2017-жылдын аягында Кыргызстандын бийлиги Нарын облусуна Ооганстандан 48 этникалык кыргызды алып келген. Өкмөт алардын ден соолуктарын чыңдоону жана билим берүүнү убада кылып, жада калса бир үй-бүлөгө турак жай да берген.

Бирок алар каникул болоору менен үйлөрүнө кете башташты, кайра кайтып келүү туурасында азырынча так кесе айта алышпайт.

Ооган кыргыздарынын тарыхый мекениндеги жашоого байланыштуу өкүнүчтөрүнүн эң башкы себеби бийлик менен өз ара түшүнбөстүк, начар жашоо шарты жана көнүшүп кетүү мүмкүн болбой жатканында. Элвира Акимова Нарын облусуна барып, ооган кыргыздарынын абалын билип келди.

Сарайдагы жашоо

18 адамдан турган оогандык кыргыздардын тобу өлкөнүн түндүгүндөгү башкы транспорттук артериялардын бири болуп эсептелген Боом капчыгайындагы тамактануучу жайда отурушат.

Аларды узак сапар күтүп турат — эки жарым саат мурда этникалык кыргыздар Нарындан жолго чыгышкан. Андан ары Бишкекке, ал жактан Ошко, андан соң гана чыгыш Тажикстан аркылуу өздөрүнүн Ооганстандагы Бадахшан провинциясынын Вахан районуна кирип барышат.

Топтун үчтөн бир бөлүгүн салттуу кызыл түстө кийимчен аялдар түзүшөт. Ошондуктан алар тамактануучу жайдагы башка кардарларга караганда көзгө дароо эле урунуп турушту.

Эркектери башына кадимки эле ак калпактарды кийип алышкан. Алардын бири жубайы, эки баласы жана агасынын эки уулу менен үйүнө кетип жаткан Сайдирахман Арапбай уулу.

Сайдирахмандын үй-бүлөсү Боом капчыгайындагы тамактануучу жайда. Сүрөт: Элвира Акимова/Клооп

Ал өткөн жылдын күз айларында ата мекенинде жашап калуу жана балдарын окутуу ниети менен Кыргызстанга келген. Анын тун уулу Хабибирахман кыргыз тили мугалими болууну кыялданчу.

Бирок ал азыр үй-бүлөсү Ооганстандан кайра келет же келбесин айта албады.

«Үйгө барганда бир чечимге келебиз», — деди Арапбай уулу.

Ал эмне үчүн так жооп бере албаганынын себебин айткысы келген жок, бирок башка ооган кыргыздары мунун себебин жашоо шартынын начарлыгы менен байланыштырышууда. Сайдирахмандын үй-бүлөсү жарым жылдан ашуун Нарын облусунун Ат-Башы районундагы сарайда жергиликтүү тургундун малын кайтарып акча таап жанын баккан.

«Мал кайтаруу үчүн ал кайра кайтып келиши күмөн», — деди анын мекендеши Абдубаит Жээнбек уулу.

Бийлик менен түшүнбөстүк

Сайдирахман Кыргызстандын бийлиги турак жай менен камсыз кылат деп күткөн.

Бирок ооган кыргыздары менен Кыргызстандын бийлигинин ортосунда түшүнбөстүк жаралгандай: Сайдирахмандын үй-бүлөсү турак жай же жер тилкесин алууну үмүттөнгөн жалгыз үй-бүлө эмес.

Өкмөт мамлекеттик программада көчүрүп келүү маселеси эч качан каралган эместигин айтат. Ошондуктан ооган кыргыздары турак жай менен камсыз болуусу керек эмес болчу дешет.

«Биз балдарды ата-энелеринин коштоосунда окутуу үчүн алып келгенбиз. Аларга жарандык берүү маселеси деле каралган эмес. Алардын каалоосуна жараша мамлекет убактылуу турак жай менен камсыз кылды», — деп ишендирет өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу.

Кыргызстандын бийлиги көчүрүп келүүнү убада кылбаса да, убактылуу билим алууга келген этникалык кыргыздар программа боюнча канча мөөнөткө көчүрүлүп келингенин айтышкан эмес. Түшүнбөстүк ушундан улам жаралган.

Кыргызстанга окуу үчүн келген балдар орто мектепти бүтүшү керек деген билдирүүлөр байма-бай маалымдалган. Бирок келгендердин арасында биринчи класстын курагындагы балдар болгонун эске алуу менен айрым үй-бүлөлөр жок дегенде он жылга калуусу керек болчу.

Мындан тышкары, келгендердин кээ бирлери Вахан районунда жокко эсе болгон медициналык тейлөөгө муктаж болушкан. Мисалы, төрт кишиде жүрөк кемтиги табылган, ал эми дагы бир келин кош бойлуу болуп келген.

Алгач бийлик үй-бүлөлөрдү бардыгын Куланак айылындагы кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырган.

Алгачкы эки ай алар жатаканадан чыгарылбай, жеринде дарыгерлердин кароосунда болушкан. Врачтар ооган кыргыздарынын иммунитети жаңы шарттарга даяр эместигине кооптонуп, аларга медициналык кароо жана эмдөө убагында жергиликтүү тургундар менен баарлашууга тыюу салынган.

Андан кийин Кыргызстандын тоолуу аймактарына адаттагыдай каардуу кыш мезгили келип, өкмөт этникалык кыргыздарды Нарын облусунун аймактарына жайгаштырган. Бул башка да көйгөйлөрдүн чыгышына шарт түзгөн.

Көнүшүү кыйынчылыгы

Ооган кыргыздарына аларды бири-биринен алыс, ар кандай аймактарга жайгаштырып коюшканы жаккан эмес. Аларга жергиликтүү кыргыздар менен көнүшүп кетүү кыйынга турган. Оогандык кыргыздардын айтымында, башка памирликтерсиз алар жалгызсырап, зээригип кетишкен.

«Кошуналар менен достукта жашайбыз: майрам күндөрү алар бизге, биз аларга киребиз. Ошентсе да бизге баарлашуу жетишпей жатат. Эгерде [башка] памирликтер кошуна болуп жашаганда Кыргызстанга оңой эле көнүшүп кетмекпиз», — деди Нарын шаарынын облустук борборунда жолдошу жана балдары менен жашаган Дөөлөт Токтакун кызы.

Дөөлөт Токтакун кызы (ортодо) жана анын үй-бүлөсү. Сүрөт: Эржан Бейшеналиев/Клооп

Бардыгы үчүн тил маселесинин жаралышы күтүүсүз болгон. Ооган кыргыздары Кытай, Тажикстан жана Индия менен Пакистандын ортосундагы талаштуу тоолуу аймактагы Вахан коридорунда жашашат.

Алар Советтер Союзунун курамында жашап, орусташууга кабылган эмес. Ооган кыргыздарынын эң сабаттуулары азыр деле кыргыз тилинде жазуу үчүн араб арибин колдонушат.

Нарын облусуна келгенден кийин памирликтер жергиликтүү тургундар сүйлөгөн кыргыз тилин жакшы түшүнө албай жатышкан. Ал эми нарындыктар да ошол эле нерсени байкашкан. Ак-Коргон айылында жашаган балдар Ооганстандан келген мектеп окуучуларынын тилин алгачкы окуу күндөрү түшүнө албай жатканын айтышкан.

«[Бизге] баарлашуу жетишпей жатат. Бардыгыбызды аймактарга бөлүп салышты, ошондуктан биз зээригип атабыз. Жөн гана сүйлөшкүбүз келет, бирок сенин тилиңди түшүнгөн адам жок», — дейт Токтакун кызы.

Кыргыз бийлиги памирликтер башында эле ар кандай аймактарга жайгаштырылаарын билишкен деп айтууда.

«Алар Кыргызстанга келе жатканда өкмөт кандай шартта жашай турушканын айткан. Ошол кезде ар кандай аймактарга көчүрүлөөрү айтылып, бул шарттарга башында эле макул болушкан», — деди өкмөттүн басма сөз катчысы.

Сайдирахман (оңдо), анын аялы Рабия жана алардын баласы. Бул сурөт 2017-жылы күзүндө үй-бүлө Кыргызстанга жаңы келгенде тартылган. Сүрөт: Алмир Алмамбетов/Клооп

Жумушсуздук

Бирок тил жана жаңы досторду табуу маселеси жакынкы келечекте чечилүүсү мүмкүн болгону менен ооган кыргыздарынын эмгекке көнүү жөнүндө маселени эч ким чече алган эмес. Бийлик улууларга кесиптик билим берүүнү убада кылганы менен окуу учурунда жан багуу үчүн этникалык кыргыздар кантип киреше табышаары түшүнүксүз бойдон калган.

Орто жаштагы Ооган кыргыздарынын колунан келген жумуштардын бири — бул мал кайтаруу. Ошондуктан көптөгөн үй-бүлөлөр жайгаштыруу маалында нарындык дыйкандардын сарайларына көчүп, мал жандыктарды кайтарып берүү менен акча таап жан багып келишкен.

Дөөлөт Токтакун кызынын күйөөсү Гапар Расул уулу Нарынга жакын айылдардын биринде жергиликтүү тургундун үй чарбасына каралашып, тапкан акчасы батиринин ижара акысын берүүгө араң жетет. Ошондуктан ал батирден чыгып кетүүгө аргасыз, себеби батирдин ээси алардын ордуна башка адамдарды таап койгон.

Гапар Расул уулу. Сүрөт: Эржан Бейшеналиев/Клооп

Бул үй-бүлөнү Кыргызстанда кармап аткан жалгыз себеп — кызы Кимиянын кош бойлуулугу. Ооганстанда көчмөн жашоого көнгөн кыргыздарда жаңы төрөлгөн бала менен көз жарган аялдардын өлүмү бийик. Алар жашаган жерде медициналык инфраструктура жокко эсе.

Кимия Кыргызстанга келгенге чейин бир баласынан айрылган, ошондуктан бул ирет ал Нарындагы ыңгайлуу шартта көз жаргысы келет. Анын күйөөсү Ооганстанга кеткендердин бири. Азыр ал жаңы төрөлчү ымыркайы менен аялын тосуп алууга кам көрүп жатат. Жаңы төрөлө турчу бала алардын үй-бүлөсүндө тун наристеси болот.

«Ошто жакшыраак болмок»

Ооган кыргыздарын нааразы кылган акыркы себептердин бири  — бул аларды бийлик эң эле бийик тоолу жана эң эле суук Нарын облусуна жайгаштырып койгонунда.

Өткөн жылдын октябрь айында бул тандоону бийлик Нарын облусунун климаттык шарты бийик тоолу Вахан райондукуна окшош болгону менен түшүндүргөн. Бирок памирликтер өздөрү мындай чечимди анчейин жактырышкан жок.

«Биз сууктан суукка келдик, кайрадан суукта жашап жатабыз», — деп нааразы болду Нарын шаарынан 3 километр алыстыкта үй-бүлөсү менен жашаган Абдубаит Жээнбек уулу.

Абдубаит көчүрүлгөндөрдүн арасында турак жайы бар жалгыз этникалык кыргыз.

Анын жубайы Жанбүбү Кыргызстандын аймагында көз жарып, наристеге ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын беришкен. Кубанычтуу кабарды уккан Атамбаев анын үй-бүлөсүнө Ак-Коргондон беш бөлмөлүү там белек кылган.

Абдубаит балдары менен жаңы үйүнүн кире беришинде отурат. Сурөт: Нуртаза Абдиев/Клооп

Абдубаит ошол үйүнө дагы эки үй-бүлөнү киргизип алган. Учурда беш бөлмөлүү үй 15 кишиге тардык кылууда.

«Алар кайсы акчага [башка эки үй-бүлө] там салышат? Ооганстанда калган бардык малды сатышса да, ал каражат жетпейт», — деп түшүндүрдү ал өзүнүн чечимин.

Башка маселе — бул эски үй жана жылуулук берүүсүндө да көйгөй бар, ошондуктан биринчи кышты өткөргөн Абдубаит эмне үчүн бийлик аларды Нарын облусуна жайгаштырганына суроо салат.

«Эгерде азыркы учурда турак жай маселеси чечилип жатканда, биз Ош облусуна жайгашсак жакшыраак болмок. Ал аймак Памирге жакын жана жылуурак», — деп эсептейт ал.

Башка ооган кыргыздары үйлөрүнө кетүү боюнча так чечим кабыл алышса, анда Абдубаит да Кыргызстандан кетет: «Эгерде башка менин туугандарым кетсе, биз да тамды сатып кетүүгө аргасыз болобуз».

Бирок андан кийин эмиграциянын кыйынчылыктарын баштан өткөргөн адам катары айткан сөздөрүнө ишене албагандай түр калтырды:

«Биздин кеткибиз деле келген жок: балдар жакшы билим алышты, кыргызча жазганды билишет, ыр да жаттап алышкан. Жада калса биздин сөздөрүбүздүн туура айтылышын да оңдоп башташты. Аларга бул жер жакты. Биз кетип калсак, балдарыбыз кийин "Эмнеге мындай кылдыңар?" деп сурашат да. Кетүү менен алардын келечегине балта чаап алам».

Автор: Элвира Акимова

Видео жана сүрөт: Нуртаза Абдиев, Эржан Бейшеналиев

Редакторлор: Айдай Иргебаева, Бектур Искендер