22-ноябрда «Акнет» компаниясы өз кардарларына «ишин рейдерлик басып алуу аракетинен улам токтотууга арагасыз» экенин кабарлаган. Сүрөт: Тагир Осмоналиев

«Акнет» провайдери компанияны «рейдерлик менен басып алуу» жөнүндө билдирди. Бул учурда абоненттер кабелдик теле менен интернеттин ишиндеги үзгүлтүктөргө арыздана башташкан. «Акнет» маселени чечүүнүн үстүндө иш алып барып атканын билдирди.

22-ноябрда «Акнет» компаниясы өз кардарларына «ишин рейдерлик басып алуу аракетинен улам токтотууга арагасыз» болгонун кабарлаган. Мындай билдирүү компаниянын телевизиондук тармагына кошулган сыналгылардын бетинде пайда болгон. Ошол эле күнү кечинде компаниянын кардарлары коомдук желеде интернеттин ылдамдыгынын начардыгына жана ТВ каналдардын көпчүлүгү иштебей жатканынан арызданышкан.

Мунун бардыгы «Акнеттин» борбордук кеңсесиндеги тинтүүнүн шартында болгон. Каржы полициясынын кызматкерлери компания салык төлөөдөн качып аткандыгы тууралуу документтерди издешкен.

23-ноябрга карата компаниянын ишиндеги туруксуздуктар уланган. Бишкектин Биринчи май райондук Калкты тейлөө борборунда (КТБ) системанын ишиндеги үзгүлтүктөрдүн айынан кезек күтүүлөр жаралган. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрайымы Алина Шаикова муну «Акнеттин» интернетиндеги көйгөйлөр менен түшүндүргөн.

«Акнеттин» интернети менен телевидениеси кайрадан качан жакшы иштей баштайт?

Азырынча так мөөнөтү белгисиз. «Акнеттин» техникалык колдоо кызматынан учурда үзгүлтүктөрдү жоюунун үстүндө иштеп атканынын «Клооптун» журналисттерине билдиришти.

Компанянын өкүлдөрүнүн айтымында, азыр ал резервдик каналын колдонууда.  Ошондуктан «Акнет» абоненттердин интернети жай болуп же толугу менен өчүп калышы ыктымал экенин билдирүүдө.

«Акнет» 23-ноябрда өз сайтында ишиндеги үзгүлтүктөр үчүн кардарларынын кечирим сураган кайрылуу чыгарган. Анда компания азырынча жаралган жагдай боюнча «комментарий бере албасы», бирок өз кызматтарын «толугу менен камсыздандыруу багытында» иш алып барып атканы айтылат.

Эмне үчүн «Акнеттин» кеңсесин тинтишти?

«Акнеттин» адвокаты Амантур Абдрахманов Каржы полициясынын кызматкерлери ишканага Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чемими боюнча, компаниянын кожоюндарынын биринин арызынын негизинде текшерүү менен келишкенин «Клоопко» айтып берди.

Абдрахмановдун айтымында, тинтүү жүргүзбөй деле коюшса болмок, ал эми компаниянын акционерлеринин ортосундагы талаштарды сот тартибинде чечүүгө тийиш эле.

«Компаниянын ишине [тергөө иш-чаралары] кедергесин тийгизээри айдан ачык. Анткени документтер [компаниянын] териштирүүлөрсүз, каттоосуз, көрсөтмөсүз эле алынып жатат. Аларды сумкага салып эле алып кетүүгө аракет кылышууда», — деп билдирген адвокат 22-ноябрь күнү кечинде.

«Спутник» басылмасы сотко кайрылган «Акнеттин» акционери Руслан Абдумажитов экенин жазууда. Ал басылмага курган маегинде Каржы поициясы компаниянын кеңсесине тинтүүгө өз арызынын негизинде барганын мойнуна алган. Анын айтымында, компанянын жетекчилигин реалдуу кирешелерди жашырууга шектөөдө.

Абдумажитов ырастагандай, «Акнеттин» түзүүчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновдон ага компаниянын кирешелери тууралуу отчёт сураган, бирок ал баш тартып койгон.

«Ошондо мен бухгалтердик документацияларды алуу үчүн Каржы полициясына кайрылууга аргасыз болдум. Дал ошол Ажимудинов өзү рейдерлик басып алуу тууралуу телевизиондук маалымдама чыгарган. Эч кандай басып алуу жок, процедура менин укук коргоо органдарына кайрылуума байланыштуу жүрүп атат», — деди Абдумажитов.

Каржы полициясы өз билдирүүсүндө «Акнет» өзү кабарлагандай «рейдерлик басып алуу» аракетин четке какты. Каржы полициясынын маалыматына ылайык, алардын кызматкерлери Абдумажитовдун акырында айтылган маалыматтарды далилдеп бере алгыдай документтерди издешкен.

Материал жарык көрөөр алдында «Клоопко» Ажимудиновдон комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Авторлоштору: Марат Абдыкалыков, Айдай Эркебаева, Евгения Михайлиди