Мурдагы жана азыркы президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстандын экс-президенти жана Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев өз башкаруусу учурунда кадр саясатында болгон каталарды моюнга алып, качандыр бир кезде өлкөдөгү эң таасирлүү партиянын ичиндеги ырктын кеткени жөнүндө айтып чыкты.

Атамбаевдин билдирүүсү 25-сентябрда КСДПнын 25 жылдыгына карата чыкты. Анда ал партиянын ичидеги ырксыздык менен каталарды моюнга алган.

«Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Бирок, ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманатты кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат!» — деп билдирген ал.

Атамбаев ошондой эле, азыр партия «тазаланып» жаткандыгын айтып, бул процессти «өзгөчө оор» деп атаган. Анын айтымында, КСДПнын парламенттеги депутаттары партияны бөлүп, жаманатты кылганга аракет жасашууда.

«Ошондуктан биз бүгүн партиянын ишин тереӊ талдап, жетишкендиктерди ойдон сыдырып, кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тескерисинче, ушул оор шарттарды пайдаланып биз “уйгактардан”, мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алышыбыз керек!» — деп билдирген мурдагы президент.

Бул эмне үчүн маанилүү? Иш жүзүндө бул Атамбаевдин КСДПда бөлүнүү болгону тууралуу алгачкы билдирүүсү. Партиянын ичиндеги араздашуулар жөнүндө экс-президенттин үстүбүздөгү жылдын мартындагы билдирүүсүнөн кийин байма-бай айтыла баштаган. Анда ал жаңы өлкө башчысын, тагыраагы өзү колдогон Сооронбай Жээнбековду, сынга алган. КСДПдагы ыктымал ажырым тууралуу «Клооп» ушул жылдын май айында да жазган, бирок анда КСДПнын депутаттары менен саясий кеңештин мүчөлөрү партияда ажырым жок экенин, бирок ырксыздык бар экенин билдиришкен.

КСДП кыргыз парламентинде көпчүлүк оорунду, тагыраагы 120 орундун 38 орунун, ээлейт.

Эки саясатчынын араздашуусунун шартында КСДПнын парламенттеги депутаттары эки жаатка бөлүнүп кетишкен. Кээ бири Жээнбековду, ал эми башкалары, анча көп эмес бөлүгү, Атамбаевди колдоп кетишкен.

Бул пикир келипшпестиктер 2018-жылы жайында парламенттеги социал демократтардын көпчүлүгү Атамбаевге жакын адамдардын, тагыраагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жана премьер-министр Сапар Исаковдун оставкасын колдоп беришкен учурда белгилүү болуп калган.

Жайында КСДПнын Бишкек шаардык кеңештеги депутаттары Атамбаевге жакын дагы бир саясатчы Албек Ибраимовдун кызматтан кетиши үчүн добуш беришкен.

Жыл башынан бери мамлекеттик түзүмдөрдөн Атамбаевге үзөңгүлөш деп эсептелген аткаминерлер кызматтан алынып, алардын айрымдарына карата кылмыш иштери козголгон.

Азыр Исаков, Ибраимов, Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов, андан тышкары, экс-энергетика министри жана депутат Осмонбек Артыкбаев абакта жатышат.