Евгений Гуревич менен болгон маектен скриншот.

Максим Бакиевдин мурдагы каржы кеңешчиси Евгений Гуревич «Азаттык» үналгысына кеңири маек курган. Ал өз маегинде бийликтен кулатылган Бакиевдер коррупциялык иштерин кантип жүргүзүшкөндүгүн жана Кыргызстандан 200-300 миллион акча чыгарып кетишкени жөнүндө билдирип, муну документалдык түрдө такстыктап берээрин айткан.

Гуревич Максим Бакиев Кыргызстандан ири суммадагы акча каражаттарды чыгарып жатканда анын командасында иштегендигин моюнга алат. Анын эсеби боюнча, Бакиевдер бийликте турганда өлкөдөн 200-300 миллион доллар акча чыгарып кеткен. Ал аны тастыктай алат.

Бирок Гуревич 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргызстандын өкмөтү ага таккан кээ бир айыптарга макул эместигин билдирүүдө. Ал Кыргызстанга кайтып келбесин айтууда, анткени өлкөдө сот системасы иштебейт. Бирок Гуревич чыгарылып кеткен акчаларды кайра кайтаруу үчүн бийлик менен кызматташууга даяр. Анын айтымында, ал Кыргызстандын жана АКШнын прокурорлоруна далилдерди өткөрүп берген, бирок алар буга кызыкпай калышкан.

Гуревич кыргыз элинин алдында өз күнөөсүн сезет. Бирок аны Бакиевдерди бийликке алып келген «шайтан жана мокочо» катары көрсөтүп жатышканына макул эместигин айтууда. Анын айтымында, Максим Бакиев анын өмүрүн сактап калган, ошондуктан Гуревич ага АКШдагы 30 жылдык абак мөөнөтүнөн кутулууга жардам берген.

Евгений Гуревичтин «Азаттыкка» курган маеги:

Максим Бакиев — 2010-жылы апрелде кулатылган эгемен Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин уулу. Бийлик алмашкандан кийин ал Кыргызстандагы финансылык алдамчылык үчүн айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 25 жылга соттолгон.