Орусиянын күч түзүмдөрү тинтүү учурунда Григорий Слабиковдон баштыкка салынган акчаларды табышты. Сүрөт: Mk.ru

Коомдук тармактардын кыргыз сегментинде жана мессенжерлерде тинтүү учурунда алынган ири өлчөмдөгү акчалар тартылган сүрөттөр тарап жатат. Бул сүрөттөрдү Бажы кызматынын экс-начальниги Нурбек Айбашевдин үйүндөгү тинтүүгө байланыштырышууда, бирок чындыгында бул андай эмес.

Сүрөттөр акыркы бир нече күнд ичинде тарай баштаган — 30-майда фотосүрөттөр Фэйсбуктагы барактарда жана «Компромат КГ», Компр.KG. сыяктуу тематикалык тайлапаларда пайда болгон.

Бир нече сааттын ичинде бул сүрөтөрдү дээрлик 200 колдонуучу бөлүшкөн. Сүрөттөрдө желим баштыктар менен сейфтерге салынган ар кандай валютадагы акчалар тартылган.

Комп.KG тайпасындагы сүрөттүн скриншоту.

Бул сүрөттөрдү майдын аягында ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу айыбы боюнча кармалган борбордук бажы кызматынын мурдагы начальниги Нурбек Айбашевдин үйүндөгү тинтүү менен байланыштырышкан.

Бирок бул сүрөттөр башында башка аткаминер, Орусиянын Ростехнадзорунун Түндүк-Батыш башкармалыгынын башчысы Григорий Слабиковдун үйүн тинтүү учурунда тартылган.

ФККнын кызматкерлери 2018-жылы 10-майда Слабиковдун батиринде жана анын шаардын чет жакасындагы үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн — күч түзүмдөрү андан ар кандай валютада миллиард рубль таңгакталган акчаларды табышкан.

Бери эле дегенде эки кыргыз ЖМКсы фейк сүрөттөрдү жарыялап, аларды Айбашев менен байланыштырышкан — алар мамлекеттик «Кабар» агенттиги (!) жана өтө белгилүү эмес «Lenta312» басылмасы. Материал жарык көрөөр алдында «Кабар» бул сүрөттөрдү өчүрүп салган, ал эми «Lenta312» сайтында ал сүрөттөр дагы эле турат.