Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголду

Осмонбек Артыкбаев

Башкы прокуратура парламенттин депутаты жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге каршы кылмыш ишин козгоду. Ал Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу боюнча Кытайдын TBEA компаниясы менен пайдасыз келишим түзгөн деп айыпталууда.

Артыкбаевге иш козголгону жөнүндө 5-июнда белгилүү болду. Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш козголду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) Артыкбаев сурак берүүгө 5-июнда чакырылган. Анын адвокаты Айжан Орозакунова кабарлагандай, тергөөчүлөр Артыкбаев жана анын мурдагы орун басары Айбек Калиев менен беттештирүү өткөрүүлөрүн маалымдаган.

Ал эми Калиевди УКМК апрелде кармап, тергөө изоляторуна камаган. Калиев Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча шектелип жатат.

Иштин башка фигуранттарынын бири мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да болуп калды. УКМК ага коррупция боюнча майдын аягында айып тагып, ал эми сот аны 5-июнда тергөө бүткүчө камакка алган.

Артыкбаевге каршы иш

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Артыкбаев 2012-2013-жылдары энергетика министри болуп турган учурда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча Кытайдын TBEA компаниясы менен Кыргызстан үчүн пайдасыз келишим түзгөн.

«[...] Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы сакталган эмес, себеби аткарылган иштердин баасынын ырастыгын аныктоо мүмкүн эмес. Талдоо айрым позициялар боюнча тандалма текшерүүдө баанын айрымасы орточо эсеп менен 20 млн долларды түзгөнүн көрсөткөн», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Мурдагы министрдин дарегине карата дагы бир айып, прокуратуранын маалыматы боюнча, ал жана энергетика тармагынын башка аткаминерлери кытай компаниясынан тийиштүү техникалык документтерди талап кылышкан эместигинде болууда, мисалы, техникалык-экономикалык негиздеме.

«Эсеп палатасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги актысына ылайык, жогоруда аталган келишимди түзүүдө сметанын негизинде деталдуу эсептер жана каражаттардын чыгым позициясынын ар бири боюнча конкреттүү смета жок болгон», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, прокуратура жалданмачынын өзүн тандоо президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жана анын администрациясынын башчысынын эки орун басары Сапар Исаков менен Нурсулуу Ахмедованын резолюциясынан кийин болгонун көрсөткөн.

Артыкбаев төрт компаниянын ичинен тандашы керек болчу жана натыйжада ТВЕАны тандап, 386 млн долларга келишим түзгөн — прокуратура компаниянын ЖЭБди жаңыртуу сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыбасы жок болчу деп айтууда.

Авторлошу: Айсымбат Токоева


ТЕМА БОЮНЧА: