Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чын болушу ыктымал чыгымдары тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышын өзүнүн жакын үзөңгүлөшү Икрам Илмияновдун камакка алынышы менен байланыштырды.

Атамбаев бул тууралуу «Апрель» телеканалына курган маегинде айтып, анын фрагменти 18-ноябрда жарыяланган.

Журналисттин Жээнбековдун шайлоо штабына байланыштуу документ эмне үчүн бүгүн жарыяланды деген суроосуна Атамбаев «Менимче эгер Илмиянов камалбаганда, бул документ деле чыкпай болчу» деп жооп берген.

Экс-президент Икрам Илмияновдун камалышы менен «көмүскө кассанын» кандай байланыштыгы бар экендигин түшүндүргөн жок. Материал жарык көрөөр алдында КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Андан тышкары, Алмазбек Атамбаев «көмүскө касса» тууралуу Жээнбековдун шайлоо штабынын бухгалтерине белгилүү болгонун айтты. Маалыматка ылайык, ал акы төлөнбөөчү эмгек өргүүсүн алып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Анын себебин Атамбаев бухгалтер «өз өмүрү үчүн корккон» деп түшүндүрдү.

«Бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолуна түшүп алды. Документ тууралуу билгендер өз өмүрлөрү үчүн коркуп жатышат [...] Эгерде бул таза каражат болсо, анда эмне үчүн аларды көрсөтүшкөн жок?» — деди Атамбаев.

Экс-президент Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Икрам Илмиянов 10-октябрда Орусияда кармалып Кыргызстанга жеткирилген. Бир нече күндөн кийин ага коррупция айыбы тагылып тергөө изоляторуна киргизилген.

Илмиянов 2017-жылы шайлоо өнөктүгү учурунда Жээнбековдун штабында каржы маселелеринин үстүндө иштеген.

Жээнбековдун шайлоо штабынын «көмүскө чыгымдары» тууралуу документтин ачыкка чыгышы

Юрист Нурбек Токтакунов 15-ноябрда 2017-жылдагы президенттик жарыш учурунда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдарынын болжолдуу тизмеси көрсөтүлгөн файлды жарыялаган.

Расмий маалымыттарга ылайык, Жээнбеков шайлоого даярдык үчүн 158 млн сом короткон. Бирок Токтакунов жарыялаган маалымат боюнча, Жээнбековдун штабынын чыныгы чыгымы 1,1 млрд сомду жана 6,5 млн доллардан ашуун каражатты түзгөн — жалпысынан 24 млн доллардан ашуун акча.

Токтакунов өз маалымат булагын ачыктаган жок, бирок анын булагы Жээнбековдун шайлоо штабына «тиешеси бар болгонун» жана анын учурдагы да, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да «ирээнжип» калганын айткан. Ал эми президент Жээнбековдун администрациясы чыгымдар боюнча маалыматты «фейк» деп атап, ага карата комментарий беришкен жок.

ТЕМА БОЮНЧА: