Өрт 1-сентябрь күнү кечинде Лебединовка айлында жайгашкан «Арзу» ресторанын каптаган. Тилсиз жоону сегиз сааттан кийин гана, 2-сентябрь күнү эртең менен өчүрүүгө мүмкүн болгон. Алдын-ала маалыматтар боюнча, каза тапкандар жана жабыркагандар жок.

Маалымат саат 10:30да жаңыртылды

Өрт ашкана тараптан чыгып, ал учурда ресторанда 300гө жакын адам болгон. Ресторандын кардарлары менен кызматкерлери токтоосуз жана ыкчамдык менен эвакуациялангандыктан эч ким жабыркаган эмес.

Кечки саат 21:09да үч өрт өчүргүч техникасы келип, андан соң анын саны алты машинага чейин көбөйгөнү белгилүү.

Сегиз сааттан кийин өрт өчүргүчтөр тилсиз жоону чектей алышкан. Бирок аны таң аткыча өчүрүүгө туура келген.

Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин сегиз сааттан соң ал таңкы саат 4:30 чектөөгө алынган.

Азырынча ӨКМ өрттүн масштабы менен келтирилген зыян жөнүндө маалымат бере элек. Бирок күбөлөрдүн видеосунан имарат абдан эле жабыркаганын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттүн чыгышына имараттын ичиндеги жарылуу себеп болгон.

«Ушунчалык катуу жарылып, үйдүн терезелери ыргып кете жаздады. Ал жакта атамдын досу болгон экен. Ал башында бир нерсе түтөй баштап, андан кийин жарылып кеткенин айтты. Үндөргө караганда имарат ичинен кыйрай баштаса керек», — деп билдирди күбөлөрдүн бири «Клооптун» кабарчысына.

Жарылуу жөнүндө маалыматты кафенин кызматкери да тастыктаган.

«Ал учурда кафеде үйлөнүү-үлпөт тою менен бир нече иш-чара өтүп жаткан. Имараттын ичинде адамдар көп болчу. Өрт чыккандан кийин бардыгы дароо эвакуацияланды. Эч ким жабыркаган жок», — деп айткан ал «Спутник» басылмасына.

Материалдын үстүндө иштегендер: Марат Абдыкалыков,

Эдиль Байызбеков,

Айдай Иргебаева,