Орусиянын «Ростех» мамкорпорациясынын туунду ишканасы «Вега» концерни Кыргызстандын жолдорунда камераларды орнотуу боюнча тендерди жеңип алды. Ишкана радиолокациялык жана чалгындоо жабдыктарын өндүрөт.

Орусиянын компаниясы Кыргызстандын жолдорунда коопсуздук камераларды орнотушу керек. Анын жеңишин тендердик комиссиядагы парламенттин эки депутаты тастыктап берди.

Сурамжылоого алынган депутаттардын бири жана тендер комиссиясынын мүчөсү Нурбек Алимбеков  чечим бир добуштан кабыл алынганын «Клоопко» айтты. Анын айтымында, комиссия «Веганын» бардык документтерин текшерип, эреже бузуу тапкан эмес.

«[“Вега” компаниясынын] баасы эң төмөн болчу. Ошондуктан чечим кабыл алынды. [Ал эми “Веганын” чалгын жабдыктарын өндүрүшү боюнча суроого] мен жооп бере албайм. Техникалык жаатта ишти Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жүргүзөт», — деди Алимбеков.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) жеңүүчү аныкталган деген маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, азырынча тендердик комиссиянын чечими чыга элек, бирок, балким МТБМК аны ала элек болушу мүмкүн.

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендердин өзү 4-сентябрда өткөн. Тендер учурунда «Вега» эң төмөн баа, тагыраагы камера орнотуу үчүн 2,3 млрд сом сунуштап, жеңүүчү деп жарыяланган. Бирок жеңүүчү жөнүндө акыркы чечимди тендер комиссиясы чыгарышы керек болчу.

«Вегадан» тышкары, тендерге «Альфа Телеком» («Мегаком») мамлекеттик байланыш оператору жана «Маалыматтык системаларынын коопсуздугу» ишканасы катышкан.

МТБМК Бишкектин 38 кесилишинде камера орнотуунун баасын 2,5 млрд сомго баалаган. Бийлик борбор калаадан тышкары, камераларды Бишкек — «Манас» аэропорту, Бишкек — Кемин, Бишкек — Чалдыбар жана Бишкек — «Ак-Жол» көзөмөл өткөрмө бекетине барчу жолдорго орнотууну пландоодо.

Бийлик беш жылда «Коопсуз шаар» долбоорунан жолдордогу өлүмдөрдүн санынын кыскарышын, айып пулдан түшкөн акча жыйымдарынын (18 пайыздан 32 пайызга чейин) өсүшүн жана эреже бузуулардын эки эсе кыскарышын күтүүдө.

Материалды жарыялоо учурунда МТБМКнын башчысынын орун басары жана тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемиров менен байланышууга мүмкүн болбоду.

«Вега» жөнүнүндө эмне белгилүү?

«Вега» концерни 2003-жылы түзүлгөн. Буга чейин концерн 1944-жылы учак радиолокациялык системаларын куруу үчүн негизделген №17 Борбордук конструктор бюросунун бир бөлүгү болгон.

«Вега» бүткүл тарыхында аскердик буйрутмалар менен авиациялык, космос комлекстерин, учкучу жок учуучу аппарат комплекстерин жана радиолокациялык станцияларды куруу багытында иштеген.

Ошентсе да ишкананын сайтында жарандык колдонуу үчүн да буйрутмалар бар. Мисалы, медициналык техника, компьютердик программалар жана видео байкоо системалары.

Буга караганда «Вега» Бишкекте «Призма» видео байкоо же ага окшош системаларды орнотушу мүмкүн. Ишкананын сайтында «Призма» системасы «келе жаткан жана кетип жаткан автоунаалардын ылдамдыгын жана убакыт аралыгын ченөөгө багытталган» деп айтылган.

Ишкана система күн батареялары менен жабдылгандыктан электр энергиясыз иштейт деп ырастоодо. Камерадагы маалыматтарды өткөрүү үчүн волокон оптикалык линияларды тартуунун кереги жок, себеби алар интернет аркылуу жөнөтүлөт.

Жабдууну 25 мүнөттө орнотуп койсо болот жана ал бир эле убакта 16 HD камераны колдой алат.

«Веганын» башкы директорунун орун басары Сергей Калмыков 4-сентябрда эгер Орусиянын концерни «Коопсуз шаардын» жеңүүчүсү болуп калса, компания Кыргызстандын жолдоруна «иновациялык жана жогору натыйжалуу» камераларды мөөнөтүн кечиктирбей орнотуп берээрин убада кылган.

Коопсуз шаар

«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин ою боюнча, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтарды онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул долбоордон аткаминерлер коррупциянын төмөндөшүн жана мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүнүн жогорулашын күтүүдө.

2018-жылы январь айында кыргыз өкмөтү Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен шаардын көчөлөрүнө камераларды орнотуу боюнча келишим түзгөн. Бирок, белгиленген убакытка карабастан камераларды орнотуу жана ишке киргизүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.

Жыйынтыгында бийликтегилер «Хуавэй» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу түрдө бузгандыгын айтып чыккан. Бул маалыматтан кийин өкмөттөгүлөр «Коопсуз шаар» долбоорун өз күчү менен ишке киргизээрин билдиришкен.

Буга карабастан Бишкекте төрт камера орнотулган. Алар сыноо тартибинде иштеп турган учурда 114 миң эреже бузууну каттаган.

Авторлоштору: Элдияр Арыкбаев, Рустам Халимов