Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын шаарында «Газпром» компаниясы курган спорт комплекстин ачылышында волейбол тобун кантип өткөрүү керектигин көрсөтүп, топко кол жазмасын калтырды.

Президент Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында спорт комплекстин ачылышына катышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, өз сөзүндө «Газпром» менен Орусияны мактады.