Июль айынын башында коомдук желеде ысып жаткандар менен өтмө шамалдан корккондордун ортосундагы талыкпаган тирешүү жөнүндө видео пайда болгон:

«Клооптун» редакциясы бул талашка чекит коюп, артыңда иштеп жаткан кондиционерден же өтмө шамалдан кооптонууга негиз бар же жок экенин билүү үчүн врачтарга суроо менен кайрылып көрдү.

Эгерде кыскача айсак: дең соолугуңуз чың болсо өтмө шамал кооптуу деле эмес, бирок баары бир денени ашыкча ысытып же муздатып жиберүүнүн кереги жок, (өзгөчө, эгерде сиз жакында эле оорудан айыгып же эгерде сизде өнөкөт дарт бар болсо) анткени ооруп калышыңыз толук мүмкүн.

Дени сак адамдар өтмө шамалдан ооруп калышы мүмкүн эмес

Врачтардын айтымы боюнча, суук тийүүгө муздак шамал эмес, вирустар себеп. Суук тийүүдөн ооруп калуу оңой, анткени организм жылынуу үчүн аракет жасайт да коргоо функцияларын төмөндөтөт.

«Эгер баланын иммунитети төмөн болсо, бала жашына жараша өнүкпөсө, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар болсо, суук тийүү ого бетер абалды оорлотуп же курчутуп салышы мүмкүн», — дейт педиатр Каныкей Дүйшөмбиева.

Ал өтмө шамал балдардын ден соолугу үчүн анчейин деле кооптуу эмес деп түшүндүрүүдө.

«Дени сак бала өтмө шамалдан ооруп калышы деле мүмкүн эмес. Бирок ысык желден ал тердеп, ал эми муздак желден ооруп калышы мүмкүн. [...] Бала тердеп кеткендиктен ал тумоолоп эле калбастан, денеде чыйкан жана ар кандай майда бүдүр-бүдүр тактар пайда болушу ыктымал», — дейт Дүйшөмбиева.

Ал кыргызстандыктар балдарын чыйралтуунун ордуна ороп-чулгоого көнүп калышкан деп айтууда.

«Менин оюмча балдардын кийимин алмаштырып, ороп-чулгоонун ордуна салкын жерде кармоо керек. Эгер сиз терезени бираз ачып койсоңуз балага андан эч нерсе болбойт. Эгер баш кийимди учурган шамал болбосо, жеңил муздак аба балага деле ыңгайлуу», — дейт врач.     Дүйшөмбиева жайкысын баланын температурасын карап турууну сунуштайт, антпесе бала ысып же сууктап кетиши мүмкүн. Анын пикири боюнча, авто унаанын же бөлмөнүн ичин желдетип туруш керек.

«Кондиционер колдонсо болот, бирок аны туура температурада колдонуу зарыл. Бөлмө ичинде температура 22-24 градустун тегерегинде болушу абзел», — деп жыйынтыктады врач.

Катуу суук өтө коркунучтуу

Отоларинголог Мунар Бейшенованын айтымында, муздак шамал жаңы эле ооруп сакайган же өнөкөт оруулуу адамдарга абдан коркунучтуу.

«Лор оорулары көпчүлүк учурда кайталанышы мүмкүн. Мисалы, адам мурда гайморит болуп ооруса, суук тийсе же иммунитет төмөндөгөндө дароо эле кайра ооруп калышы мүмкүн», — дейт врач.

Бирок анын пикири боюнча, адамдарга таза аба керек жана терезени ачып бөлмөнү желдетип туруш кажет. Ошол эле учурда бөлмөнүн ичи өтө муздап кетпешин да байкап коюу ашыкча болбойт.

«Кондиционер абдан эле муздак жел үйлөп коюшу ыктымал, ошондон улам оору-сыркоолор пайда болот. Ошондуктан кондиционерди температура төмөн эмес кезде колдонуу керек», — деп белгиледи Бейшенова.

Терапевт Гүлзана Сакееванын пикиринде, организмдин кескин муздап кетиши сезгентип коюшу мүмкүн.

«Эшикте абанын температурасы абдан жогору, ошондон улам адамдын организми 34-36 градуска чейин ысып кетет. Ал эми бөлмөгө кирип же өтмө желдин алдына туруп калганда организм дароо муздап кетет. Өз кезегинде бул стресске, ал эми стресс тумоого, андан кийин сезгенүүгө алып келет», — деп түшүндүрөт врач.

Ал кондиционерди өз ыгы менен колдонуп, анын чыпкасын тазалап туруш керек деген кеңешин берди.

«Ар бир организм түрдүү реакция кылат: эгерде адамдын иммунитети абдан эле күчтүү болуп, зыяндуу адаттары жок болсо, анда мындай кишиге суук тийип калышы деле мүмкүн эмес», — деп белгиледи терапевт.