Маркум Бурулай Турдалы кызынын туууганы Медициналык коллеждин имаратынын бетине тартылган портретин сүрөткө тартып жатат. Даниль Усмановдун «Клооп» үчүн сүрөтү

Бишкектин имараттарынын биринде ала качууга дуушар болгондон кийин өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын чоң сүрөтү пайда болду. Анын өлүмү коомдо чоң чуу жаратып, өлкөдөгү аялдардын укугуна карата көйгөйлөргө көңүл бурдурган.

Кыздын сүрөтү Бурулай окуган Бишкектин медициналык коллежинин жатаканасынын бетине тартылган. Стрит-арттын автору жана DOXA тобунун сүрөтчүсү Сергей Келлер жараткан эмгеги менен коомчулуктун көңүлүн гендердик теңсиздик маселесине бургусу келгенин фейсбук барагына жазган. «[Иш] коомду аялдарды жана кыздарды никеге туруу үчүн ала качуу боюнча зыяндуу адатты жоюуга багытталган», — деп жазган ал.

Бурулай май айынын аягында Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү жаран башында кызды ала качып, бирок алар кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин ал аны бычак сайып өлтүрүп, өз жанын кыюуга аркет жасаган.