Бишкектин Биринчи май райондук соту «Вечерний Бишкек» басылмасынын мурдагы ээси Александр Кимдин арызын карайт. Ал 2015-жылы гезит рейдерлик жол менен басылып алынып, ошондон улам басылма Александр Рябушкинге өтүп кеткен деп билдирүүдө.

Иш 4-сентябрда эле Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча козголгон.

Андан тышкары, Рябушкиндин мүлкүнө, анын «Вечерний Бишкек» басма үйүндөгү акцияларына жана ага байланыштуу «Рубикон» компаниясы камакка алынган. Иликтөө амалдарын ИИМдин тергөө тобу жүргүзөт.

«Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси Александр Ким Башкы прокуратурага берген арызында 2014-2015-жылдары сот аркылуу «рейдерлик жол менен басылып алынгандыгы» жөнүндө жазганын «Клооптун» кабарчысына айтып берди.

«Мен эмне үчүн сот чечимдери көптөгөн процессуалдык жоболорду бузуу менен кабыл алынганын түшүндүрүп бердим. Тагыраагы, судья каалаган чечимин чыгара алат, бирок ал процессуалдык кодексти буза албайт, анткени бул ар бир сот өндүрүшүнүн негизи болуп эсептелет. Мисалы, доо арыздын эскирүү мөөнөтү үч жылды түзөт, а булар болсо Рябушкиндин арызын 14 жылдан кийин канааттандырышууда», — деди Ким.

Ал «Вечерний Бишкектин» ээсин алмаштыруу боюнча айрым сот отурумдары анын катышуусу жок эле өткөнүн кошумчалады.

«Отурумду эртең мененки саат тогузга белгилешип, ал эми кабарды мурунку күнү кечки саат алтыда жөнөтүшкөн. Сот мындай эреже бузуу менен чечим чыгарып, отурум өткөрбөшү керек. Бул сот башаламандыгы», — деди Ким.

Анын пикири боюнча, эреже бузуу менен кабыл алынган сот чечимдери ага басылма «рейдерлик менен басылылып алынганы» жөнүндө айтууга укук берет.

«“Вечерний Бишкекке” так эле ушундай болду. Мурдагы чечимди чакыртпай туруп эле кантип чечим чыгарса болот? Ал чечим боюнча Рябушкиндин менчикке болгон укугу жок. Ал өз үлүшүн саткан жана ал менчик ээси эместигин көрсөткөн сот актылары бар», — деп билдирди Ким.

Сот аткаруучуларды текшерүү

Башкы прокуратуранын басма сөз борборунун начальниги Наргиза Куватова иш факт боюнча Кимдин арызынан кийин козголгонун жана азыр тергөө андагы маалыматты текшерип жатканын «Клооптун» кабарчысына айтты.

«Факт боюнча иш чын-төгүн аныктоо үчүн козголот. Бул иштин алкагында Кимдин арызындагы фактыларды аныктоо үчүн тергөө амалдары жүргүзүлөт», — деди ал.

Куватова кошумчалагандай, азырынча Кимдин басылманы өзүнө кайтарып же кайтара албасы жөнүндө айтуу эртелик кылат: «Баа берүү эрте. Ал иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча гана берилет».

«Вечерний Бишкек» медиа холдинги менен байланыштуу «vb.kg» интернет басылмасынын мурдагы башкы редактору Дина Маслова Ким бул «майнапсыз» болот деп эсептеп, мурда арыз бербей жүргөнүн «Клооптун» журналистине кабарлады.

«Мен эгер мурдагы президент [Алмазбек Атамбаев бийликте турса] ишти карашмак эмес деп ойлойм. Күтүүлөр деле жок, бирок ишти карашат деген үмүт бар, анткени рейдерлик болгону анык эле болуп турат жана менчик ээлерин алмаштыруу өтө эле мыйзамсыз болгон», — деди Маслова.

Анын пикирине ылайык, басылманын иши боюнча чечим чыгарышкан прокурорлор, сот аткаруучулар жана судьялар «мыйзарды бузушкан жана ал үчүн өз жазаларын алышы керек».

2015-жылы «Вечерний Бишкек» Кимдин көзөмөлүндө турган кезде, басылманын редакциясы «рейдерлик басып алууну» ошол кездеги президент Атамбаевдина айланасындагылар менен байланыштырып, жада калса коомчулукту ага каршы биригүүгө чакырган.

Макала жарык көрөөр алдында Александр Рябушкин комментарийлер үчүн жеткиликсиз болду. «Вечерний Бишкектин» редакциясынан билдиришкендей, басылманын юристтери 12-сентябрда бул иш боюнча билдирүү жасашат.

«Вечерний Бишкектин» ээлеринин алмашуусу

Александр Ким «Вечерний Бишкек» басылмасына 2015-жылдын 1-сентябрына чейин ээлик кылган. Соттук териштирүү 2014-жылдын күзүндө өз акцияларын кайтарып алгысы келген басылманын тең кожоюну Александр Рябушкиндин билдирүүсүнөн кийин башталган.

2000-жылы компаниялардын үлүшүн мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алган соң Рябушкин «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикондун» акцияларынын жарымынан кол жууган.

Рябушкин келишим кысым астында түзүлгөнүн билдирип, ага «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жыл үчүн компенсация иретинде 15 миллион долларды өзүнө кайтарып берүүнү талап кылган.

Соттун чечими менен Александр Рябушкин Кимге таандык болгон 50 пайыз акцияларга ээ болгон.

Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлор кеңешинин курамы алмашылган. Ким мындай чечимдин артында «бийлик турат» деп билдирген. Редакция гезитке кысымды президент Атамбаевдин администрациясы, анын кеңешчиси Фарид Ниязов жана администрация башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов көрсөтүшү ыктамал деп эсептеген.

Аткаминердин экөөсү тең «Вечерний Бишкектин» ээлеринин алмашуусуна тиешелери жоктугун айтышкан. Илмиянов бул билдирүүлөрдүн шартында отставкага кеткен, ал эми Ниязов болсо басылманын шектенүүсү — бул «кезектеги калп» деп билдирген кайрылуу жасаган.

«Вечерний Бишкек» басылмасы 2015-жылы Рябушкиндин башкаруусуна өткөндөн кийин «vb.kg» интернет басылмасынын мурдагы башкы редактору Дина Маслова «Заноза» (ал кийинчерээк Атамбаев тарабынан берилген сот арыздарынан улам жабылган) деген аталышта жаңы басылма ачкан.