Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында 7-ноябрда жаңгак фестивалы өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер жана тургундар катышты. Уюштуруучулар жаңгактарды жана андан жасалган азыктарды чет өлкөгө экспорттоо үчүн дыйкандарга көмөк көрсөткүсү келет.

Төртүнчү ирет өтүп жаткан фестивалды Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттиги жана Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюштурган.

Жалал-Абад облусунда жалпы 34 миң гектар жаңгак токой бар. Ал эми Арстанбап токою 608 гектар аянтты ээлеп, анда миң жылдык жаңгак дарактары бар. Жыл сайын жаңгак токойлуу Арстанбап жергесине 50 миңдей жергиликтүү жана чет элдик эс алуучулар келишет.

Сүрөттөр: автордуку
Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу