ЖАКтын жаңы сайтында кыргыз авторлорунун диссертацияларын кароо мүмкүнчүлүгү жабык

Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы Орусиянын «Диссернет» коому кыргыз авторлорунун илимий иштеринде плагиат таба баштагандан кийин өз сайтындагы диссертацияларды кароо мүмкүнчүлүгүн жапты. Комиссия диссертациялардагы плагиаттар боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартууда.

Июнь айынын башынан бери окумуштуулук даража ыйгарып, илимий иштерди жактоо үчүн диссертациялык кеңештерди түзгөн Кыргызстандын Жогорку атестациялык комиссиясынын (ЖАК) сайтынан диссертацияларды окуп же көчүрүп алууга болбой калган.

Мурдараак vak.kg/lib шилтемеси боюнча ЖАКтын сайтына кыргыз авторлорунун 1000 ашуун илимий иши жарыяланган, бирок июнь айынын башынан бери бул база пайдаланууга жеткиликсиз болуп калган.

ЖАКтын сайтынын өзү жаңыртылган, бирок порталдын эски версиясына кирүү мүмкүнчүлүгү дагы деле ачык бойдон турат. Ошентсе да азыр ал жакта диссертациялардын авторефераттары гана жеткиликтүү.

«Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобого» ылайык, комиссия илимий иш жакталгандан кийин өз сайтында автореферат менен диссертациянын өзүн жарыялашы керек.

Материалды чыгараар алдында «Клооптун» кабарчысына ЖАКтан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Диссертацияларды кароо мүмкүндүгү Орусиянын «Диссернет» коому «Клооптун» кабарчылары менен биргеликте юридикалык илимдеринин доктору Нонна Розахунованын диссертациясынан плагиаттын издерин тапкандан кийин жабылган.

Кийинчерээк «Клооп» Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаковдун илимий ишинин көпчүлүк бөлүгү көчүрүлүп алынганы жөнүндө материал чыгарган. Исаков кыргыз ЖМКларына өзүн илимий даражадан ажыратуу боюнча ЖАКка арыз тапшырганын билдирген.

Бирок ЖАК буга комментарий берүүдөн баш тарткан, себеби анын төрайымы Бакыт Тыналиева бул боюнча комментарийлерге тыюу салган.

«Төрайым августта эмгек өргүүсүнөн келгенден кийин гана бул маалыматка комментарий бере алат, ал эми азырынча биз сиздерге эч кандай жардам бере албайбыз», — деп билдиришкен ЖАКтан.

«Прецедент» компаниясынын юристтери бардык диссертацияларды кароого мүмкүнчүлүк ачууну жана окумуштуулардын диссертацияларындагы плагиат боюнча комментарий берүүнү өтүнүп эки жолу сурам жөнөтүшкөн.

Бирок комиссия сурамдын экөөсү тең туура эмес таризделген деген негизде жооп бербей койгон.