Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоо Юнесконун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кыргызстандагы биринчи тарыхый жай. Андагы эски жазуулар, музей, мечиттер тоонун күнгөйүндө жайгашкан. Тескей тарабынан шаар кандай көрүнөт? Сүрөт баяндан көрө аласыз.

Сулайман-Тоо жергиликтүү калк тарабынан «ыйык»  деп эсептелинип, аталышы «Сулайман падышанын тагы» деп чечмеленет.

Тоонун аймагында орто кылымдарда салынган бир нече мечит жана үңкүрлөр бар.

Анын тескейинен күндүн батып баратканын, шаардын түндүк-батыш тарабын, ал жакта жайгашкан жер үйлөрдү, шаарга кирип келе жаткан жолду көрүүгө болот.

Бул тарабында зыяратчылар аз кезигет. Анткени, ага чыгып барууга жол салынган эмес жана тарыхый эстеликтердин көбү күнгөй тарабында орун алган.

Айрымдарды тоонун боорунда жайгашкан музей кызыктырса, кээ бирөөлөр тоонун чокусуна чыгып, шаарга бийиктиктен назар салууну жактырышат.

Сулайман-Тоонун узундугу 3 километр, туурасы 1,5–2 километрге созулуп, деңиз деңгээлинен 1176 метр бийикте турат.

Бул тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилип, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон.

Сүрөттөрдүн автору: Майрамбек Таалайбек уулу