Бишкек мэри Азиз Суракматов борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайткысы келип, коомдук транспортто электрондук билеттерди киргизүүнү убада кылды. Ушул эле нерсени акыркы он жылда Бишкектин бардык мэрлери убада кылып келишкен (ал эми келип кеткен мэрлердин саны аз эмес).

Суракматовдун айтымында, мэрияга маршруттук таксилердин үстүнөн арыздар көп түшөт. (Маршруттук таксилердин ишине нааразылыктар Бишкекте маршруткалар пайда болгон күндөн бери түшүп келет; «Клооптун» редакциясындагылар Суракматовдун автоунаасынан тонировканы алып салгандан кийин бул көйгөйдү байкады деп тамашалашууда.)

«Жол кыймыл эрежелерин сактабай, каалаган жерден жүргүнчүлөрдү марштурткага салып, салондорго элди жыйып алып айдаган көрүнүштөрдү тез арада токтотуу керек», — деди (билерман өңдөнгөн) Суракматов кеңешмеде.

Ошондой эле, Бишкек мэри кеңешмеде калаанын коомдук транспортунда электрондук билет системасын киргизүүнү калап жатканын билдирди. (Суракматов мындай сунушту киргизген алгачкы мэр эмес, электрондук билет системасын киргизүүнү 2015-жылдан бери убада кылып келишет.)

Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Хасанбек Алимбеков накталай эмес төлөм киргизүү үчүн алгач шаар бийлиги жаңы автобустарды сатып алышы керектигин «Клооптун» кабарчысына айтты. (Ошондуктан кыязы жакынкы жылдары эч нерсе деле өзгөрүп кетпеши ыктымал.)

«Аларга түшүндүрдүк, келечекте өкмөттүн токтомуна ылайык, коррупция элементтери менен көмүскө бизнестен кутулуу үчүн акырындап накталай эмес төлөмгө өтөбүз», — деди (ак көңүл) Алибеков.

Анын айтымында, электрондук билет системасы качан киргизилээри так эмес. (Nuff said.)

«Маршруткалар акырындык менен шаардын чет жакасына чыга баштайт», — деди ал. (бул жерде негизги сөз — «акырындык» менен.)

Бишкектин борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден тазалоо — бул бүгүн эле пайда боло калган жаңы идея эмес. Ал жөнүндө 2009-жылы мэр Нариман Түлеев да айткан. (Ошондон бери Бишкекке Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов мэр болушту, бирок эч кимиси маршруттук таксини тазалай алган жок. Же каалашкан жок.)

Башында текстти Алексей Журавлев жазган. (Кашаанын ичиндеги эркертмелерди Бектур Искендер кошту.)