Орусиянын ИИМи өзүнүн кыргыз кесиптештерине «Веганын» камералары оор жүк унааларынын ылдамдыгын жогору көрсөтүп, андан тышкары, электр энергиясынын чукул оош-кыйышынан улам өчүп калып аткандыгы айтылган кат жөнөткөн. «Веганын» өкүлдөрү «бардык кемчиликтерди эске алдык» жана Кыргызстанда камералар «үзгүлтүксүз» иштеп берет деп айтышууда.

«Коопсуз шаар» тендери боюнча Орусиянын «Вега» коргонуу концернинин жеңишин «Маалыматтык технологияларынын коопсуздугу» «(МТК)» фирмасы талашууда. Ал конкурска катышуу үчүн мамлекеттик «Кыргызтелеком» компаниясы менен бириккен.

«МТК» Мамлекеттик сатып алуулар департаментине караштуу көз карандысыз комиссияга кайрылып, тендерди утуп алган компаниянын Орусияда орноткон камералары автоунаалардын ылдамдыгын туура эмес аныктаганы көрсөтүлгөн документти тапшырды.

Орусиянын Ички иштер министрлиги кыргыз ИИМне жазган катында Ульянов жана Тверь облустарында орнотулган «Веганын» камераларында бирдиктүү көйгөйлөр бар экенин, алар оор жүк унааларынын ылдамдыгын жогорулатып көрсөтөөрүн билдирген.

Ульянов облусунун полициясы «Веганын» камералары облуста айрым жол эреже бузууларын катттабаганына нааразы. Алар жолдун каршылаш тилкесине чыгуу же коомдук транспорттун сызыгынан айдоону каттабайт.

Тверь облусунун полициясы билдиргендей, «Вега» өндүргөн камералар электр энергиясынын чукул өзгөрүшүнө чыдабай иштен чыгып калат.

Тверь жана Ульянов облустарынын полициясы «Веганын» камераларындагы маалыматтарды Орусияда дагы бир камера чыгарган Simicon компаниясынын «Кордон» камераларынын маалыматтары менен салыштырган. Натыйжада «Веганын» камералары «Кордондун» камераларына салыштырмалуу жол кыймылынын эрежесин бузган автоунааларды аз каттаары белгилүү болгон. Андан тышкары, «Вега» компаниясынын Тверь облусундагы камералары реалдуу ылдамдыкты 4-5 км/с жогору көрсөтөт.

Ошондой эле, «МТК» конкурстук документте «Веганын» тажрыйбасы тастыкталган эмес деп ырастоодо. Конкурска ылайык, компанияда соңку үч жылда 10 млн долларга түзгөн келишим болушу шарт.

Бирок «Вега» документтердин «жашыруундугуна» таянып, бул маалыматтарды көрсөткөн эмес.

«Вега»: «Биз бардык кемчиликтерди эске алдык»

Ишкананын коммерциялык директору Сергей Калмыков чындыгында «Веганын» Тверь жана Ульянов облустарындагы камераларында кемчиликтер болгонун мойнуна алды, бирок аларды, анын айтымында, жоюшкан.

Калмыков 4-октябрда журналисттер менен жолугушууда Кыргызстанда камералар «үзгүлтүксүз» иштеп берет деп убада кылды.

«Биз бардык кемчиликтерди эске алып, программалык камсыздоону толуктап иштеп чыктык. Кыргызстанда киргизүү үчүн сунушталып жаткан учурдагы версияда [камераларда жана программалык камсыздоодо] бул кемчиликтер жок. Алар [кемчиликтер] жоюулду», — деп билдирди Калмыков.

Андан тышкары, Калмыков «Веганын» айрым документтери мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланбаганын, анткени аларда «жабык типтеги иштеп чыгуулар» боюнча маалыматтар бар экенин кошумчалады.

«Дал ошол [жашыруун] иштеп чыгуулар шаймандын өзөгүнө колдонулду. Бул нейро түйүн жана башкалар. [...] Биз бул маалыматтарды өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында гана өткөрүп берүүгө даярбыз», — деди Калмыков.

«Веганын» камералары жөнүндө эмне белгилүү?

Компания камераларды 2016-жылы чыгара баштаган. Калмыков түшүндүргөндөй, жол кыймыл эрежелерин бузуу фактыларын катто боюнча камералар — бул компаниянын жаңы багыттарынын бири.

Калмыковдун айтымында, коргонуу концерни «Линукс» операциялык системасынын жардамы менен иштеген энергоэффективдүү камераларды иштеп чыккан, өз кезегинде бул аларды вирустар менен алсыратуудан корголгондугун айгинелейт.

«Ошондой эле “Линукстун” базасында нейро тармак иштеп чыктык — ал өзүн-өзү окутканга жөндөмдүү болуп, камераларга ылдымдыкты, транспорт каражатынын тибин, мамлекеттик номерин жана эреже бузууну каттоого мүмкүндүк берет», — деди Калмыков.

«Веганын» камераларынын экинчи өзгөчөлүгү — алар электр энергиядан көз каранды эместигинде. Калмыковдун айтымында, «Веганын» камералары күн жана шамал энергиясы менен иштей алат. Демек бул аларды электр чубалгаларын жеткирүү чоң каражатты талап кылган жол аймактарына орнотууга болоорун билдирет.

«Ал жерлер [коопсуздук камералары] менен камтылбай калган. Ошондуктан андай жерлерде кырсыктар жогору болуп, жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер чечилбей калып калат. А биз бул маселени чечтик», — деп түшүндүрдү Калмыков.

Азыр «МТКнын» «Веганын» үстүнөн берген арызын көз карандысыз комиссия карап жатат. Ал өз чечимин ушул аптада чыгарууну мерчемдөөдө.

«Коопсуз шаар» долбоору

«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин ою боюнча, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтарды онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул долбоордон аткаминерлер коррупциянын төмөндөшүн жана мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүнүн жогорулашын күтүүдө.

2018-жылы январь айында кыргыз өкмөтү Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен шаардын көчөлөрүнө камераларды орнотуу боюнча келишим түзгөн. Бирок, белгиленген убакытка карабастан камераларды орнотуу жана ишке киргизүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.

Жыйынтыгында бийликтегилер «Хуавэй» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу түрдө бузгандыгын айтып чыккан. Бул маалыматтан кийин өкмөттөгүлөр «Коопсуз шаар» долбоорун өз күчү менен ишке киргизээрин билдиришкен.

Буга карабастан Бишкекте төрт камера орнотулган. Алар сыноо тартибинде иштеп турган учурда 114 миң эреже бузууну каттаган.