«Бриллиант кол» тасмасында Нонна Мордюкова үй башчысынын ролунда. «Мосфильм», 1968-жыл.

Үй башчы тургундардан акча жыйнап, бирок чыгымдар боюнча отчёт бербей жатабы? Интернет коштуруп же провайдерди алмаштырыш үчүн чатырдын ачкычын бербей жатабы? Ал эмнелерге укуктуу экенин түшүндүрөбүз.

*аты өзгөртүлдү

Бишкектин тургуну Бегимай* өзүнүн үй башчысы менен таанышкан күндөн тартып, тагыраагы алты жылдан бери урушуп-талашып келет. Ага кыздын менчик ээлеринин шериктештигинин (МЭШ) мүчөсү болуп туруп, мүчөлүк төгүм төлөбөгөндүгү себеп болгон. Ал аны атайылап эле төлөчү эмес, анткени ал МЭШ юридикалык жак катары каттоодон өткөн эмес деп ишенет.

Ал шериктештиктин документтери менен бюджетин көрсөтүүнү суранганын айтат. Бирок үй башчысы баш тартып, ага аныктаманы, чатыр менен жертөлөөнүн ачкычын жана үйдүн алдына унаасын токтотконго уруксат бербей кысым көрсөтө баштаганын кошумчалады.

Чыр-чатак кошуналардын арыздануусу боюнча Бегимайга аймактык милиционер келгенге чейин жеткен.

«Арызда мен үйдүн канализациясын булгап, өмүрүмдө көрө элек эжени, тагыраагы тазалык ишин аткарган кошуна аялды кемсинтип, тамекинин калдыктарын ыргытат деген сыяктуу маанисиз жана тантырак нерселерди жазышыптыр», — дейт ал. Анын айтымында, бул айыптоолор ойдон чыгарылган жана үй башчысы менен алдын ала сүйлөшүлүп жазылган.

Натыйжада Бегимай талаш-тартышты токтотуп, мүчөлүк акы төлөй баштаган. Бирок ошентсе да ага эч кандай документ жана отчётторду көрсөтүшкөн эмес. Ал кошуналардын бири да ыңгайсыз маселелерди көтөрүп, үй башчысы менен урушкусу келбегенин айтууда.

Бишкектик Роман да интернет коштуруу үчүн үй башчысы менен талашып-тартышкан күндөрү болгон. Ал үй башчысы тургундардын интернет провайдерди тандоо укугун чектеп, «Фастнеттен» бөлөк операторлорго кошулууга жолтоо кылганын айтат.

«Үй башчысы өз жоругун "Фастнет" менен келишимге кол коюлуп калгандыгы менен түшүндүргөн. Ал эми калган провайдерлерди ал үйдүн чатырына зыян тийгизишет деген жүйөө менен жолотпойт», — дейт ал.

Үй башчысы эмне үчүн керек?

Үйдү ар кандай жолдор менен башкарса болот: үй комитети, МЭШ же турак жай кооперативи аркылуу. Негизинен алардын милдеттери окшош, бирок кээ бир айырмачылыктары бар.

  • Үй комитети — бул үй тургундарынын бирикмеси. Ал башкарма шайлана турган жалпы жыйналышта түзүлөт. Комитет курамына жок дегенде үч адам киргенде шайланды деп эсептелинет.

Үй комитети эки жыл иштеп, андан соң кайра шайланышы мүмкүн. Ал шайлоочуларга, шаардык кеңешке жана муниципиалдык аймактык башкармалыктарга (МАБ) отчёт берет. Комитет чатыр оңдоо, үйдү абаттоо же анын айланасын тазалоо сыяктуу чарбалык маселелерди чечиши керек.

  • Менчик ээлеринин шериктештиги (МЭШ) — бул көп батирлүү үйлөрдөгү жашоочулардын коммерциялык эмес бирикмеси. Шериктештик түзүү үчүн батир ээлеринин жарымынан көбүнүн колдоосун алыш керек.  Шериктештиктин ишмердиги үчүн юридикалык жак түзүү шарт.

МЭШтин уставы, бюджети, башкармасы жана ревизиялык комиссиясы болот. Ревизиялык комиссия шериктештиктин аудитин жүргүзөт, ал эми башкармалык чарбалык маселелерди чечип, МЭШтин мүчөлөрүнөн милдеттүү төгүм жыйнайт. Үй комитетине караганда шериктештиктин өкүмчүл ыйгарым укуктары көбүрөөк. Шериктештик мүлктү ижарага берип, банктардан карыз ала алат.

  • Турак жай кооперативи — бул дээрлик МЭШ сыяктуу эле бирикме. Аларды майда-чүйдө эле нерселер айырмалап турат. Турак жай кооперативин түзүү үчүн болгону жети адам эле керектелет.

Ошондо ким үй башчысы деп айтылат? Бул сөз «үй комитети» деген эле сөздүн кыскартылып айтылышы. Бирок күнүмдүк турмушта үй башчысы деп үй комитетинин төрагасын же МЭШтин жетекчисин айтышат.

Үй башчысынан кантип өз таламыңды талашса болот?

«Прецедент» юридикалык компаниясынын юристи Ильяна Жедигерова үй башчы тургундарга чатырга чыгууга тыюу сала албайт деп билдирди. Анткени үй тургундардын жалпы менчиги болуп саналат.

Юрист кошумчалагандай, эгерде үй башкармасынын кайсы бир интернет провайдер менен келишими болуп, ал эми жашоочу башка операторго кошулгусу келсе, анда үй башчы тургундун провайдерди тандоо укугун чектей албайт. Эгерде мындай нерсе орун алса, анда үйдүн жашоочулары үй комитетине доо катын жазышы керек. Эгерде үй башчы тоготпой койсо, анда мэрияга караштуу муниципиалдык аймактын башкармалыгына кайрылуу абзел.

«Үй башчыларга мэрия аркылуу таасир этсе болот. Алардын үстүнөн арыз жазып, документтерди талап кыла баштасаң коркуп калышат. Ал эми менчик ээсинин буга укугу бар, анткени бул жалпы менчик», — деп түшүндүрөт Жедигерова.

Эгерде үйдүн жашоосучу МЭШтин мүчөсү болсо, анда ал шериктештиктин жалпы жыйынында үй башкармасынын укук ченемдеринен чыккан аракеттери жөнүндө маселени көтөрө алат.

«Ия жана компания» МЭШнин төрагасы Ия Жихарева үй башчылардын жашоочулар менен болгон чыр-чатагын кутулууга мүмкүн эмес «адаттагы көрүнүш» деп атады. Ал үй башчылар менен шериктештиктерди жашоочулар колдоп турса эле натыйжалуу иш алып барууга болот деп эсептейт.

«Адамдарда үй башчы же шериктештиктин төрагасы акча алгандан башка эч нерсе билбейт деген ой калыптанып калган. Ошол эле маалда алар жалпы менчик — бул алардын менчиги экенин түшүнө беришпейт. Аны караш үчүн өздөрү да салым кошушу керек: акча чыгарып, үйдүн аймагын тазалоо жана башка чарба иштерге катышуу», — дейт Жихарева.

«Прецедент» юридикалык компаниясындагы Ильяна Жедигерова менчик ээси шериктештикке кошулбаса да жалпы менчикти колдоп турууга акча төккөнгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Бирок ошону менен бирге ал бул шериктештиктин документтерин жана отчётун талап кыла алат дегенди да билдирет. Эгерде шериктештиктин төрагасы аларды көрсөтүүдөн баш тартса, анда менчик ээси доомат жазып же үй башчысы менен соттошо алат.

«Эгер менчик ээси акча төлөп жатса, анда ал документтерди сурай алат, анткени бул анын жашап жаткан аймагынын бир бөлүгү», — деп жыйынтыктады Жедигерова.

Материалдын үсүндө иштегендер: Айгерим Чилдебаева,

Бермет Жумабаева,

Эмиль Султаналиев