Видео: Патрулчуну жөөлөп айдаган экс-депутаттын кызына иш козголду

Мурдагы депутат Ташполот Балтабаевдин кызы Бишкектин Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерин өз машинасы менен тебелеп кете жаздаган — бул окуяны коомдук тармактардын колдоонучуларынын бири видеого тартып калган. Кийинчерээк айдоочу аялга каршы «бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Видео 31-майда коомдук тармактарда пайда болгон — анда жолтандабас айдаган аял аны токтотууга аракет кылган патрулдук милициянын кызматкерин жөөлөп жатканын көрүүгө болот.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын версиясына ылайык, инспектор автоунааны токтотуп, эреже бузулгандыгы тууралуу протокол түзүүгө аракет кылган, бирок айдоочу ага кол коюудан баш тартып, протоколду алып алып, кетип калууга аракет жасаган.

«10-15 метрден кийин автоунаа кайрадан токтулган. Айдоочу аял Ленин райондук ИИБге жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.

Кийинчерээк айдоочу экс-депутат Ташполот Балтабаевдин кызы Нургүл Балтабаева экени белгилүү болгон. Анын күйөөсү жана Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын экс-начальниги Алымжан Козубаев да «Азаттык» үналгысына өз аялы экс-депутаттын кызы экенин тастыктаган.

«Ал жерде ошондой жагдай түзүлүп калыптыр. Бир жактуу карабаш керек. Роликтин кичине үзүндүсүн койсо башка киши, толук койгондо башкасы күнөөлүү болот», — деген Козубаев.

Бишкек ШИИБден басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, Балтабаевага каршы «бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөчү андан эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат алып, коё берди.

Ал эми мурдагы депутат өзү «vesti.kg» басылмасына эреже бузуу катталса «улуу адам өзү жоопкерчилик тартышы керек» деп билдирген.