Данияр Үсөнов — 2010-жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин өлкөдөн кеткен Кыргызстандын качкын премьер-министри. Ал кайрадан кыргыз ЖМКларында талкууга алынган фигурага айланды.

Ага окшош (өтө ошкош) адам Даниил Урицкий деген ат менен Беларустун маалымат каражаттарында пайда болушу коомчулуктун көңүлүн Үсөновго бурду.

Бул ЖМКда жарыяланган Урицкий-Үсөновдун биринчи сүрөтү. Азыр ал «Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясынын» (БУБК) ачылышындагы көрүнүшү:

Сүрөт: Tut.by

Ал эми Кыргызстандын өкмөтүн башкарып турган жылдарда Үсөнов төмөндөгүдөй болчу:

Чынында Урицкий деген Үсөнов эле болушу ыктымал, себеби алар тышкы келбети боюнча абдан окшош, ал эми Белорусияда 2010-жылдан бери Үсөнов жакын болгон качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү жашырынып жатат.

Урицкий-Үсөнов өзү naviny.by басылмасына курган маегинде чыныгы премьер Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп билдирген. Урицкий-Үсөновдун билдирүүсүн азырынча тастыктоого мүмкүн эмес.

Данияр Үсөнов деген ким экенин (Бакиевдин башкаруусу учурунда абдан кичинекей болгон же унутуп калгандар үчүн түшүндүрөбүз): Үсөнов Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда 2009-2010-жылдары Кыргызстандын премьер-министрлик кызматын аркалаган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Үсөнов качып кеткен, ал эми кийинчерээк ал 80 адам набыт болгон төңкөрүш күнү каршылыкка чыккандарды массалык атуу үчүн Кыргызстанда сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган.Андан сырткары, Үсөнов Бишкек мэри болуп турган кезде ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы боюнча айыпталууда — бул үчүн ал 15 жыл абакка кесилип, мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан.

Кыргызтанда буга кандай реакция болду?

Албетте кыргыз бийлиги менен ТИМ Урицкийди качкын премьер-министр деп таап, Беларустун убактылуу ишенимдүү өкүлү аркылуу Үсөновдун алардын аймагында жүргөнүдүгүнө байланыштуу нааразычылыгын айтышкан.

Ошондой эле, бул маалымат кыргыз парламентинин депуттарынын да көңүлүн бурдурган. Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев парламентте качкын Үсөнов жөнүндө талкуу болоорун «Азаттык» үналгысына билдирген.

«Бизде Беларус менен көп келишимдер жок. Бакиевдер кеткенден кийин эле кээ бир маселелерде мамилелер жакшы болбой калган. Акыркы убакта алакабыз оңолуп келе жатты эле. Эми Данияр Үсөнов чыкты. Сентябрда иш башталганда карайбыз, мындай маселени сөзсүз караш керек. Балким ошол жакта Кыргызстанда уурдаган акчасын салып жаткандыр? Аны карап көрүш керек», — деп билдирген Нурбаев.

Урицкий-Үсөнов жөнүндө дагы эмне деп жазышкан?

ЖМК Үсөновдун Урицкийге окшоштугу жөнүндө 2017-жылы декабрда эле жазып чыккан, ал эми Урицкий Белорусиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясын башкара баштаганы боюнча буга чейин эле 2016-жылы белгилүү болгон. Ошондо эле журналисттер БУБК Бакиевдердин үй-бүлөсү менен байланыш же байланыш эместигин сурап, Урицкий боюнча маалыматты тактай башташкан, бирок ал комментарий берүүдөн баш тартып койгон. Ал эми «TUT.by» басылмасы өз маалымат булактарына таянып, ишкананын Бакиевдер менен байланышы бар экенин жазып чыккан.

БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.

Урицкийдин-Усөнов менен байланышынан тышкары, БУБКнын дагы бир кыргызстандык Рифат Утюшев менен байланыштыгы бар. Утюшев Бакиевдин учурунда ачылган Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондунда каржы директорунун кызматын аркалаган.

Бакиевдин БУБК менен байланышында эмне белгилүү экенин окуңуз: Курманбек Бакиев биотехнологияга инвестиция салды