Кыргыз ырчысы Самара Каримова 23-августта өз «Инстаграмына» бир миллиондон ашуун катталуучу топтогон. Ал кыргызстандыктардын арасында мындай чектен өткөн биринчи адам.

Бул жетишкендикти ал өз аккаунтунда пост жазуу менен белгилеген. Ошондон кийин ЖМКлар Каримова жөнүндө жазышып, ал эми колдонуучулар ырчыга коомдук желеде куттук айта башташкан.

Ырчы 23-24-августта бул рекорддун урматына Ош жана Бишкек шаарларында иш-чара уюштурат.

Кыргызстандын башкы телеканалынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков твиттерде бир млн катталуучу — бул «көрсөткүч» деп жазып, Каримованы «өлкөнүн таасирдүү аялдарынын бири» деп атаган.

«Клооптун» редакциясы Самара Каримованын инстаграмынын статистикасын изилдеп, ага жазылгандардын жүрүм-турумунан күмөндүү кубулуштарды аныктап чыкты. «Клооп» өз изилдөөсүндө LiveDune жана HypeAuditor сервистерин колдонгон.

Каримованын инстаграмын талдоодо LiveDune сервиси анын ар бир постуна орточо 11 миң колдонуучу лайк басаарын көрсөткөн – бул башка бир миллион катталуучусу бар аккаунтарга салыштырмалуу эки эсе аз. Демек бул чоң сандагы «жансыз» аудитория тууралуу кабар бериши ыктымал.

Ал эми Каримованын постундагы лайктардын өзү LiveDuneдун талдоосуна ылайык, «жасалма жол менен топтолушу ыктымал».

Эгер ырчынын постторун талдап көрсө, андагы лайктар акырындык менен эмес, дароо эле кескин беш миңдик секирик менен кошулуп калаарын байкоого болот.

Каримованын бул постунда жогоруда аталган нерсе эки жолу болгон (графикадагы көк сызык):

Ал эми бул постто бир жолу секирик болгон:

Бул постто да 5 миңдик секирик эки жолу байкалган жана ал түнкүсүн болгон:

Каримованын инстаграмын HypeAuditor сервиси аркылуу талдоо анын 400 миңге чукул катталуучусу шектүү аккаунттарга тиешелүү экенин көрсөткөн.

Ал эми Каримова инстаграм аккаунтун өзү колдоноорун жана жасалма катталуучу топтоо тууралуу эч нерсе билбестигин «Клооптун» кабарчысына билдирди.

«Менин инстаграмым активдүү. Мен кечинде элдер жумуштан кайтканда жана түштөн кийин [cүрөт] салганда лайктар аябай көп болот. Ар кандай убактарда салам. Мен элдер интернетте активдүү эмес деп ойлойм. Кирип-чыгып турушат. Көргөн маалда лайк басып, көрбөгөн маалда лайк баспайт деп ойлойм», — деп түшүндүрдү ырчы.

Ырчынын айтымында, ал түз эфирлер аркылуу катталуучулары менен дайыма баарлашып турат. «Менин катталуучуларымдын баары жигердүү», — дейт ал.

Самара Каримова 2011-жылы Ош драма театрынын директору Асан Мансуровго турмушка чыккан. Ал эми эки жылдан соң кыргыз эстрадасында ырдап чыга баштаган.

Мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков 2017-жылы Каримованы «Сулайман-Тоо» музейинин директорлук кызматына дайындаган. Бирок эртеси күнү Каримова коомдук тармактардагы сын-пикирлерден улам бул кызматтан баш тартып койгон.

Ошол эле жылы күзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев ырчыга Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарган.

Авторлошу: Элвира Акимова, Назгүл Дөлөткелдиева

Бул изилдөө жактыбы? Анда миграция тууралуу дагы бир маанилүү изилдөөнү окуңуз:

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт