Казак активисти Тунгишбаев өз өлкөсүнө экстрадицияланды

Мурат Тунгишбаев 2018-жылы 19-июнда сот отурумда. Сүрөт: Давран Игамбердиев/«Азаттык»

Атайын кызмат казак активисти жана блогер Мурат Тунгишбаевди Казакстандык укук коргоо органдарына өткөрүп берди. Активист ал жакта тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы менен байланышы бар делип шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы «Азаттык» үналгысына активист 26-июнда Казакстанга өткөрүлүп берилгенин тастыктаган.

Буга чейин бир күн мурда Октябрь райондук соту активисттин экстрадицияланышын мыйзамдуу деп тапкан. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов ошондо сот жактоочу тарапка чечимди даттанууга убакыт бербей жатканын жана бул анын коргоо алган адамынын конституциялык укуктарын бузуп атат деп билдирген.

Укук коргоочулар менен Тунгишбаевдин жакындары Бишкекте бир нече жолу аны Казакстанга экстрадиция кылбоо талабы менен митингге чыгышкан, анткени алар активист ал жакта кыйноого дуушар болот деп кооптонушууда.

«Ал түрмөдөн тирүү чыгабы же жокпу белгисиз. Анын кичинекей балдары жана мен улгайган апасы бар. Андан тышкары, Мурат кечээ күнү сотто эгер ал экстрадицияланса өз өмүрүн кыя турганын билдирген», — деп айткан активисттин апасы Бактыбола Тунгишбаева.

Активистти кармоо

Мурат Тунгишбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 10-майда Алматы сотунун жазма буйругунун негизинде кармашкан. Казакстанда ал качкын саясатчы жана оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланышы бар делип айыпталууда.

Казакстандын укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Тунгишбаев Facebook жана Telegram аркылуу «Казакстандын Демократиялык тандоосу» үчүн «маалыматтык мүнөздөгү кызматтарды көрсөткөн» — Казакстанда экстремисттик деп таанылган кыймыл — жана Аблязовдун жетекчилиги алдында кыймыл топторун уюштурган.

Адвокат Нурбек Токтакуновун айтымында, кыргыз бийлиги Тунгишбаевди экстрадициялоонун жардамы менен «Атамбаевдин Назарбаевге каршы демаршынын жыйынтыгында уят болуп калган абалдан чыгууну» каалап атат. Ал экс-президент коңшу өлкөнүн жетекчилигин «улуттук байлыктарды уурдоого» айыптаган Атамбаевдин Казакстандын бийлиги менен болгон тирешин айткысы келген.

Мурат Тунгишбаев деген ким?

Мурат Тунгишбаев — 2011-жылы нефтчилер Жаңы-Өзөндө массалык иш таштоого чыгышканда каршылык акциясын чагылдырган казак активисти.

Казак бийлиги массалык каршылыкка чыгууну катуу басып, бул 16 адамдын өлүмүнө алып келген жана анын жүздөгөн катышуучулары жаракат алып, ондогон нефтчилер башаламандыктарды уюштуруу боюнча абак мөөнөттөрүн алышкан.

Тунгишбаев өзү Казакстандын бийлиги аны блогердик ишмердиктин айынан куугунтуктап атат деп айтууда. Ал өз материалдарында ал адам укуктарынын бузулушу жөнүндө, Казакстанда сөз эркиндиги бузулуп атканы жөнүндө жана саясий куугунтуктар жөнүндө айтып берген.


ТЕМА БОЮНЧА: