенмелерине таасир этпеши керек.

«Албетте, мындай болуп калганы абдан өкүнүчтүү, бирок, буга карабасатан Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелери кала берет. Кыргызстан эл аралык тогуз конвенциянын ичинен жетөөсүнө кол койгон жана аны сөзсүз түрдө аткаруусу керек», — деди Гилмор.