Сүрөт: Элеонора Сабатарова/ЖАМК

23-сентябрь күнү кечинде фейсбукта оппозиционер Өмүрбек Текебаев жүрөгү кармап кайтыш болуп калгандыгы жөнүндө маалымат тарап кеткен. Бирок ошол эле күнү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова саясатчы отурган №47 түзөтүү абагына барып, Текебаев тирүү экенин билдирген.

«Мен аны камерадан сүрөткө тартпайын деп эшикке чыктык. Мен аны менен сүйлөшүп, коомдук желеде анын “кайтыш болуп” калгандыгы боюнча кептер жүрүп атканын айтсам, ал таң калды. Ал ден соолугуна даттанган жок, дары-дармек ичип жатат. […] Биздин абактар лагерь түрүндө, силер алар кинодогудай темир тор артында отурушат деп ойлобогула», — деди Сабатарова «Клоопко».  

Сүрөт: Элеонора Сабатарова/ЖАМК

2017-жылы ноябрда Жогорку сот оппозиционерди сегиз жылга кескен. Бирок ага карата мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп турган кезде «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп берүү үчүн орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алган.

Текебаев өзүнө каршы ишти саясий деп эсептейт. Ал эми Текебаевге карата айыптар саясатчы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сындай баштагандан кийин тагыла баштаган.