Бир нече сааттан кийин Кыргызстан курама командасы Азия Кубогундагы биринчи футболдук матчын ойнойт — алгачкы оюнунда Кытай менен кез келишет. «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер, бул эмне турнир экенин жана футболго берилбегендер үчүн дагы турнир эмнеси менен кызыктуу болоорун түшүндүрүп берди.

Маанилүү маалымат: Кыргызстан Кытай курама командасына каршы оюнунда 1:2 эсебинде утулуп калды

Бул эмне болгон турнир?

Азия Кубогу — бул Азия континентиндеги улуттук курама командалар арасындагы эң барктуу турнир болуп саналат. Эгер футбол боюнча түшүнүгүңүз жок болсо дагы, Евро-2016 же Евро-2012 турнирлери тууралуу уксаңыз керек. Ал эми Азия Кубогу — бул ошол Евронун Азиядагы аналогу.

Эмнеге Кыргызстан бул турнирде биринчи жолу катышып жатат?

Азия Кубогунун негизги — финалдык — бөлүгүнө бардык 47 Азия курама командасы эмес, 24ү гана өтөт. Андыктан, турнирге чейин тандап алуу оюндары өткөрүлөт. Бул оюндар узакка чейин созулат — бул жолу 2015-жылы эле башталган.

Ал оюндарда жалпысынан Кыргызстан командасы 14 оюн өткөрүп, 2018-жылдын мартында Мьянма курама командасын 5:1 эсебинде утуп алып, Азия Кубогунда ойноого жолдомо алды.

Кыргызстан курамасы Мьянманы утуп, Азия Кубогуна өткөнүнө кубанып жаткан учуру. Инчон, Түштүк Корея, 2018-жылдын марты

Биз кимдер менен беттешебиз? Бул турнирдин форматы кандай?

Азия Кубогуна өткөн 24 курама командалар Бириккен Араб Эмиратына келишкен. Алар алты топко бөлүнүп, ар бири төрт командадан турат. Алгач ар бир команда топтогу каршылаштары менен беттешишет. Жеңиш үчүн 3 упай берилсе, тең чыгууга — бир, жеңилүүгө — нөл упай берилет.

Финалдын ⅛ бөлүгүнө өз группаларында биринчи жана экинчи орундарды алган командалар өтөт. Мындан тышкары, үчүнчү орунду ээлегендердин арасында мыкты делген төрт курама бул оюнда ат салышууга мүмкүнчүлүк алат.

Бул беттеште жуп боюнча бөлүнгөн курамалардын жеңилгени оюндан чыгарылат. Жеңгендер чейрек финалга өтүшөт. Ушундай жобо менен улана берет да финалда эң мыкты эки команда жолуп, турнирдин жеңүүчүсү Азиянын чемпиону аталат.

Кыргызстан курамасы Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин командалары менен бир группага туш келген.

Биринчи оюнда кыргыз футболчулары Кытай курамасы менен кезигишет, матч бүгүн Бишкек сааты боюнча 17:00до башталат. Кыргызстан Түштүк Корея менен 11-январда, Филиппин менен 16-январда жолугат.

Бул оюндарды кайдан көрсө болот?

Азия Кубогунун бардык матчтарын КТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт. Эгерде башка күйөрмандар менен бирге көрөм десеңиз, оюндардын эң массалык көрсөтүүлөрүн жаңы «Дордой Плаза» менен «Асанбай-борборунда» уюштурушат.

Кыргызстан курамасынын футболкасына ээ болгуңуз келсе — дал ушул форманы тигип чыгарган Joma фирмасынын расмий дүкөндөрүнөн же Fanat.kg дүкөндөрүнөн сатып алсаңыз болот.

Кыргызстан курама командасынын ⅛ чейрек финалына чыгуу мүмкүнчүлүгү кандай?

Кыргызстан жагымсыз тайпага түшүп калды. Түштүк Корея курамасы — бул акыркы дүйнө чемпионатында немистерди утуп алган команда. Анын курамында англиялык «Тоттенхэмде» ойногон Сон Хын Мин бар — ал дүйнөнүн күчтүү турнирлерине катышат. Туура төрт жума мурда эле УЕФА Чемпиондор Лигасында испандык «Барселона» командасына каршы ойногон.

(Чынында жакшы жаңылык да бар — Кыргызстанга каршы оюнда Сон талаага чыкпайт, анткени «Тоттенхэм» оюнчуну Азия Кубогунун жарымынан гана кое берди.)

Сон Хын Мин «Тоттенхэмдин» формасында.

Кытай курамасын белгилүү тренер Марчело Липпи машыктырып келет — анын тушунда 2006-жылы Италия дүйнө чемпиондугун жеңген.

Филиппин курамасынын футбол тарыхында алгылыктуу жетишкендиктери жок болсо да, швед тренери Свен-Йоран Эрикссонду жалдаганга каражат тапкан. Ал эми дарбазасын Англиянын премьер-лигасынын “Кардифф Сити” клубунда ойногон Нил Этеридж коргойт.

(Дагы бир жакшы жаңылык бар — Кыргызстанга каршы беттешти Этеридж өткөрүп жиберет. “Кардифф Сити” клубу аны турнирдин башталышына гана катышууга жөнөткөн)

Кыргызстандын жетишкендиктери анчейин көп эмес, биз буга чейин маанилүү эч бир турнирди жеңген эмеспиз. Бирок кыргыз футболчулары Азия Кубогуна тандап алуу оюндарында 2015-жылы Бишкекте өткөн матчта Иорданияны жеңип алып таң калтырган, биринчи жолу Тажикстанды коноктогу беттеште утуп калган, акыркы алты жылдын аралыгында жалпы эле кураманын деңгээли жогорулаган.

Тандап алуу баскычында Антон Землянухин Тажикстан курамасына чабуул жасап жаткан кези.
Александр Крестинин
Виталий Люкс
Павел Матяш
Бахтияр Дүйшөбеков