Солдон оңго: Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Фарид Ниязов. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстандын эки президенти Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин администрацияларынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов «Knews» басылмасына курган маегинде экс-президент менен учурдагы өлкө башчыcsysy ортосундагы араздашуу жөнүндө айтып берди. «Клооп» Ниязовдун айткандарын мүмкүн болушунча кыска баяндап берет.

Атамбаев [президенттик кызматтан кеткенден кийин] саясатта калгысы келген деген сөздөр болбогон кеп. Атүгүл ага дагы эки жыл Коопсуздук кеңешинин жетекчилигине калууну сунушташкан, бирок ал баш тартып койгон.

Атамбаев Сооронбай Жээнбеков анын кеңештерин угат деп ишенген. Алар дос катары кезигип жүрүшкөн. Атамбаев өз ордуна келген президент аны укпай атканын көрүп, ачык эле [31-мартта съездде Жээнбековдун дарегине] сын пикирин билдирген.

Башкы прокурор, УКМКнын башчысы жана премьер-министр алмашкандан кийин Жээнбеков өз жолу менен баратканы белгилүү болду. Май айында Атамбаев өз ордуна келген өлкө башчысына кандайдыр бир кеңеш берүү аракеттерин токтотуп, диалогго барууга даяр болчу. Ал эми Жээнбеков муну алсыздык катары кабылдап, Атамбаевди жакындарын куугунтуктоо аркылуу өлкөдөн «чыгарып» салууга аракет жасаган. Башкы коррупционерлердин бардыгы мамлекеттик ишчараларда ардактуу конок болушуп, ал эми Атамбаевдин тарапкерлери Жээнбековго жооп кайтарууну талап кылышкан.

Атамбаев болсо үндөбөй, президентке жолтоо болбогонго аракет кылган. Атамбаевдин Жээнбековдун дарегине айткан сын пикрилери учурдагы президенттин интервью беришине түрткү болуп, Жээнбеков өзү кайра мурдагы президентке карата сын айткан.

Контекст: 2018-жылы мартта Атамбаев КСДПнын съездинде өз учурундагы коррупцияга каршы күрөш начар болгон деп айткан сөзү үчүн учурдагы президентти сынга алган. Атамбаевдин айтымында, бардык ири коррупцияга каршы иштер өзүнүн учурунда башталган.

Эки саясатчынын араздашынын шартында Жээнбеков Атамбаевдин тарапкерлерин жогорку кызматтардан бошоткон: УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди, башкы прокурор Индира Жолдубаеваны жана премьер-министр Сапар Исаковду. Анын артынан Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө карата коррупциялык иштер менен камакка алуулар жүргүзүлгөн. Экс-президент бул камакка алууларды «аңчылык» деп атаган.

Низовдун интервьюсун толугу менен «Knewsтун» сайтынан окуй аласыз.