©UNICEF Kyrgyzstan/by Vlad Ushakov/2008

Материал Кыргызстандын Дата мектебинин өнөктөштүк долбоорунун алкагында жарыяланат жана «Клооптун» редакциялык материалы болуп эсептелбейт.

Эмдөөдөн баш тартууга интернет булактарындагы терс маалыматтар себепкерби? Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматтарында вакциналар дүйнө жүзү боюнча жылына эки миллиондон үч миллионго чейин, күн сайын он миңге жакын адамдын өмүрүн сактайт жана миллиондогон адамдарды оорулардан жана майыптыктан коргойт деп белгиленип жүрөт.

Бирок мындай маалыматтар калктын калың катмарына жетпегендиктенби акыркы убактарда бир топ сайттарда эмдөөдөн баш тарткан жарандар көбөйүп жаткандыгы боюнча маалыматтар жайнап кетти.

Макаланын авторлорунун көбү маалымат берүүчүнүн пикирине таянып, баш тарткандардын көбүн диний көз карашты тутунгандар түзө турганын белгилеп кетишкен.

Бирок себептери толук айтылган эмес. Биз ушул маселеге кызыгып, Нарын облусунда жагдай кандай экенин иликтеп көрдүк.

Эмдөө иштери Кыргыз Республикасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен алдын алуучу эмдөө календарынын алкагында 11 инфекцияга (кептөөр, тырышма, көк жөтөл, кургак учук, эпидемиялык тепки, "В" вирустук гепатити, полиомиелит, кызылча, кызамык, ХИВ-инфекциясы) каршы жүргүзүлүп келет.

Бул иштер адам организминде активдүү иммунитет пайда кылуу үчүн жүргүзүлүп, ишке ашууда. Эмдөө календарында көргөзүлгөндөй бала төрөлгөндө гепатит, ооруканадан чыгарда кургак учук оорусуна каршы эмдөөдөн өтүшөт.

Андан кийин 2, 3,5 жана 5 айында, 16 жаштан кийин ар 10 жылда бир 56 жашка чейин кайталап эмдөөлөр жүрүп турат.

Нарын облусунда эмдөөлөр үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, фельдшердик-акушердик пунктарда жүргүзүлүп келет. Аларды тийиштүү вакциналар менен Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору камсыздап турат.

Аталган борбордун иммунологу Гүлай Дулатова вакциналар атайын жайда үч айга жете тургандай өлчөмдө жогорку талапта сакталып, ай сайын аймактардагы медкызматкерлерге берилип турарын айтты.

«Эмдөөнү бардык эле медкызматкерлер жүргүзө бербейт. Атайы окуудан өтүп, сертификатка ээ болгон медайымдар гана жүргүзүшөт. Алардын баары вакцина сактоочу муздаткыч, атайы ташып жүрө турган термосумкалар менен камсыз болгон.

Керектүү вакцина менен камсыз болуу үчүн калктын санына жараша республикалык эмдөө профилактикалык борборуна билдирүү жөнөтөбүз. Алар бизге керектүү дары-дармектерди беришет. Биз район, шаарга бир айга жеткидей кылып берип турабыз.

Элдин баары вакцина бекер келет деп ойлошот. Калктын саламаттыгы үчүн мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын жана эл аралык уюм ЮНИСЕФ менен түзүлгөн келишимдин негизинде дарылар сатылып алынып келинет.

Эгерде эмдөөнүн зарылчылыгы болбосо чоң суммадагы каражат жумшап, убарачылыкты эч ким тартпайт болчу.

Мисалы, кургак учукка каршы 1500 доза вакцинабыз эле 45 880 сомго, беш милимметрлик 200 баш атайы шприц 2500 сомго алынып келинген. Вакцинанын баары баасы, саны көрсөтүлүп бизде гана сакталат. Дарыканаларда сатылбайт.

Жарандарда оору катталбагандыктан эмдөөдөн өтпөй койсок деле болот деген ойдо болушат. Вакцинаны адамга сайганда организминде ооруларга каршы иммунитет, атайын оорулардан коргогуч зат пайда болот.

Эгер кайсы бир оору пайда болсо имунитетти төмөн эмдөөдөн өтпөгөн адамдар биринчи ооруйт. Андан кийин ал ооруну токтотуш кыйын болуп калат. Жугуштуу болгондуктан тез таркап кетиши мүмкүн.

Быйылкы жылы Нарын облусунда “Кызамык” оорусу күч алып, эмдөө жүргүзүүнүн натыйжасында ал басаңдады. Медкызматкерлердин билдиришинче оору эмдөө албаган балдар арасында катталап, кайталап эмдөө албай калгандарга жайылган.

Мисалы, Бишкек шаарынан Нарын районунун аймагына караштуу Бас-Кыя сарайында жашаган эжесине учурашканы келген үй-бүлөнүн баласы “Кызымак” менен ооруп калып, ал билбей Нарын шаарына барып-келип жүрө берип, бир топ адамдар менен байланышта болгондуктан бир учурдан 59 адамга эмдөө жүргүзүлгөн.»

Нарын шаарында эмдөө иштери беш үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жүргүзүлөт.

№5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда болгонубузда эмдөө иштерин жүргүзгөн медайым Кадыкеева Бермет Нарын шаарына убактылуу келип каттоодо турбаган жарандар деле баласын эмдетип берүүнү өтүнүп кайрылса, башкы дарыгердин көрсөтмөсү менен эмдөө жүргүзүлөрүн айтып, быйыл “Кызамык” оорусу көбүрөөк катталгандыктан баш тарткан адамдар дагы балдарын эмдетүүгө аргасыз болгонун маалымдады.

«Медайым болуп иштегениме 20 жыл болду. 17 жылдан бери эмдөө иштери менен алектенип келе жатам.

Биздин дарыгерлер тобу борбордук бөлүктө жайгашкандыктан бизге үч аймак карап, жалпы калктын саны 4626 адамды түзөт. 437 бала эмдөөдөн өтө турган болсо 17 адам балдарын эмдөөдөн баш тартышкан. Алардын айрымдарынын балдары бала бакчага, мектепке жаңы баргандыктан кайра эмдетүүдөн өтүшүп, учурда беш гана баланын ата-энеси таптакыр баш тартышты.

Булар баш тартуунун себептерин диний көз карашты кармангандыгы менен түшүндүрүштү.

Алардын оюу боюнча вакцинанын курамында чочконун каны бар, дарылар бирөөлөрдүн тапшырмасы менен бекер келет деген маалыматтарды интернет булактарынан окушуп, бирөөлөрдөн угушкан экен.

Биз канчалык түшүндүрсөк дагы көнүшкөн жок. Айрым диний көз карашты кармангандар деле өздөрү келип балдарын эмдетүүдөн өткөрүштү. Кандай себептерден улам айрымдары эмдөөдөн баш тартып жатышканын түшүнбөй койдум».

Эмдөө бардык эле балдарга жүргүзүлө бербестигин, дарыгерлер карап чыгып уруксат бергенден кийин гана эмдөө болорун айткан №5 ҮДТнын медайымы Дунканаева Гүлжан буларды кошумчалады.

«Азыркы убакта көбүнчө жаш энелердин кыйналып төрөгөнүнөн балдардын баштары кысылып, же дарыгерлер жакшы карабай койгонунан энелер өздөрү төрөп наристе көпкөк болуп түшүп, анын айынан ден соолуктары калыбында болбой калууда.

Невропатологдордун көрсөтмөсүнүн негизинде биз андай балдарга убагында эмдөө жүргүзө албайбыз. Ошонун кесепетинен айрым балдарга эмдөө кечигип жүргүзүлүп калып жатат.

№5 ҮДТнан балдарын эмдетүүгө каршылыгын билдирген ата-энелер баш тартуунун себептерин диний көз караштан улам эмес вакцинанын курамында зыяндуу зат бар деп интернет булактарынан окушкандыктан балдарын эмдеткилери келбегендигин, эгер ооруп калса жоопкерчиликти өз моюндарына ала тургандыгын билдиришкен түшүнүк каттарын жазып калтырып кетишкен.

Мына ушуга окшогон себептерден улам баласын эмдетпей жаткандыгын билдирген Калыс аттуу адам менен байлашканыбызда ал төмөндөгүчө оюн билдирди».

«Биз үй-бүлөбүз менен диний көз карашты тутунабыз. Биринчи баламды эмдеткем. Кийинки эки баламды эмдеткен жокмун. Анткени Ютубдан, Фейсбуктан вакцинанын курамында чочконун эти бар.

Адам ден соолугуна терс таасирин тийгизген заттар болгондуктан эмдөөдөн өткөн айрым балдар ээлирип жаткандыгын көргөзгөн видеолор жайнап чыгып кетти.

Кээ бир вакцинаны чыгарган фирмалар ар кандай вирустарды дарынын курамына кошуп, дүйнө жүзүнө жайылтып, ага каршы дары жасап чыгарган болуп, акча иштеп жатышат деген маалыматтар жүрөт. Ушуларды окуп, көрүп алып кооптонуп калдым. Ошондон кийин балдарымды эмдеткенди токтоттум».

Иммунолог Гүлай Дулатованын бизге берген маалыматында Нарын облусу боюнча балдарын эмдетүүдөн 273 адам баш тарткан.

Бул көрсөткүч 2016-жылы 40, 2017-жылы 126 адамды түзгөн. Жогорудагы 273 адамдын ичинен 268и диний көз караштагы, бешөө ар кандай себептерден улам баш тарткан деп көргөзүлгөн.

Булардын ичинен Ат-Башыда 45, Ак-Талаада 17, Жумгалда 66, Кочкордо тогуз, Нарын районунда 45 жана эң көп Нарын шаарында 91 адам балдарын эмдетишкен эмес. Жогорудагы сандар көргөзгөндөй Нарын облусунда акыркы үч жыл аралыгында баш тарткандар арасында кескин 2,5 эсе өсүш болгон.

Мунун себебин иликтеп, жеке сурамжылоолорду жүргүзүп көргөнүбүздө баш тарткан адамдардын 268и диний көз карашты тутунушканы менен алардын көбүнүн балдарын эмдетүүдөн баш тартууга башкы себеп жогоруда Калыс аттуу жаран айткандай интернет булактарындагы тескери маалыматтар себеп болгон.

Көбү вакцинанын курамында адам ден соолугуна зыян келтире турган заттар бар деген маалыматтардын, ошондой эле динге туура келбеген арам заттар (чочконун эти) камтылган деген терс пикирлерден улам артка чегинүү жасашкан.

Ал эми вакциналар аркылуу вирус тарап жатат деген ойлорго медицина кызматкерлери:

«Калктын 96 пайызы эмдөөгө тартылат. Эгер вакцинанын курамында вирус болгондо канчалаган адам өлүмгө учурамак. Тескерисинче ЮНИСЕФтин изилдөөсү боюнча дүйнө жүзүндө эмдөөнүн натыйжасында беш жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны азайган», — деген жоопторду беришти.

Вакцинанын курамы, пайдалуулугу тууралуу Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Жолдош Калилов "Азаттыкка" берген маегинде мындайча оюн билдирген экен.

«Вакциналар илимий жактан изилденип такталып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уруксаты менен гана жер-жерлерде эмдөө жасалат. Анын курамында адам организмине терс таасирин тийгизе турган эч кандай зат жок.

Курамында микровдорду алсыздандыра турган гидроскалимюний, таксиндерди тазалаш үчүн консервант деп коёт ошолорду кошушат. Туруктуулугун кармап туруш үчүн хлорлонгон магний кошулат.

Вакциндердин бардыгын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уруксаты менен эл аралык тендерге катышкан фирмалар жасап чыгарышат. Кыргызстанда дары-дармек менен камсыздоочу департамент вакцинанын химиялык, физикалык курамын текшерет.

Бүгүнкү күндө шал оорусуна каршы медицинада дары жок. Эгерде бала шал оорусуна чалдыга турган болсо, ал келечекте майып болот. Эмдөөнүн натыйжасында 1993-жылдан бери шал оорусу каттала элек.

Статистикалык маалыматтарга таянсак Кыргызстанда 1993-жылдан бери шал оорусу, ымыркай балдарда кургак учук менингити, ымыркайлардын тырышмасы, бир жашка чейинки балдар арасында "В" вирустук гепатитинин оорулары, 8 жылдан бери кептөөр оорулары катталбайт.

Көк жөтөл оорулары 100 миң адамга 2 учурга чейин, эпидемиялык тепки оорулары 100 миң адамга 4 учурга чейин азайган. Вакцина башкаруучу инфекциялардан болгон өлүм учурларына жол берилген эмес.

Демек, медициналык маалыматтарга караганда вакцина адамдарга жугуштуу ооруларды жайылтпай алдын алып калгандыгы менен пайдалуу.

Ошондуктан интернет булактарында зыяндуулугун баяндаган пикирлерге чекит коюлуш үчүн көпчүлүк жарандар белгилегендей эл аралык фирмалар вакцинаны кантип даярдашат, курамында эмне бар, адамга зыяны жок экенин көргөзгөн видео роликтерди тартып, ошол эле интернет булактарынан, теле берүүлөрдөн көргөзүү зарылдыр. Антпесе мындай ача пикирлер дайыма эле өкүм сүрө берери бышык».

Эмдөө тууралуу мурдагы муфтий Чубак-ажы Жалилов дин кызматкерлеринде эле эмес медицина тармагында эмгектенген илимий кызматкерлер арасында дагы ача пикирлер бар экендигин айтып, интернет булактарында эмдөө тууралуу оң, терс пикирлерден улам жарандар эки анжы ойдо калганын маалымат сайттарынын бирине билдирген экен.

Ал эми Нарын шаарындагы Саад Ибн Абу Баккас мечитининин баш имамы Молдокулов Эрик эмдөө тууралуу төмөндөгүчө оюн айтты.

«Балдарын эмдетүүдөн баш тарткандарды канчалык бир деңгээлде диний көз караштагы адамдар деп массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырып келет.

Мен бул боюнча изилдеп, маалыматтарды карап көрсөм динге эч бир тиешеси жок адамдар бар экенин байкадым.

Ошондуктан журналисттер тарабынан жалаң гана диний көз караштагы адамдар баш тартып жатат деп чагылдыруу адилетсиздик болуп калат деп эсептейм.

Эмдетүүдөн өткөрүү же өткөрбөө жарандардын өз ыктыяры, жеке укугу болуп эсептелет. Анткени мыйзамда милдеттүү түрдө өткөрүлсүн деп эч жерде көргөзүлбөптүр.

Биз тараптан имам болобу же диний кызматкерби мечитке келгендерге балдарыңарды эмдетпегиле деп эч кандай үгүт иштери жүргүзүлбөйт.

Тескерисинче Уламалар кеңеши ден соолукка көнүл буруу боюнча жер-жерлерде болгон жолугушууларда айтып турушат. Динде дагы дарыланууга каршы тоскоолдук жок. Ден соолук аманат экени көргөзүлгөн».

Нарын облусунда мектеп, бала бакчаларга балдар эмдөөсү жок кабыл алынбайт.

1-класска же бала бакчага жаңы кабыл алынып жаткан баланын ата-энеси баласы эмдөөдөн өткөндүгүн тастыктаган форма 63 медсправкасын көргөзүүгө тийиш.

Бул боюнча Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетовго кайрылганыбызда бардык балдар мектепке, бала бакчаларга кокус жугуштуу оору чыгып, башка балдарга жукпаш үчүн эмдөөдөн өткөрүп туруп кабыл алына турганын, аны көзөмөлдөө жагы мектеп, бала бакча жетекчилерине милдеттендирилгенин билдирди.

Ошол эле убакта орто жана жогорку окуу жайларында абал кандай экенин сурамжылаганыбызда Борбордук Азия университетинин медайымы Махабат Макешова окуу жайга тапшырып жаткан абитуренттерден сөзсүз түрдө форма 63 справкалар талап кылынарын, жыл сайын окуу жылынын башында окутуучулар, студенттер, жумушчулар медициналык кароодон өтүшүп, коңшу жана чет мамлекеттен келген студенттер СПИД, Гепатит оорулары боюнча анализ тапшырыша турганын маалымдады.

Ал эми Нарын мамлекеттик университетинин медайымы Ибраева Атыркүл учурда 16 жашка толгон студенттер эмдөөдөн өтүп жатышкандыгын, келерки жылдан баштап окууга кабыл алууда форма 63 справканы талап кылуу каралып жатканын айтты.

Жыйынтыктап айтканда “Муну эсиңен эч качан чыгарба! Эч качан кокустук деген болбойт” деп бир даанышман айткандай жугуштуу ооруларга кайдыгер карап, кол шилтеп коюу мүмкүн эмес.

Күтүүсүздөн катталган бир оорунун очогу бир канча адамга зыян келтирип коюшу мүмкүн.

Гректин улуу ойчулу Платон “Башкага бакыт көздөгөн, бакытка өзү дуушар болот” деген экен.

Ошондуктан ар бир адам жоопкерчиликти өз мойнуна алып, ден соолугуна кам көрө жүргөнү зарыл. Муну менен ал башкалардын ден соолугуна дагы корунуч жаратып алуудан оолак болот.

[totalpoll id="81537"]