Албек Ибраимов. Сүрөт: Улан Асаналиев/RFE/RL

Маалымат 20-июлда саат жаңыртылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек мэри Албек Ибраимовду 19-июлда шектүү катары кармады. УКМК ал суракка чакырууларды «этибарга албай», эгерде кармала турган болсо «куралчан каршылык көрсөтөөрүн» айтып коркутканын билдирүүдө.

Мамкомитеттен билдиришкендей, мекеме Ибраимовдун бир эле учурда бир нече «укуктук ченемдерге каршы келген иштерге» тийиштиги бар экени жөнүндө «так маалыматтарды» алган.

Алардын бирөөсү Ибраимовдун Бишкек мэрлигинде отурган кызматына байланыштуу. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ибраимов жер участокторун жеке жактарга мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча «коррупциялык схема» түзгөн.

УКМК ырастагандай, Ибраимов 2017-жылы конкурс өткөрүүнү буйруп, натыйжада Бишкектин түштүгүндөгү (аянты 5 гектардан көп) эки жер тилкесин башка бир адамга жаздырып койгон. Кийинчерээк бул жерлер кымбатыраак баада сатылган.

Ибраимовдун тиешеси бар делген башка кылмыш иштери ал 2011-2012-жылдары жетектеген ТНК «Дастан» ишканасы менен байланыштуу.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ибраимов ишканага «атайын буюмдарды» жеткирүү боюнча келишимди кымбаттатылган баада түзүп, ал үчүн жеткирүүчү компаниядан 270 миң доллар алган.

УКМК иликтеп аткан дагы бир иш «Күнөстүү жээк» пансионатынын акцияларынын толук пакетин сатууга тийиштүү. Тергөөчүлөр бул келишимден улам заводго 152 млн сом зыян тийген деп эсептейт.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, буга чейин коррупция боюнча шектелип кармалган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун иштеринде «чындык этибарга алынбай» жаткандыктан улам Албек Ибраимовго карата тергөөнүн калыстыгына ишенбейт.

«Албек Ибраимовду “Дастан” ТУКка көп миллиондуу кирешени, ал эми мамлекетке - ишкананын тарыхында алгачкы жолу дивиденд алып келгени үчүн айыптап жатышканын дегеле түшүнүп болбойт», — деп айтылат КСДПнын билдирүүсүндө.

Ибраимов кармалгандан кийин бир нече саат өтүп өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны Бишкек шаарынын мэрлик кызматынан алуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июль күнү кечинде Ибраимовго 29-августка чейин камакта калтыруу боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 13-июлда бир добуштан мэрге ишеним көрсөтпөө вотумунун кабыл алышып, бирок премьер-министр анын отставкасын бүгүнкү күнгө чейин кабыл ала элек.

Ибраимов — Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеп турган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы тарапкери. 2018-жылдын башынан бери өз кызматтарынан премьер-министр Сапар Исаков, башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов кеткен.