Оорукананын учурдагы көрүнүшү. Сүрөт: Самара Алимбекова/Kloop.kg

Ош шаарына Кытай өкмөтүнүн каржылоосу менен 150 орундуу заманбап оорукана түштү. Каражатты гранттык негизде Кытай Эл Республикасы бөлүп берген. Мэрия 2018-жылдын июль айында бейтапкана 99 пайызга курулуп бүткөнүн маалымдаган. Анын ачылышы жай мезгилинде өткөрүлмөк. Эмне үчүн оорукана пайдаланууга берилбей жатат?

2016-жылдын октябрында шаардын Ак-Тилек кичирайонуна жаңы оорукана салына баштаган. Бейтапканын курулушун Кытай Эл Республикасы каржылап, ага гранттык негизде болжолдуу 1 млрд 830 млн сом (181 миллион юань) бөлгөн. Ал эми курулуш иштери толугу менен 2018-жылдын май айында жыйынтыкталмак.

Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров оорукананын ачылышы анын айланасы тосулуп, бак-дарактар тигилип жашылдандыруу иштери бүткөндө өтөөрүн билдирди. Ал учурда тосмону орнотуу иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалап, оорукана январдын аягында пайдаланууга берилээрин айтты.

«Бүгүнкү күндө оорукананын өзүнүн курулуштары толугу менен бүткөн. Оорукана даяр, жарыктандыруу, жылытуу системалары бардыгы иштейт. Тосмонун пайдубалдары куюлуп бүттү, эми темирден тор орнотулат. Андан кийин бак-дарактар тигилип, көрктөндүрүү иштери жүрөт», — деп түшүндүрдү ал.

Мэриядан маалымдашкандай, Кытай гранты оорукананын курулушун каржылаган. Анын айланасын тосуу жана жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бийлик каражатты өзү тапкан.

Бейтапканада үч кабаттан турат. Ал күн сайын 200гө жакын кишини кабыл алып, 150гө жакын оорулууну жатак орун менен камсыздай алат. Имарат административдик, амбулатордук жана стационардык бөлүктөн турат.

Бул өлкө эгемендик алгандан кийин Ош шаарында курулган алгачкы бейтапкана.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы