Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын февраль айында өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарын коррупция менен “натыйжасыз” күрөшкө айыптаган. Сүрөт: Султан Досалиев/Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Райымбек Матриаимовдун бажы кызматынын төрага орун басарлыгына кайтып келүүсүнө уруксат берилди. Бул 25-июлда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кабыл алынды.

Коомчулук судья Алмаз Калыбаевдин чечимин терс кабыл алды. Райым-миллион деген каймана ат менен белгилүү Матраимов бир нече жолу бажы тармагындагы «көмүскө схемалар» менен коррупция боюнча айыпталган.

Матраимовдун кызматына кайтуусу жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кампаниясынын шартында болууда. Азырынча бул күрөш негизи Жээнбековдун КСДПдагы мурдагы партиялаштарын кылмыш иштери боюнча куугунтук менен коштолууда.

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Эл аралык мамилелер кафедрасынын жетекчиси Медет Төлөгөнов Матраимовдун кызматка кайтуусу президент Сооронбай Жээнбековго көңүл бурдура баштайт деп эсептейт, анткени «сот чечимдери Кыргызстанда сот чечими катары кабыл алынбайт».

«Жээнбековду көптөгөн критерий менен баалап калышат, анын ичинде анын Матраимов менен болгон мамилеси боюнча да. Ал Жээнбековдун шайлоо кампаниясы үчүн айрым ресурстарды берип турган деген сөздөр болгон», — дейт Төлөгөнов

Саясат таануучунун айтымында, Жээнбеков бир чети коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын, а бир четинен ага 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо колдоо керек болуп калышы ыктымалдыгын көрсөтүшү керек. Бул багытта Матраимовдун үй-бүлөсү Кыргызстандын түштүгүндө финансы жагынан да, авторитет жагынан да таасирдүү болуп эсептелет.

«Азыр президентте бир катар варианттар бар — бул коррупция үчүн Матраимовдун кармалышы сыяктуу кандайдыр бир кадамга баруу же болбосо башка айла-малдарды издөө. Азырынча президенттин парламенттик кампанияга карата кандай пландары бар экендиги жана ресурсту ал кайдан ала турганы түшүнүксүз болууда», — дейт Төлөгөнов.

Медет Төлөгөнов

Кыргыз орус славян университетинде (КОСУ) политология кафедрасынын мугалими Марат Казакпаев Матраимовдун кызматка келиши президенттин коррупцияга каршы аёосуз күрөшүү боюнча кампаниясына күмөн жаратып коёт деп эсептейт..

«Коом Райымбек Матраимовго абдан терс мамиле кылат, жада калса анын бейрасмий Райым-миллион деген аты бар. Ага каршы иш козгогонду мындай кой, анын кызматка кайтуусуна уруксат берип коюшту. Албетте, бул коррупцияга каршы саясатка кадыр-барк бербейт, кандайдыр бир тандама саясат жүрүп атат», — деди эксперт.

Марат Казакпаев

Парламенттин мурдагы спикери жана КОСУнун эл аралык мамилелер боюнча кафедрасынын жетекчиси Зайнидин Курманов юридикалык жактан Матраимовдун кызматка кайтуусуна уруксат берилгенинде эч бир туура эмес нерсе жок деп эсептейт, анткени аткаминердин жумуштан алынышын өзү эле «шашылыш жана туура эмес» болуп калган.

«Матраимовдун бошотулушу туура эмес таризделген. Эгер ал ошондо коррупцияга айыпталганда, анда бүгүн сот башкача чечим кабыл алмак. Бирок Матраимов сотко өзү кайрылып, кызматына кайтууга уруксат алды. Бирок бул Матраимов өзүн агартып, атын тазалап алды дегенди билдирбейт», — деди Курманов.

Анын пикири боюнча, азырынча Матраимовго карата күнөөсүздү жоромолу күчүндө турат. Ал күнөөсүз деп эсептелет. Азырынча Матраимовго каршы сот чечими катары таризделген коррупцияга байланыштуу далилденген фактылар жок.

«Ал укуктары боюнча жеңди, бирок ал өз бедели үчүн да күрөшүшү керек. Гезит беттеринде жазылгандан тышкары ал корупционер экендиги боюнча далилдер барбы? Барбы айыптар? Кана сот чечими?», — деп суроо салды саясат таануучу.

«Көмүскө тескөөчү»

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аягында Райымбек Матраимов өлкө башчынын каарына кабылган. Ал жумуш ордунан кеткен соң аткаминерди бажы чөйрөсүндө коррупциялык схемалардын «көмүскө тескөөчүсү» деп атаган.

Бул таасирдүү бажы кызматкери тууралуу «Азаттыктын» журналисттери иликтөө жүргүзүшкөн. Журналисттер Матраимовдун чыныгы байлыктары жана кыймылсыз мүлкү канчалык деңгээлде расмий кирешелер декларациясына төп келип-келбегенин иликтеп чыгышкан.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн акыркы күнүндө экс-премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду ээлеген кызматынан алган. Ага Матраимовдун иши «жетекчиликтин саясатына туура келбей калгандыгы» себеп болгон.

Кийинчерээк дал ушул туюндурма Матраимовго кызматын кайтарууга жардам берген, анткени төрага орун басарлык — бул саясий эмес, административдик кызмат.

Атамбаев Матраимовдун пайдасына чечим чыгаары менен дароо эле Жээнбековдун коррупцияга карышы күрөшүү боюнча кампаниясынын бардыгы тандалма кылмыш куугунтугу менен дискредитацияланып калды деп билдирди.

«Бүгүн элге Матраимов бажыдагы ордуна расмий түрдө кайтып келсе, келбесе да ал жана ага окшогондор өлкөдөгү ушул сыяктуу жана бюджет толтуруучу башка түзүмдөрдү иш жүзүндө башкара беришээрин көрсөтүп койду», — деп билдирди Атамбаев.

Ал эми Жээнбековго жакын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү азырынча мындан ары эмне кылаарын, сот чечимин даттанып-даттанбасын же Матраимовго кызматка кайтуусуна мүмкүндүк берип-бербесин чече элек.

Матраимов өзүнүн кызматка кайтарылышын да, коомчулук тарабынын сот чемине карата реакциясына да эч кандай комментарий бере элек. Болгону анын сот чечимине кубанган агасы жана КСДПнын депутаты Искендер Матраимов гана билдирүү жасады.

«Ал саясий кызматты ээлебейт, ошондуктан ал кызматтан бошотулган берене туура эмес болгон. Административдик кызматкерлер текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде гана бошотулат. Алар өздөрү эле бошотуп койгону туура болбой калган», — деп билдирди ал.

Зайнидин Курманов